-
Мен сиздерди башка бир дүйнөгө алып барууну каалап турам.
-
Жана дагы сиздерге
-
45 жылга созулган махабат окуясын бөлүшкүм келип турат.
-
Окуя күнүмдүк жашоосуна 1 доллардан кем
-
акча сарптап жашаган кедейлер менен болгон.
-
Мен Индиядагы тандалгандардын, ак сөөктөрдүн окуу жайынан
-
кымбат баалуу билимди алгам,
-
бирок ал окуу жай мени бузуп коё жаздаган.
-
Мен толук кандуу
-
дипломат, мугалим, доктур
-
болууга чамам жетмек.
-
Кийин мен аны каалабадым, бирок мен индиялык теннис оюну боюнча үч жыл узагында
-
улуттук чемпиону болгом.
-
(Каткырык)
-
Мен үчүн бүткүл дүйнө ачылган.
-
Бардыгы менин кол астымда эле.
-
Мен эч бир катачылык кетире алмак эмесмин.
-
Бир күнү мен жеке кызыгуумдан улам
-
Айылга барып, жашап, иштеп
-
деги эле айыл деген эмне экенин көрүүнү кааладым.
-
Ошентип 1965-жылы,
-
мен Индияда эң запкылуу, ачкачылыкка кабылган Бихар аймагына бардым,
-
ачкачылык, өлүм азабынан
-
кишилердин өлүп жатканын өмүрүмдө биринчи жолу көрдүм.
-
Бул менин турмушумду өзгөрттү.
-
Мен үйгө кайтып келип,
-
апама
-
"Мен айылда жашап жана эмгектенгим келет" дедим.
-
Апам эс учун жоготуп койду.
-
(Каткырык)
-
"Бул эмне дегениң?
-
Бүткүл дүйнө сен үчүн ачык, бардык жумуштар сага даяр,
-
сен болсо айылда жашап жана эмгектенем дейсиң?
-
Сенин эс акылың жайындабы деги?"
-
Мен жооп кайтардым, "Жок, мен эң мыкты билим алдым.
-
Ал билим мени ойлондурду.
-
Мен мунун акыбетин кайтарып берүүнү каалайм,
-
өзүмдүн колумдан келишинче".
-
"Сен айылда эмне кылууну каалайсың?
-
Жумуш жок, акча жок,
-
кооптуу, келечексиз жашоо".
-
"Айылда жаашагым келет
-
жана беш жыл аралыгында кудук казгым келет" деп айткам.
-
"Беш жыл кудук казасыңбы?
-
Сен Индиянын эң кымбат мектеби жана колледжине барып,
-
беш жыл кудук казгың келип турабы?"
-
Апам мени менен көпкө сүйлөшпөй жүрдү,
-
анткени ал мени үй-бүлөнүн аброюна шек келтирип жатат деп ойлогон.
-
Бирок кийин,
-
мен, кедейлер ээ болгон
-
сейрек кездешчү өзгөчө билим жана жөндөмдөргө туш болдум,
-
булар эч качан маанилүү деп таанылып,
-
өзгөчөлөнүп, урматталып,
-
жана эч бир деңгээлде колдонулбаган.
-
Ошондо мен Бэафуд Жыңайлактар Колледжин ачууну ойлодум --
-
ал окуу жай кедейлер үчүн гана колледж.
-
Кедейлер маанилүү деген нерселер
-
бул колледжде окутулмак.
-
Мен бул айылга жаңыдан келгенимде.
-
Аксакалдар мага келип,
-
"Сен полициядан качып жүрөсүңбү?" деп сурашты.
-
Мен "жок" деп жооп бердим.
-
(Каткырык)
-
"Сен экзаменден кулап калдыңбы?"
-
Мен "жок" деп жооп бердим.
-
"Сен бийликтен жумуш таппадыңбы?" Мен "жок" деп жооп бердим.
-
"Сен бул жерде эмне кылып жүрөсүң анда?
-
Эмне үчүн бул жакка келдиң?
-
Индиядагы билим берүү системасы
-
Париж, Нью Дели жана Цюрих сыяктуу жерлерди эңсеттирет;
-
сен айылда эмне кылып жүрөсүң?
