1 00:00:00,000 --> 00:00:04,000 Мен сиздерди башка бир дүйнөгө алып барууну каалап турам. 2 00:00:04,000 --> 00:00:06,000 Жана дагы сиздерге 3 00:00:06,000 --> 00:00:10,000 45 жылга созулган махабат окуясын бөлүшкүм келип турат. 4 00:00:10,000 --> 00:00:13,000 Окуя күнүмдүк жашоосуна 1 доллардан кем 5 00:00:13,000 --> 00:00:16,000 акча сарптап жашаган кедейлер менен болгон. 6 00:00:18,000 --> 00:00:22,000 Мен Индиядагы тандалгандардын, ак сөөктөрдүн окуу жайынан 7 00:00:22,000 --> 00:00:26,000 кымбат баалуу билимди алгам, 8 00:00:26,000 --> 00:00:29,000 бирок ал окуу жай мени бузуп коё жаздаган. 9 00:00:31,000 --> 00:00:33,000 Мен толук кандуу 10 00:00:33,000 --> 00:00:36,000 дипломат, мугалим, доктур 11 00:00:36,000 --> 00:00:40,000 болууга чамам жетмек. 12 00:00:40,000 --> 00:00:43,000 Кийин мен аны каалабадым, бирок мен индиялык теннис оюну боюнча үч жыл узагында 13 00:00:43,000 --> 00:00:45,000 улуттук чемпиону болгом. 14 00:00:45,000 --> 00:00:47,000 (Каткырык) 15 00:00:47,000 --> 00:00:50,000 Мен үчүн бүткүл дүйнө ачылган. 16 00:00:50,000 --> 00:00:52,000 Бардыгы менин кол астымда эле. 17 00:00:52,000 --> 00:00:55,000 Мен эч бир катачылык кетире алмак эмесмин. 18 00:00:55,000 --> 00:00:57,000 Бир күнү мен жеке кызыгуумдан улам 19 00:00:57,000 --> 00:00:59,000 Айылга барып, жашап, иштеп 20 00:00:59,000 --> 00:01:01,000 деги эле айыл деген эмне экенин көрүүнү кааладым. 21 00:01:01,000 --> 00:01:03,000 Ошентип 1965-жылы, 22 00:01:03,000 --> 00:01:07,000 мен Индияда эң запкылуу, ачкачылыкка кабылган Бихар аймагына бардым, 23 00:01:07,000 --> 00:01:10,000 ачкачылык, өлүм азабынан 24 00:01:10,000 --> 00:01:13,000 кишилердин өлүп жатканын өмүрүмдө биринчи жолу көрдүм. 25 00:01:13,000 --> 00:01:16,000 Бул менин турмушумду өзгөрттү. 26 00:01:16,000 --> 00:01:18,000 Мен үйгө кайтып келип, 27 00:01:18,000 --> 00:01:20,000 апама 28 00:01:20,000 --> 00:01:23,000 "Мен айылда жашап жана эмгектенгим келет" дедим. 29 00:01:23,000 --> 00:01:25,000 Апам эс учун жоготуп койду. 30 00:01:25,000 --> 00:01:28,000 (Каткырык) 31 00:01:28,000 --> 00:01:30,000 "Бул эмне дегениң? 32 00:01:30,000 --> 00:01:33,000 Бүткүл дүйнө сен үчүн ачык, бардык жумуштар сага даяр, 33 00:01:33,000 --> 00:01:35,000 сен болсо айылда жашап жана эмгектенем дейсиң? 34 00:01:35,000 --> 00:01:37,000 Сенин эс акылың жайындабы деги?" 35 00:01:37,000 --> 00:01:39,000 Мен жооп кайтардым, "Жок, мен эң мыкты билим алдым. 36 00:01:39,000 --> 00:01:41,000 Ал билим мени ойлондурду. 37 00:01:41,000 --> 00:01:44,000 Мен мунун акыбетин кайтарып берүүнү каалайм, 38 00:01:44,000 --> 00:01:46,000 өзүмдүн колумдан келишинче". 39 00:01:46,000 --> 00:01:48,000 "Сен айылда эмне кылууну каалайсың? 40 00:01:48,000 --> 00:01:50,000 Жумуш жок, акча жок, 41 00:01:50,000 --> 00:01:52,000 кооптуу, келечексиз жашоо". 42 00:01:52,000 --> 00:01:54,000 "Айылда жаашагым келет 43 00:01:54,000 --> 00:01:57,000 жана беш жыл аралыгында кудук казгым келет" деп айткам. 44 00:01:57,000 --> 00:01:59,000 "Беш жыл кудук казасыңбы? 45 00:01:59,000 --> 00:02:02,000 Сен Индиянын эң кымбат мектеби жана колледжине барып, 46 00:02:02,000 --> 00:02:04,000 беш жыл кудук казгың келип турабы?" 47 00:02:04,000 --> 00:02:08,000 Апам мени менен көпкө сүйлөшпөй жүрдү, 48 00:02:08,000 --> 00:02:11,000 анткени ал мени үй-бүлөнүн аброюна шек келтирип жатат деп ойлогон. 49 00:02:13,000 --> 00:02:15,000 Бирок кийин, 50 00:02:15,000 --> 00:02:18,000 мен, кедейлер ээ болгон 51 00:02:18,000 --> 00:02:20,000 сейрек кездешчү өзгөчө билим жана жөндөмдөргө туш болдум, 52 00:02:20,000 --> 00:02:23,000 булар эч качан маанилүү деп таанылып, 53 00:02:23,000 --> 00:02:25,000 өзгөчөлөнүп, урматталып, 54 00:02:25,000 --> 00:02:27,000 жана эч бир деңгээлде колдонулбаган. 