-
Сенин бизге айтпаган бир көйгөйүң барбы?"
-
"Жок, мен колледж ачууну каалайм"
-
кедейлер үчүн гана,
-
Кедейлер маанилүү деген нерселер колледжде окутулат", деп жооп бердим.
-
Ошондо аксакалдар мага маңыздуу жана маанилүү кеңеш беришти.
-
Алар, "Өтүнөбүз,
-
колледжиңе кандайдыр бир билим даражадагы жана квалификацияга ээ
-
болгон бирөөлөрдү алып келбе", дешти.
-
Эми, бул Индиядагы жалгыз колледж,
-
эгер сиз илим доктору же магистр даражасынын ээси болсоңуз
-
сиз бул колледжде иштөөдөн четтеттилесиз.
-
Сиз же окуй албай калган же окуудан чыгарылган шартта гана
-
биздин колледжде иштөө үчүн келе аласыз.
-
Сиз өз колуңуз менен иштешиңиз керек.
-
Эмгекти сыйлооңуз шарт.
-
Коомчулукка сунуштай алган кандайдыр бир жөндөмүңүз бар экендигин көрсөтүшүңүз керек
-
жана коомчулукка кызмат өтөшүңүз абзел.
-
Ошентип Жыңайлактар Колледжи ишке кирди,
-
биз профессионализм түшүнүгүн кайрадан аныктап чыктык.
-
Профессионал деп кимди айтабыз?
-
Профессионал деп
-
өзүнүн бир шыгы, өзүнө болгон
-
ишеними жана келечеке ишеничи болгон айкалыштыкты камтыган адам.
-
Суу издегич адам бул профессионал.
-
Элдик аначы
-
бул профессионал.
-
Элдик сөөк даарыкер бул профессионал.
-
Булар дүйнө жүзү боюнча профессионалдар.
-
Буларды дүйнө жүзүндөгү эң алыскы айылдардан дагы таба аласыздар.
-
Мындай адамдар жалпы билим берүү системасына келип
-
алар ээ болгон билим жана жөндөмдөрүн
-
ааламдык экенин көрсөтүшү керек.
-
Ал жөндөмдөр колдонулушу керек, иш жүзүндө пайдаланылышы керек
-
алар сырткы дүйнөгө көрсөтүлүшү керек,
-
бул билимдер жана жөндөмдөр
-
бүгүн дагы талапка жооп берээри айкын.
-
Колледж
-
Махатма Гандинин турмуш жана иш жолунун негизинде иштейт.
-
Жерде олтуруп тамактанасыз, жерде жатып уктайсыз, жерде иштейсиз.
-
Эч бир келишим жок, жазылган келишимдер жок.
-
Сиз мени менен 20 жыл бою бирге болсоңуз болот, эртең кетсеңиз дагы болот.
-
Жана дагы эч ким айына 100 доллардан ашык акча ала албайт.
-
Эгер акча табууга кызыктар болсоңуз, анда Жыңайлактар колледжине келип убара болбоңуз.
-
Сиз жумуш жана маселе чечүүнү кааласаңыз,
-
анда Жыңайлактар Колледжине келиңиз.
-
Ал жерде биз сизди аракет кылат жана жаңы ойлорду жаратат деп күтөбүз.
-
Кандай гана оюңуз болбосун келип аракет кылыңыз.
-
Эгерде ийгиликке жетпей калсаңыз эч нерсе эмес.
-
Жыгылып, кооп олтуруп, сиз кайрадан иш баштайсыз.
-
Бул жер мугалим окуучу
-
ал эми окуучу мугалим болгон жалгыз колледж.
-
Жана дагы эч бир күбөлүк бербеген жалгыз колледж.
-
Күбөлүктү сиз кызмат кылган коомчулук берет.
-
Тамдын бооруна илинчү сиздин инженер экениңизди күбөлөгөн
-
кагаздын кереги жок.
-
Мына мен ушуларды айтканда,
-
алар, "Эмне мүмкүн болоорун бизге көрсөтчү кана. Сен эмне кылып жатасың?
-
Эгерде айткандарыңды тастыктай албасаң, анда ал куру сөз."