55 00:02:27,000 --> 00:02:29,000 Ошондо мен Бэафуд Жыңайлактар Колледжин ачууну ойлодум -- 56 00:02:29,000 --> 00:02:31,000 ал окуу жай кедейлер үчүн гана колледж. 57 00:02:31,000 --> 00:02:33,000 Кедейлер маанилүү деген нерселер 58 00:02:33,000 --> 00:02:36,000 бул колледжде окутулмак. 59 00:02:37,000 --> 00:02:39,000 Мен бул айылга жаңыдан келгенимде. 60 00:02:39,000 --> 00:02:41,000 Аксакалдар мага келип, 61 00:02:41,000 --> 00:02:43,000 "Сен полициядан качып жүрөсүңбү?" деп сурашты. 62 00:02:43,000 --> 00:02:45,000 Мен "жок" деп жооп бердим. 63 00:02:45,000 --> 00:02:48,000 (Каткырык) 64 00:02:49,000 --> 00:02:51,000 "Сен экзаменден кулап калдыңбы?" 65 00:02:51,000 --> 00:02:53,000 Мен "жок" деп жооп бердим. 66 00:02:53,000 --> 00:02:56,000 "Сен бийликтен жумуш таппадыңбы?" Мен "жок" деп жооп бердим. 67 00:02:56,000 --> 00:02:58,000 "Сен бул жерде эмне кылып жүрөсүң анда? 68 00:02:58,000 --> 00:03:00,000 Эмне үчүн бул жакка келдиң? 69 00:03:00,000 --> 00:03:02,000 Индиядагы билим берүү системасы 70 00:03:02,000 --> 00:03:05,000 Париж, Нью Дели жана Цюрих сыяктуу жерлерди эңсеттирет; 71 00:03:05,000 --> 00:03:07,000 сен айылда эмне кылып жүрөсүң? 72 00:03:07,000 --> 00:03:10,000 Сенин бизге айтпаган бир көйгөйүң барбы?" 73 00:03:10,000 --> 00:03:13,000 "Жок, мен колледж ачууну каалайм" 74 00:03:13,000 --> 00:03:15,000 кедейлер үчүн гана, 75 00:03:15,000 --> 00:03:18,000 Кедейлер маанилүү деген нерселер колледжде окутулат", деп жооп бердим. 76 00:03:18,000 --> 00:03:22,000 Ошондо аксакалдар мага маңыздуу жана маанилүү кеңеш беришти. 77 00:03:22,000 --> 00:03:24,000 Алар, "Өтүнөбүз, 78 00:03:24,000 --> 00:03:27,000 колледжиңе кандайдыр бир билим даражадагы жана квалификацияга ээ 79 00:03:27,000 --> 00:03:29,000 болгон бирөөлөрдү алып келбе", дешти. 80 00:03:29,000 --> 00:03:32,000 Эми, бул Индиядагы жалгыз колледж, 81 00:03:32,000 --> 00:03:35,000 эгер сиз илим доктору же магистр даражасынын ээси болсоңуз 82 00:03:35,000 --> 00:03:37,000 сиз бул колледжде иштөөдөн четтеттилесиз. 83 00:03:37,000 --> 00:03:42,000 Сиз же окуй албай калган же окуудан чыгарылган шартта гана 84 00:03:42,000 --> 00:03:45,000 биздин колледжде иштөө үчүн келе аласыз. 85 00:03:45,000 --> 00:03:47,000 Сиз өз колуңуз менен иштешиңиз керек. 86 00:03:47,000 --> 00:03:49,000 Эмгекти сыйлооңуз шарт. 87 00:03:49,000 --> 00:03:52,000 Коомчулукка сунуштай алган кандайдыр бир жөндөмүңүз бар экендигин көрсөтүшүңүз керек 88 00:03:52,000 --> 00:03:55,000 жана коомчулукка кызмат өтөшүңүз абзел. 89 00:03:55,000 --> 00:03:58,000 Ошентип Жыңайлактар Колледжи ишке кирди, 90 00:03:58,000 --> 00:04:00,000 биз профессионализм түшүнүгүн кайрадан аныктап чыктык. 91 00:04:00,000 --> 00:04:02,000 Профессионал деп кимди айтабыз? 92 00:04:02,000 --> 00:04:04,000 Профессионал деп 93 00:04:04,000 --> 00:04:06,000 өзүнүн бир шыгы, өзүнө болгон 94 00:04:06,000 --> 00:04:09,000 ишеними жана келечеке ишеничи болгон айкалыштыкты камтыган адам. 95 00:04:09,000 --> 00:04:12,000 Суу издегич адам бул профессионал. 96 00:04:12,000 --> 00:04:14,000 Элдик аначы 97 00:04:14,000 --> 00:04:16,000 бул профессионал. 98 00:04:16,000 --> 00:04:19,000 Элдик сөөк даарыкер бул профессионал. 99 00:04:19,000 --> 00:04:21,000 Булар дүйнө жүзү боюнча профессионалдар. 100 00:04:21,000 --> 00:04:25,000 Буларды дүйнө жүзүндөгү эң алыскы айылдардан дагы таба аласыздар. 101 00:04:25,000 --> 00:04:28,000 Мындай адамдар жалпы билим берүү системасына келип 102 00:04:28,000 --> 00:04:31,000 алар ээ болгон билим жана жөндөмдөрүн 103 00:04:31,000 --> 00:04:33,000 ааламдык экенин көрсөтүшү керек. 104 00:04:33,000 --> 00:04:35,000 Ал жөндөмдөр колдонулушу керек, иш жүзүндө пайдаланылышы керек 105 00:04:35,000 --> 00:04:37,000 алар сырткы дүйнөгө көрсөтүлүшү керек, 106 00:04:37,000 --> 00:04:39,000 бул билимдер жана жөндөмдөр 107 00:04:39,000 --> 00:04:43,000 бүгүн дагы талапка жооп берээри айкын. 108 00:04:43,000 --> 00:04:45,000 Колледж 109 00:04:45,000 --> 00:04:49,000 Махатма Гандинин турмуш жана иш жолунун негизинде иштейт. 110 00:04:49,000 --> 00:04:53,000 Жерде олтуруп тамактанасыз, жерде жатып уктайсыз, жерде иштейсиз. 111 00:04:53,000 --> 00:04:55,000 Эч бир келишим жок, жазылган келишимдер жок. 112 00:04:55,000 --> 00:04:58,000 Сиз мени менен 20 жыл бою бирге болсоңуз болот, эртең кетсеңиз дагы болот. 113 00:04:58,000 --> 00:05:01,000 Жана дагы эч ким айына 100 доллардан ашык акча ала албайт. 114 00:05:01,000 --> 00:05:04,000 Эгер акча табууга кызыктар болсоңуз, анда Жыңайлактар колледжине келип убара болбоңуз. 115 00:05:04,000 --> 00:05:06,000 Сиз жумуш жана маселе чечүүнү кааласаңыз, 116 00:05:06,000 --> 00:05:08,000 анда Жыңайлактар Колледжине келиңиз. 117 00:05:08,000 --> 00:05:11,000 Ал жерде биз сизди аракет кылат жана жаңы ойлорду жаратат деп күтөбүз. 118 00:05:11,000 --> 00:05:13,000 Кандай гана оюңуз болбосун келип аракет кылыңыз. 119 00:05:13,000 --> 00:05:15,000 Эгерде ийгиликке жетпей калсаңыз эч нерсе эмес. 120 00:05:15,000 --> 00:05:18,000 Жыгылып, кооп олтуруп, сиз кайрадан иш баштайсыз. 121 00:05:18,000 --> 00:05:21,000 Бул жер мугалим окуучу 122 00:05:21,000 --> 00:05:24,000 ал эми окуучу мугалим болгон жалгыз колледж. 123 00:05:24,000 --> 00:05:27,000 Жана дагы эч бир күбөлүк бербеген жалгыз колледж. 124 00:05:27,000 --> 00:05:30,000 Күбөлүктү сиз кызмат кылган коомчулук берет. 125 00:05:30,000 --> 00:05:32,000 Тамдын бооруна илинчү сиздин инженер экениңизди күбөлөгөн 126 00:05:32,000 --> 00:05:35,000 кагаздын кереги жок. 127 00:05:37,000 --> 00:05:39,000 Мына мен ушуларды айтканда, 128 00:05:39,000 --> 00:05:42,000 алар, "Эмне мүмкүн болоорун бизге көрсөтчү кана. Сен эмне кылып жатасың? 129 00:05:42,000 --> 00:05:46,000 Эгерде айткандарыңды тастыктай албасаң, анда ал куру сөз." 130 00:05:46,000 --> 00:05:49,000 Ошентип Жыңайлактар Колледжи курулду. 131 00:05:49,000 --> 00:05:52,000 1986-жылы. 132 00:05:52,000 --> 00:05:54,000 Аны окуганды жана жазганды билбеген, 133 00:05:54,000 --> 00:05:56,000 12 жыңайлак архитекторлор салышты. 134 00:05:56,000 --> 00:05:59,000 Бир квадрат метрин 1,5 долларга 135 00:05:59,000 --> 00:06:03,000 150 киши ал жерде жашап дагы, иштеп дагы курушту. 136 00:06:03,000 --> 00:06:06,000 Алар 2002-жылы Архитектура боюнча ыйгарылган Ага Хан сыйлыгына арзышты. 137 00:06:06,000 --> 00:06:09,000 Ошондо алар күмөн санап, бул курулуштун артында архитектор турат дешти. 138 00:06:09,000 --> 00:06:11,000 Мен айттым, "Ооба, адистер кагаз бетинде долбоор даярдап беришти, 139 00:06:11,000 --> 00:06:15,000 бирок жыңайлак архитекторлор колледжди иш жүзүндө өзүлөрү курушту." 140 00:06:16,000 --> 00:06:19,000 Чындыгында, биз гана жалгыз 50,000 доллар өлчөмүндөгү сыйлыкты кайтарып бергендерденбиз, 141 00:06:19,000 --> 00:06:21,000 себеби алар бизге ишенген эмес, 142 00:06:21,000 --> 00:06:25,000 анан биз ойлонуп, алар биздин аброюбузга 143 00:06:25,000 --> 00:06:28,000 Тилониянын жыңайлак архитекторлоруна шек келтирип жатат дедик. 144 00:06:28,000 --> 00:06:30,000 Мен токойчуга суроо узаттым -- 145 00:06:30,000 --> 00:06:33,000 жогорку деңгээлдүү, күбөлүккө ээ экспертке -- 146 00:06:33,000 --> 00:06:36,000 Мен сурадым, "Бул жерге эмне кура аласың?" деп. 147 00:06:36,000 --> 00:06:38,000 Ал жерди бир карап туруп, "Бир нерсе курууну унут. Мүмкүн эмес. 148 00:06:38,000 --> 00:06:40,000 Аракет кылып дагы кереги жок. 149 00:06:40,000 --> 00:06:42,000 Суусу жок, таштак жер." 150 00:06:42,000 --> 00:06:44,000 Мен кысталган абалда болчумун. 