-
Ошентип Жыңайлактар Колледжи курулду.
-
1986-жылы.
-
Аны окуганды жана жазганды билбеген,
-
12 жыңайлак архитекторлор салышты.
-
Бир квадрат метрин 1,5 долларга
-
150 киши ал жерде жашап дагы, иштеп дагы курушту.
-
Алар 2002-жылы Архитектура боюнча ыйгарылган Ага Хан сыйлыгына арзышты.
-
Ошондо алар күмөн санап, бул курулуштун артында архитектор турат дешти.
-
Мен айттым, "Ооба, адистер кагаз бетинде долбоор даярдап беришти,
-
бирок жыңайлак архитекторлор колледжди иш жүзүндө өзүлөрү курушту."
-
Чындыгында, биз гана жалгыз 50,000 доллар өлчөмүндөгү сыйлыкты кайтарып бергендерденбиз,
-
себеби алар бизге ишенген эмес,
-
анан биз ойлонуп, алар биздин аброюбузга
-
Тилониянын жыңайлак архитекторлоруна шек келтирип жатат дедик.
-
Мен токойчуга суроо узаттым --
-
жогорку деңгээлдүү, күбөлүккө ээ экспертке --
-
Мен сурадым, "Бул жерге эмне кура аласың?" деп.
-
Ал жерди бир карап туруп, "Бир нерсе курууну унут. Мүмкүн эмес.
-
Аракет кылып дагы кереги жок.
-
Суусу жок, таштак жер."
-
Мен кысталган абалда болчумун.
-
Анан мен айттым, "Болуптур, мен айылдын аксакалына барып
-
"Мен бул жерге эмне өстүрсөм болот?" деген суроону берем.
-
Ал мени унчукпастан карап, жооп узатты,
-
"Муну кур, тигини кур, муну кош, анан бир нерсеге жетесиң" деп.
-
Бүгүнкү күндөгү көрүнүш мына мындай.
-
Чатырга чыксам,
-
бардык аялдар, "Бул жерден кет.
-
Эркектер бул жерден кетиши керек, себеби биз бул технологияны эркектер менен бөлүшкүбүз келбейт.
-
Бул суу өтпөгөн чатыр" дешти.
-
(Каткырык)
-
Бул тазаланбаган пальма дарагынын шекери, бир аз заара
-
жана дагы мен билбеген башка нерселер.
-
Чынында чатыр суу өткөрбөйт.
-
1986-жылдан бери суу өткөргөнү жок.
-
Бул технологияны аялдар эркектер менен бөлүшпөйт.
-
(Каткырык)
-
Бул жападан жалгыз колледж
-
толугу менен күн энергиясы менен камсыз болгон.
-
Бардык энергия күндөн алынат.
-
45 киловаттуу такталар чатырда орнотулган.
-
Акыркы 25 жыл аралыгында бардыгы күндөн иштеп жатат.
-
Күндүн нуру өчмөйүн
-
бизде энергияга байланыштуу эч бир көйгөй болбойт.
-
Эң керемет нерсеси бул
-
мунун бардыгы
-
Хинду абысы тарабынан орнотулганы,
-
ал 8 жыл гана баштапкы мектепте билим алган --
-
орто мектепке барбаган, колледжди буту аттабаган.
-
Күн энергиясы жөнүндө ал
-
дүйнө жүзү боюнча эң мыкты билимдүү адам деп мен кепилдик берем.
-
Тамак, эгерде Жыңайлактар Колледжине келсеңиздер,
-
күндүн энергиясы менен бышырылган.
-
Бирок ошол күн энергиясы менен иштеген мешти
-
аялдар,
-
сабатсыз аялдар,
-
чынында эң мыкты
-
күн мешин кургандар болуп саналат.
-
Бул парабола Шефлер күн меши.
-
Тилекке каршы, алар жарым-жартылай немецтер,
-
алар абдан так.
-
(Каткырык)
-
Силер эч качан Индиянын аялдарындай тактыкты таба албайсыңар.
-
Акыркы миллиметр карышына чейин,
-
алар мешти жасай алышат.
-
Күнүнө эки жолу күндүн энергиясы менен
-
60 тамак жасалат.