151 00:06:44,000 --> 00:06:46,000 Анан мен айттым, "Болуптур, мен айылдын аксакалына барып 152 00:06:46,000 --> 00:06:49,000 "Мен бул жерге эмне өстүрсөм болот?" деген суроону берем. 153 00:06:49,000 --> 00:06:51,000 Ал мени унчукпастан карап, жооп узатты, 154 00:06:51,000 --> 00:06:53,000 "Муну кур, тигини кур, муну кош, анан бир нерсеге жетесиң" деп. 155 00:06:53,000 --> 00:06:56,000 Бүгүнкү күндөгү көрүнүш мына мындай. 156 00:06:57,000 --> 00:06:59,000 Чатырга чыксам, 157 00:06:59,000 --> 00:07:01,000 бардык аялдар, "Бул жерден кет. 158 00:07:01,000 --> 00:07:04,000 Эркектер бул жерден кетиши керек, себеби биз бул технологияны эркектер менен бөлүшкүбүз келбейт. 159 00:07:04,000 --> 00:07:06,000 Бул суу өтпөгөн чатыр" дешти. 160 00:07:06,000 --> 00:07:08,000 (Каткырык) 161 00:07:08,000 --> 00:07:11,000 Бул тазаланбаган пальма дарагынын шекери, бир аз заара 162 00:07:11,000 --> 00:07:13,000 жана дагы мен билбеген башка нерселер. 163 00:07:13,000 --> 00:07:15,000 Чынында чатыр суу өткөрбөйт. 164 00:07:15,000 --> 00:07:18,000 1986-жылдан бери суу өткөргөнү жок. 165 00:07:18,000 --> 00:07:21,000 Бул технологияны аялдар эркектер менен бөлүшпөйт. 166 00:07:21,000 --> 00:07:24,000 (Каткырык) 167 00:07:24,000 --> 00:07:26,000 Бул жападан жалгыз колледж 168 00:07:26,000 --> 00:07:30,000 толугу менен күн энергиясы менен камсыз болгон. 169 00:07:30,000 --> 00:07:32,000 Бардык энергия күндөн алынат. 170 00:07:32,000 --> 00:07:34,000 45 киловаттуу такталар чатырда орнотулган. 171 00:07:34,000 --> 00:07:36,000 Акыркы 25 жыл аралыгында бардыгы күндөн иштеп жатат. 172 00:07:36,000 --> 00:07:38,000 Күндүн нуру өчмөйүн 173 00:07:38,000 --> 00:07:40,000 бизде энергияга байланыштуу эч бир көйгөй болбойт. 174 00:07:40,000 --> 00:07:42,000 Эң керемет нерсеси бул 175 00:07:42,000 --> 00:07:45,000 мунун бардыгы 176 00:07:45,000 --> 00:07:48,000 Хинду абысы тарабынан орнотулганы, 177 00:07:48,000 --> 00:07:51,000 ал 8 жыл гана баштапкы мектепте билим алган -- 178 00:07:51,000 --> 00:07:54,000 орто мектепке барбаган, колледжди буту аттабаган. 179 00:07:54,000 --> 00:07:56,000 Күн энергиясы жөнүндө ал 180 00:07:56,000 --> 00:08:00,000 дүйнө жүзү боюнча эң мыкты билимдүү адам деп мен кепилдик берем. 181 00:08:02,000 --> 00:08:04,000 Тамак, эгерде Жыңайлактар Колледжине келсеңиздер, 182 00:08:04,000 --> 00:08:07,000 күндүн энергиясы менен бышырылган. 183 00:08:07,000 --> 00:08:10,000 Бирок ошол күн энергиясы менен иштеген мешти 184 00:08:10,000 --> 00:08:13,000 аялдар, 185 00:08:13,000 --> 00:08:15,000 сабатсыз аялдар, 186 00:08:15,000 --> 00:08:17,000 чынында эң мыкты 187 00:08:17,000 --> 00:08:19,000 күн мешин кургандар болуп саналат. 188 00:08:19,000 --> 00:08:22,000 Бул парабола Шефлер күн меши. 189 00:08:25,000 --> 00:08:29,000 Тилекке каршы, алар жарым-жартылай немецтер, 190 00:08:29,000 --> 00:08:31,000 алар абдан так. 191 00:08:31,000 --> 00:08:33,000 (Каткырык) 192 00:08:33,000 --> 00:08:36,000 Силер эч качан Индиянын аялдарындай тактыкты таба албайсыңар. 193 00:08:37,000 --> 00:08:39,000 Акыркы миллиметр карышына чейин, 194 00:08:39,000 --> 00:08:41,000 алар мешти жасай алышат. 195 00:08:41,000 --> 00:08:43,000 Күнүнө эки жолу күндүн энергиясы менен 196 00:08:43,000 --> 00:08:45,000 60 тамак жасалат. 197 00:08:45,000 --> 00:08:47,000 Бизде тиш доктур бар -- 198 00:08:47,000 --> 00:08:50,000 ал байбиче, сабатсыз, ал тиш доктур. 199 00:08:50,000 --> 00:08:52,000 Ал чынында 7,000 баланын 200 00:08:52,000 --> 00:08:55,000 тиштерин карайт. 201 00:08:56,000 --> 00:08:58,000 Жыңайлак технологиясы: 202 00:08:58,000 --> 00:09:01,000 1986-жыл -- бир дагы инженер, бир дагы архитектор ойлоп көрбөгөн -- 203 00:09:01,000 --> 00:09:04,000 чатырдан жаан суусун чогултууну, биз чогултабыз. 204 00:09:04,000 --> 00:09:06,000 Аз гана суу текке коройт. 205 00:09:06,000 --> 00:09:08,000 Бардык чатырлар жер астындагы 206 00:09:08,000 --> 00:09:10,000 40,000 литрлик суу сактагычтарга туташтырылган, 207 00:09:10,000 --> 00:09:12,000 ошентип суу коробойт. 208 00:09:12,000 --> 00:09:15,000 Эгер 4 жылдык кургактыкка дуушар болсок, биздин кампус дале болсо суу менен камсыз болот, 209 00:09:15,000 --> 00:09:17,000 анткени биз жаандын суусун чогултабыз. 210 00:09:17,000 --> 00:09:20,000 Балдардын 60 пайызы мектепке барбайт, 211 00:09:20,000 --> 00:09:22,000 себеби алар мал кайтарышы керек -- 212 00:09:22,000 --> 00:09:24,000 кой, эчкилер -- 213 00:09:24,000 --> 00:09:26,000 үй жумуштары -- 214 00:09:26,000 --> 00:09:29,000 Ошентип биз кечки мектеп ачууну ойлондук 215 00:09:29,000 --> 00:09:31,000 кечкисин балдарды окутуш үчүн. 216 00:09:31,000 --> 00:09:33,000 Тилониянын кечки мектеби ишке киргендиктен, 217 00:09:33,000 --> 00:09:36,000 75,000ден ашуун балдар мектепте окушту. 218 00:09:36,000 --> 00:09:38,000 Анткени ал баланын ыңгайлуулугуна карата болгон чара; 219 00:09:38,000 --> 00:09:40,000 мугалимдикине эмес. 220 00:09:40,000 --> 00:09:42,000 Бул мектептерден биз эмнени окутабыз? 221 00:09:42,000 --> 00:09:44,000 Демократия, жарандуулук, 222 00:09:44,000 --> 00:09:47,000 жериңдин өлчөмүн кантип өлчөө керек, 223 00:09:47,000 --> 00:09:49,000 эгер камака алынсаң эмне кылуу керек, 224 00:09:49,000 --> 00:09:53,000 үй жаныбарларың ооруп калса эмне кылууң керек. 225 00:09:53,000 --> 00:09:55,000 Кечки мектептен мына ушуларды окутабыз. 226 00:09:55,000 --> 00:09:58,000 Бардык мектептер күн энергиясы менен жарыкка ээ. 227 00:09:58,000 --> 00:10:00,000 Ар бир 5 жыл сайын 228 00:10:00,000 --> 00:10:02,000 шайлоо өткөрүп турабыз. 229 00:10:02,000 --> 00:10:06,000 Алты жаштан он төрт жашка чейинки балдар 230 00:10:06,000 --> 00:10:09,000 демократиялык процесске катыша алат, 231 00:10:09,000 --> 00:10:13,000 алар премьер-министрди шайлашат. 232 00:10:13,000 --> 00:10:16,000 Учурдагы премьер-министр 12 жашта. 233 00:10:17,000 --> 00:10:19,000 Ал күндүзү 20 эчкини кайтарат, 234 00:10:19,000 --> 00:10:22,000 кечкисин болсо премьер-министр. 235 00:10:22,000 --> 00:10:24,000 Анын министрлери бар, 236 00:10:24,000 --> 00:10:27,000 билим министри, энергия министри, саламаттык министри. 237 00:10:27,000 --> 00:10:29,000 Иш жүзүндө алар көзөмөл жана башкарууну 238 00:10:29,000 --> 00:10:32,000 7000 бала окуган 150 мектептин үстүнөн өткөрүшөт. 239 00:10:34,000 --> 00:10:36,000 Премьер-министр кыз Дүйнөлүк Балдар Сыйлыгын 5 жыл мурун алган, 240 00:10:36,000 --> 00:10:38,000 Швецияга барган. 241 00:10:38,000 --> 00:10:40,000 Турмушунда биринчи жолу айылдан сыртка чыкканы. 242 00:10:40,000 --> 00:10:43,000 Швецияны эч качан көргөн эмес. 243 00:10:43,000 --> 00:10:45,000 Болуп жаткан нерселер аны тамшандырган эмес. 244 00:10:45,000 --> 00:10:47,000 Иш чарага катышып жаткан, Швециянын Канайымы, 245 00:10:47,000 --> 00:10:50,000 мага кайрылып, "Бул кыздан сурап бересизби өзүнө ишенүү сезимин кайдан алган? 246 00:10:50,000 --> 00:10:52,000 Ал болгону 12 жашта, 247 00:10:52,000 --> 00:10:55,000 бирок аны эч нерсе тамшандырбады, таңгалдырбады." 248 00:10:55,000 --> 00:10:58,000 Канайымдын сол тарабында турган ал кыз, 249 00:10:58,000 --> 00:11:01,000 канайымдын көзүнө тик карап жана мага кайрылып, 250 00:11:01,000 --> 00:11:04,000 "Бул кишиге кичи пейилдикке айтып коюңузчу, мен премьер-министрмин" деди. 251 00:11:04,000 --> 00:11:06,000 (Каткырык) 252 00:11:06,000 --> 00:11:14,000 (Кол чабуулар) 253 00:11:14,000 --> 00:11:18,000 Сабатсыздыктын пайыздык көрсөткүчтөрү жогору аймактарда 254 00:11:18,000 --> 00:11:21,000 биз куурчак театрын колдонобуз. 