-
Бизде тиш доктур бар --
-
ал байбиче, сабатсыз, ал тиш доктур.
-
Ал чынында 7,000 баланын
-
тиштерин карайт.
-
Жыңайлак технологиясы:
-
1986-жыл -- бир дагы инженер, бир дагы архитектор ойлоп көрбөгөн --
-
чатырдан жаан суусун чогултууну, биз чогултабыз.
-
Аз гана суу текке коройт.
-
Бардык чатырлар жер астындагы
-
40,000 литрлик суу сактагычтарга туташтырылган,
-
ошентип суу коробойт.
-
Эгер 4 жылдык кургактыкка дуушар болсок, биздин кампус дале болсо суу менен камсыз болот,
-
анткени биз жаандын суусун чогултабыз.
-
Балдардын 60 пайызы мектепке барбайт,
-
себеби алар мал кайтарышы керек --
-
кой, эчкилер --
-
үй жумуштары --
-
Ошентип биз кечки мектеп ачууну ойлондук
-
кечкисин балдарды окутуш үчүн.
-
Тилониянын кечки мектеби ишке киргендиктен,
-
75,000ден ашуун балдар мектепте окушту.
-
Анткени ал баланын ыңгайлуулугуна карата болгон чара;
-
мугалимдикине эмес.
-
Бул мектептерден биз эмнени окутабыз?
-
Демократия, жарандуулук,
-
жериңдин өлчөмүн кантип өлчөө керек,
-
эгер камака алынсаң эмне кылуу керек,
-
үй жаныбарларың ооруп калса эмне кылууң керек.
-
Кечки мектептен мына ушуларды окутабыз.
-
Бардык мектептер күн энергиясы менен жарыкка ээ.
-
Ар бир 5 жыл сайын
-
шайлоо өткөрүп турабыз.
-
Алты жаштан он төрт жашка чейинки балдар
-
демократиялык процесске катыша алат,
-
алар премьер-министрди шайлашат.
-
Учурдагы премьер-министр 12 жашта.
-
Ал күндүзү 20 эчкини кайтарат,
-
кечкисин болсо премьер-министр.
-
Анын министрлери бар,
-
билим министри, энергия министри, саламаттык министри.
-
Иш жүзүндө алар көзөмөл жана башкарууну
-
7000 бала окуган 150 мектептин үстүнөн өткөрүшөт.
-
Премьер-министр кыз Дүйнөлүк Балдар Сыйлыгын 5 жыл мурун алган,
-
Швецияга барган.
-
Турмушунда биринчи жолу айылдан сыртка чыкканы.
-
Швецияны эч качан көргөн эмес.
-
Болуп жаткан нерселер аны тамшандырган эмес.
-
Иш чарага катышып жаткан, Швециянын Канайымы,
-
мага кайрылып, "Бул кыздан сурап бересизби өзүнө ишенүү сезимин кайдан алган?
-
Ал болгону 12 жашта,
-
бирок аны эч нерсе тамшандырбады, таңгалдырбады."
-
Канайымдын сол тарабында турган ал кыз,
-
канайымдын көзүнө тик карап жана мага кайрылып,
-
"Бул кишиге кичи пейилдикке айтып коюңузчу, мен премьер-министрмин" деди.
-
(Каткырык)
-
(Кол чабуулар)
-
Сабатсыздыктын пайыздык көрсөткүчтөрү жогору аймактарда
-
биз куурчак театрын колдонобуз.
-
Куурчак театры аркылуу биз баарлашабыз.
-
Мына бул Жохим Чача
-
ал 300 жашта.
-
Ал менин психоаналитигим. Ал менин мугалимим.
-
Ал менин доктурум. Ал менин жактоочум.
-
Ал менин донорум.
-
Ал чынында акча табат,
-
менин талаштарымды чечет.
-
Ал айылдагы көйгөйлөрүмдү чечет.
-
Айылда кандайдыр бир талаш болсо,
-
мектепке келгендердин саны азайса
-
жана мугалим менен ата-энелер ортосунда тартышуу болсо,
-
куурчак мугалим менен ата-энени айыл тургундарынын алдына чакырат
-
жана "Кол алышкыла.
-
Сабакка катыш азайбашы керек." дейт.