255 00:11:21,000 --> 00:11:24,000 Куурчак театры аркылуу биз баарлашабыз. 256 00:11:30,000 --> 00:11:33,000 Мына бул Жохим Чача 257 00:11:33,000 --> 00:11:37,000 ал 300 жашта. 258 00:11:37,000 --> 00:11:40,000 Ал менин психоаналитигим. Ал менин мугалимим. 259 00:11:40,000 --> 00:11:42,000 Ал менин доктурум. Ал менин жактоочум. 260 00:11:42,000 --> 00:11:44,000 Ал менин донорум. 261 00:11:44,000 --> 00:11:46,000 Ал чынында акча табат, 262 00:11:46,000 --> 00:11:49,000 менин талаштарымды чечет. 263 00:11:49,000 --> 00:11:52,000 Ал айылдагы көйгөйлөрүмдү чечет. 264 00:11:52,000 --> 00:11:54,000 Айылда кандайдыр бир талаш болсо, 265 00:11:54,000 --> 00:11:56,000 мектепке келгендердин саны азайса 266 00:11:56,000 --> 00:11:58,000 жана мугалим менен ата-энелер ортосунда тартышуу болсо, 267 00:11:58,000 --> 00:12:01,000 куурчак мугалим менен ата-энени айыл тургундарынын алдына чакырат 268 00:12:01,000 --> 00:12:03,000 жана "Кол алышкыла. 269 00:12:03,000 --> 00:12:05,000 Сабакка катыш азайбашы керек." дейт. 270 00:12:07,000 --> 00:12:09,000 Бул куурчактар 271 00:12:09,000 --> 00:12:11,000 Дүйнөлүк Банктын отчётторун кайрадан иштетүүдөн алынган кагаздан жасалган. 272 00:12:11,000 --> 00:12:13,000 (Каткырык) 273 00:12:13,000 --> 00:12:20,000 (Кол чабуулар) 274 00:12:20,000 --> 00:12:24,000 Ошентип децентралдаштырылган, жеңилдетилген ыкмада 275 00:12:24,000 --> 00:12:26,000 айылдарды күн энергиясы менен камсыздоону 276 00:12:26,000 --> 00:12:28,000 бүткүл Индия боюнча таркаттык 277 00:12:28,000 --> 00:12:31,000 Ладахтан баштап Бутанга чейинки -- 278 00:12:33,000 --> 00:12:35,000 айылдар күн энергиясы менен камсыздалды 279 00:12:35,000 --> 00:12:38,000 окуудан өткөн адамдар тарабынан. 280 00:12:39,000 --> 00:12:41,000 Биз Ладахка барып, 281 00:12:41,000 --> 00:12:43,000 бир айымдан сурадык -- 282 00:12:43,000 --> 00:12:46,000 минус 40 сууктун күнү, силер чатырдан эшикке чыгууга мажбурсуңар, 283 00:12:46,000 --> 00:12:49,000 анткени чыгууга жол жок, бардык тарапты кар басып салган 284 00:12:49,000 --> 00:12:51,000 анан бул айымдан сурадык, 285 00:12:51,000 --> 00:12:53,000 "Күн энергиясынан тапкан 286 00:12:53,000 --> 00:12:55,000 пайдаңар кандай болду?" 287 00:12:55,000 --> 00:12:57,000 Ал 1 мүнөткө ойлонуп туруп, 288 00:12:57,000 --> 00:13:01,000 "Кыштын күнү жолдошумдун жүзүн биринчи жолу көрө алганым", деп жооп берди. 289 00:13:01,000 --> 00:13:04,000 (Каткырык) 290 00:13:04,000 --> 00:13:06,000 Афганистанга бардык. 291 00:13:06,000 --> 00:13:11,000 Индиядан алган бир сабагыбыз 292 00:13:11,000 --> 00:13:15,000 эркектерди окутуу мүмкүн эмес эле. 293 00:13:15,000 --> 00:13:19,000 (Каткырык) 294 00:13:19,000 --> 00:13:21,000 Эркектер тынчтана албайт, 295 00:13:21,000 --> 00:13:23,000 эркектердин амбициясы жогору, 296 00:13:23,000 --> 00:13:26,000 эркектер токтогус кыймылдуу, 297 00:13:26,000 --> 00:13:28,000 жана дагы баары күбөлүк алгысы келет. 298 00:13:28,000 --> 00:13:30,000 (Каткырык) 299 00:13:30,000 --> 00:13:33,000 Бул дүйнө жүзү боюнча таркаган көрүнүш 300 00:13:33,000 --> 00:13:35,000 эркектер күбөлүк алууну каалашат. 301 00:13:35,000 --> 00:13:38,000 Эмне үчүн? Анткени алар айылдан кетип 302 00:13:38,000 --> 00:13:41,000 шаардан жумуш издешет. 303 00:13:41,000 --> 00:13:44,000 Биз укмуштуудай чечимге келдик: 304 00:13:44,000 --> 00:13:46,000 улгайып калган апаларды окутуу. 305 00:13:48,000 --> 00:13:50,000 Пикир алмашуунун эң мыкты ыкмасы 306 00:13:50,000 --> 00:13:52,000 бүгүн дүйнөдө кайсы? 307 00:13:52,000 --> 00:13:54,000 Сыналгы? Жок. 308 00:13:54,000 --> 00:13:56,000 Телеграф? Жок. 309 00:13:56,000 --> 00:13:58,000 Телефон? Жок. 310 00:13:58,000 --> 00:14:00,000 Аял кишиге кабар айтыңыз. 311 00:14:00,000 --> 00:14:03,000 (Каткырык) 312 00:14:03,000 --> 00:14:07,000 (Кол чабуулар) 313 00:14:07,000 --> 00:14:09,000 Ошентип биз биринчи жолу Афганистанга бардык, 314 00:14:09,000 --> 00:14:11,000 биз үч аялды тандап 315 00:14:11,000 --> 00:14:13,000 айттык: "Биз буларды Индияга алып кетүүнү каалайбыз" деп. 316 00:14:13,000 --> 00:14:15,000 Алар "бул мүмкүн эмес. Алар жада калса бөлмөлөрүнөн чыкпайт, 317 00:14:15,000 --> 00:14:17,000 а силер аларды Индияга алып кетебиз дейсиңер" дешти. 318 00:14:17,000 --> 00:14:19,000 Анда мен "Эпке келем, алардын күйөөлөрүн дагы алып кетебиз" дедим. 319 00:14:19,000 --> 00:14:21,000 Ошентип күйөөлөрүн дагы кошо алып жөнөдүк. 320 00:14:21,000 --> 00:14:24,000 Албетте, аялдар эркектерге караганда кыйла акылдуу болушту. 321 00:14:24,000 --> 00:14:26,000 Алты ай ичинде, 322 00:14:26,000 --> 00:14:29,000 бул аялдар кандай өзгөрүштү? 323 00:14:29,000 --> 00:14:31,000 Жаңдоо тили. 324 00:14:31,000 --> 00:14:34,000 Силер жазма сөз тандабайсыздар. 325 00:14:34,000 --> 00:14:36,000 Силер оозеки сөз тандабайсыздар. 326 00:14:36,000 --> 00:14:39,000 Силер жаңдоо тилин колдоносуздар. 327 00:14:39,000 --> 00:14:41,000 Алты ай ичинде 328 00:14:41,000 --> 00:14:45,000 алар күн энергиясы боюнча инженер болушат. 329 00:14:45,000 --> 00:14:48,000 Алар кайтып барып өзүлөрүнүн айылдарын күн энергиясы менен камсыздайт. 330 00:14:48,000 --> 00:14:50,000 Бул айым кайтып барып 331 00:14:50,000 --> 00:14:53,000 эң биринчи айылды күн энергиясы менен камсыздады, 332 00:14:53,000 --> 00:14:55,000 окутууну уюштуруп -- 333 00:14:55,000 --> 00:14:58,000 Афганистандагы эң биринчи айыл күн энергиясы менен камсыздандарылды 334 00:14:58,000 --> 00:15:01,000 ушул үч аял тарабынан. 335 00:15:01,000 --> 00:15:03,000 Бул айым 336 00:15:03,000 --> 00:15:05,000 өзгөчө байбиче. 337 00:15:05,000 --> 00:15:10,000 55 жашта, Афганистанда 200 үйдү күн энергиясы менен камсыздады. 338 00:15:10,000 --> 00:15:13,000 Алардын иши ураган жок. 339 00:15:13,000 --> 00:15:16,000 Ал чынында Афганистандын инженерия бөлүмүнө барып 340 00:15:16,000 --> 00:15:18,000 бөлүм башчысына 341 00:15:18,000 --> 00:15:20,000 алмашып туруучу ток менен туруктуу токтун айырмасын түшүндүрдү. 342 00:15:20,000 --> 00:15:22,000 Ал муну билген эмес. 343 00:15:22,000 --> 00:15:25,000 Жанагы 3 аял 27 аялды окутушту 344 00:15:25,000 --> 00:15:28,000 жана Афганистандын 100 айылын күн энергиясы менен камсыздашты. 345 00:15:28,000 --> 00:15:31,000 Африкага барып, 346 00:15:31,000 --> 00:15:33,000 дал ушундай нерселерди жасадык. 347 00:15:33,000 --> 00:15:36,000 Столду тегеректеп отурган айымдар сегиз, тогуз мамлекеттен келген, 348 00:15:36,000 --> 00:15:39,000 бири-бири менен бир дагы сөз түшүнбөй туруп пикир алмашууда, 349 00:15:39,000 --> 00:15:41,000 ар кайсы тилде сүйлөгөндүктөн. 350 00:15:41,000 --> 00:15:43,000 Бирок алардын жаңдашып-ымдашып сүйлөшүүсү мыкты. 351 00:15:43,000 --> 00:15:45,000 Алар бири-бири менен сүйлөшүү аркылуу 352 00:15:45,000 --> 00:15:47,000 күн энергиясы боюнча инженер болуп жатышыт. 353 00:15:47,000 --> 00:15:50,000 Мен Сиерра Леонага барганда, 354 00:15:50,000 --> 00:15:53,000 түн ичинде бир министр унаасын айдап 355 00:15:53,000 --> 00:15:55,000 айыл жанынан өтүп бараткан болот. 356 00:15:55,000 --> 00:15:58,000 Айыл ичине кайрылып кирип, "Окуянын таржымалы кандай?" 357 00:15:58,000 --> 00:16:00,000 Алар, "Бул эки байбиче ..." 