-
Бул куурчактар
-
Дүйнөлүк Банктын отчётторун кайрадан иштетүүдөн алынган кагаздан жасалган.
-
(Каткырык)
-
(Кол чабуулар)
-
Ошентип децентралдаштырылган, жеңилдетилген ыкмада
-
айылдарды күн энергиясы менен камсыздоону
-
бүткүл Индия боюнча таркаттык
-
Ладахтан баштап Бутанга чейинки --
-
айылдар күн энергиясы менен камсыздалды
-
окуудан өткөн адамдар тарабынан.
-
Биз Ладахка барып,
-
бир айымдан сурадык --
-
минус 40 сууктун күнү, силер чатырдан эшикке чыгууга мажбурсуңар,
-
анткени чыгууга жол жок, бардык тарапты кар басып салган
-
анан бул айымдан сурадык,
-
"Күн энергиясынан тапкан
-
пайдаңар кандай болду?"
-
Ал 1 мүнөткө ойлонуп туруп,
-
"Кыштын күнү жолдошумдун жүзүн биринчи жолу көрө алганым", деп жооп берди.
-
(Каткырык)
-
Афганистанга бардык.
-
Индиядан алган бир сабагыбыз
-
эркектерди окутуу мүмкүн эмес эле.
-
(Каткырык)
-
Эркектер тынчтана албайт,
-
эркектердин амбициясы жогору,
-
эркектер токтогус кыймылдуу,
-
жана дагы баары күбөлүк алгысы келет.
-
(Каткырык)
-
Бул дүйнө жүзү боюнча таркаган көрүнүш
-
эркектер күбөлүк алууну каалашат.
-
Эмне үчүн? Анткени алар айылдан кетип
-
шаардан жумуш издешет.
-
Биз укмуштуудай чечимге келдик:
-
улгайып калган апаларды окутуу.
-
Пикир алмашуунун эң мыкты ыкмасы
-
бүгүн дүйнөдө кайсы?
-
Сыналгы? Жок.
-
Телеграф? Жок.
-
Телефон? Жок.
-
Аял кишиге кабар айтыңыз.
-
(Каткырык)
-
(Кол чабуулар)
-
Ошентип биз биринчи жолу Афганистанга бардык,
-
биз үч аялды тандап
-
айттык: "Биз буларды Индияга алып кетүүнү каалайбыз" деп.
-
Алар "бул мүмкүн эмес. Алар жада калса бөлмөлөрүнөн чыкпайт,
-
а силер аларды Индияга алып кетебиз дейсиңер" дешти.
-
Анда мен "Эпке келем, алардын күйөөлөрүн дагы алып кетебиз" дедим.
-
Ошентип күйөөлөрүн дагы кошо алып жөнөдүк.
-
Албетте, аялдар эркектерге караганда кыйла акылдуу болушту.
-
Алты ай ичинде,
-
бул аялдар кандай өзгөрүштү?
-
Жаңдоо тили.
-
Силер жазма сөз тандабайсыздар.
-
Силер оозеки сөз тандабайсыздар.
-
Силер жаңдоо тилин колдоносуздар.
-
Алты ай ичинде
-
алар күн энергиясы боюнча инженер болушат.
-
Алар кайтып барып өзүлөрүнүн айылдарын күн энергиясы менен камсыздайт.
-
Бул айым кайтып барып
-
эң биринчи айылды күн энергиясы менен камсыздады,
-
окутууну уюштуруп --
-
Афганистандагы эң биринчи айыл күн энергиясы менен камсыздандарылды
-
ушул үч аял тарабынан.
-
Бул айым
-
өзгөчө байбиче.
-
55 жашта, Афганистанда 200 үйдү күн энергиясы менен камсыздады.
-
Алардын иши ураган жок.
-
Ал чынында Афганистандын инженерия бөлүмүнө барып
-
бөлүм башчысына
-
алмашып туруучу ток менен туруктуу токтун айырмасын түшүндүрдү.
-
Ал муну билген эмес.
-
Жанагы 3 аял 27 аялды окутушту
-
жана Афганистандын 100 айылын күн энергиясы менен камсыздашты.
-
Африкага барып,
-
дал ушундай нерселерди жасадык.
-
Столду тегеректеп отурган айымдар сегиз, тогуз мамлекеттен келген,
-
бири-бири менен бир дагы сөз түшүнбөй туруп пикир алмашууда,
-
ар кайсы тилде сүйлөгөндүктөн.
-
Бирок алардын жаңдашып-ымдашып сүйлөшүүсү мыкты.
-
Алар бири-бири менен сүйлөшүү аркылуу
-
күн энергиясы боюнча инженер болуп жатышыт.
-
Мен Сиерра Леонага барганда,
-
түн ичинде бир министр унаасын айдап
-
айыл жанынан өтүп бараткан болот.
-
Айыл ичине кайрылып кирип, "Окуянын таржымалы кандай?"
-
Алар, "Бул эки байбиче ..."
-
"Байбичелер?" Министр укканына ишене албады.
-
"Алар кайда барды?" "Индияга барып келишти."
-
Президенттин өзүнө барып,
-
министр, "Сиерра Леонада күн энергиясы менен камсыздалган айыл бар экенин билесизби?"
-
Президент, "Жок" деп жооп берет. Байбичелер менен жолугушууга министрлердин көбү эртеси күнү жөнөшөт.
-
"Мына ушундай окуя".
-
Ал мени чакыртып алып, "150 байбичени окутуп бере аласызбы?" деп суроо узатты.
-
Мен, "мырза Президент, мен окута албайм.
-
Бирок байбичелер окута алат" дедим.
-
Ошентип ал мага Сиерра Леонада биринчи Жыңайлактар окутуу борборун куруп берди.
-
Сиерра Леонада ушинтип 150 байбиче окуудан өттү.
-
Гамбия:
-
Гамбияга байбиче тандоого бардык.
-
Бул айылга бардык.
-
Мен билгем кандай айымды тандоону.
-
Коомчулук чогулуп, "Бул эки айымды алып кетиңиздер" деди.
-
Мен, "жок, мен бул айымды алып кетем" дедим.
-
Алар, "Эмнеге? Ал тил билбейт. Сиз аны тааныбайсыз" дешти.
-
"Мага анын жаңдашуу тили жакты. Мага анын сүйлөгөнү жакты" дедим.
-
"Жолдошу татаал киши, мүмкүн эмес."
-
Жолдошун чакырттык, жолдошу -
-
өпкөлөнгөн, саясатчы, колунда чөнтөк телефон кармаган - келип, "болбойт" деди.
-
"Эмне үчүн болбойт?" "Карасаң, кандай сулуу аял."
-
"Ооба, ал абдан сулуу" дедим.
-
"Индиялык бир эркекке кетип калса, эмне кылам?"
-
Анын корккону ошол болчу.
-
"Ал бактылуу болот. Ал сага телефон чалып турат" дедим.
-
Ал байбиче катары кетип
-
жолборс болуп кайтты.
-
Ал учактан түшүп
-
пресса менен мурдатан бери сүйлөшүп жүргөнсүп сүйлөштү.
-
Ал улуттук прессаны жайкап,
-
жылдыз болгон.
-
Алты айдан кийин барганымда, "жолдошуң кайда?" десем.
-
"Жүрөт го бир жерде. Не мааниси бар" деп койду.
-
(Каткырык)
-
Ийгилик окуясы.
-
(Каткырык)
-
(Кол чабуулар)
-
Аяктаар алдында
-
чечимди сырттан издөөнүн кажети жок дейм.
-
Чечимдерди ич арадан издегиле.
-
Маңдайыңардагы кишилерден кандай чечим болоорун уккула.
-
Алар дүйнө жүзү боюнча бар.
-
Кам санабаңыздар.
-
Дүйнөлүк Банкты укпагыла, жергиликтүү кишилерди уккула.
-
Дүйнө жүзү боюнча чечимдин ээлери ошол адамдар.
-
Махатма Гандинин учкул кеби менен бүтүргүм келип турат.
-
"Башында алар камаарабайт,
-
анан шылдыңдайт,
-
андан соң күрөшөт,
-
акыры сиз жеңесиз."
-
Ыракмат.
-
(Кол чабуулар)