358 00:16:00,000 --> 00:16:03,000 "Байбичелер?" Министр укканына ишене албады. 359 00:16:03,000 --> 00:16:06,000 "Алар кайда барды?" "Индияга барып келишти." 360 00:16:06,000 --> 00:16:08,000 Президенттин өзүнө барып, 361 00:16:08,000 --> 00:16:10,000 министр, "Сиерра Леонада күн энергиясы менен камсыздалган айыл бар экенин билесизби?" 362 00:16:10,000 --> 00:16:13,000 Президент, "Жок" деп жооп берет. Байбичелер менен жолугушууга министрлердин көбү эртеси күнү жөнөшөт. 363 00:16:13,000 --> 00:16:15,000 "Мына ушундай окуя". 364 00:16:15,000 --> 00:16:19,000 Ал мени чакыртып алып, "150 байбичени окутуп бере аласызбы?" деп суроо узатты. 365 00:16:19,000 --> 00:16:21,000 Мен, "мырза Президент, мен окута албайм. 366 00:16:21,000 --> 00:16:23,000 Бирок байбичелер окута алат" дедим. 367 00:16:23,000 --> 00:16:26,000 Ошентип ал мага Сиерра Леонада биринчи Жыңайлактар окутуу борборун куруп берди. 368 00:16:26,000 --> 00:16:30,000 Сиерра Леонада ушинтип 150 байбиче окуудан өттү. 369 00:16:30,000 --> 00:16:32,000 Гамбия: 370 00:16:32,000 --> 00:16:35,000 Гамбияга байбиче тандоого бардык. 371 00:16:35,000 --> 00:16:37,000 Бул айылга бардык. 372 00:16:37,000 --> 00:16:39,000 Мен билгем кандай айымды тандоону. 373 00:16:39,000 --> 00:16:42,000 Коомчулук чогулуп, "Бул эки айымды алып кетиңиздер" деди. 374 00:16:42,000 --> 00:16:44,000 Мен, "жок, мен бул айымды алып кетем" дедим. 375 00:16:44,000 --> 00:16:46,000 Алар, "Эмнеге? Ал тил билбейт. Сиз аны тааныбайсыз" дешти. 376 00:16:46,000 --> 00:16:49,000 "Мага анын жаңдашуу тили жакты. Мага анын сүйлөгөнү жакты" дедим. 377 00:16:49,000 --> 00:16:51,000 "Жолдошу татаал киши, мүмкүн эмес." 378 00:16:51,000 --> 00:16:53,000 Жолдошун чакырттык, жолдошу - 379 00:16:53,000 --> 00:16:56,000 өпкөлөнгөн, саясатчы, колунда чөнтөк телефон кармаган - келип, "болбойт" деди. 380 00:16:56,000 --> 00:16:59,000 "Эмне үчүн болбойт?" "Карасаң, кандай сулуу аял." 381 00:16:59,000 --> 00:17:01,000 "Ооба, ал абдан сулуу" дедим. 382 00:17:01,000 --> 00:17:03,000 "Индиялык бир эркекке кетип калса, эмне кылам?" 383 00:17:03,000 --> 00:17:05,000 Анын корккону ошол болчу. 384 00:17:05,000 --> 00:17:08,000 "Ал бактылуу болот. Ал сага телефон чалып турат" дедим. 385 00:17:08,000 --> 00:17:11,000 Ал байбиче катары кетип 386 00:17:11,000 --> 00:17:13,000 жолборс болуп кайтты. 387 00:17:13,000 --> 00:17:15,000 Ал учактан түшүп 388 00:17:15,000 --> 00:17:18,000 пресса менен мурдатан бери сүйлөшүп жүргөнсүп сүйлөштү. 389 00:17:18,000 --> 00:17:21,000 Ал улуттук прессаны жайкап, 390 00:17:21,000 --> 00:17:23,000 жылдыз болгон. 391 00:17:23,000 --> 00:17:26,000 Алты айдан кийин барганымда, "жолдошуң кайда?" десем. 392 00:17:26,000 --> 00:17:28,000 "Жүрөт го бир жерде. Не мааниси бар" деп койду. 393 00:17:28,000 --> 00:17:30,000 (Каткырык) 394 00:17:30,000 --> 00:17:32,000 Ийгилик окуясы. 395 00:17:32,000 --> 00:17:34,000 (Каткырык) 396 00:17:34,000 --> 00:17:37,000 (Кол чабуулар) 397 00:17:37,000 --> 00:17:43,000 Аяктаар алдында 398 00:17:43,000 --> 00:17:47,000 чечимди сырттан издөөнүн кажети жок дейм. 399 00:17:47,000 --> 00:17:49,000 Чечимдерди ич арадан издегиле. 400 00:17:49,000 --> 00:17:52,000 Маңдайыңардагы кишилерден кандай чечим болоорун уккула. 401 00:17:52,000 --> 00:17:54,000 Алар дүйнө жүзү боюнча бар. 402 00:17:54,000 --> 00:17:56,000 Кам санабаңыздар. 403 00:17:56,000 --> 00:17:59,000 Дүйнөлүк Банкты укпагыла, жергиликтүү кишилерди уккула. 404 00:17:59,000 --> 00:18:02,000 Дүйнө жүзү боюнча чечимдин ээлери ошол адамдар. 405 00:18:02,000 --> 00:18:05,000 Махатма Гандинин учкул кеби менен бүтүргүм келип турат. 406 00:18:05,000 --> 00:18:07,000 "Башында алар камаарабайт, 407 00:18:07,000 --> 00:18:09,000 анан шылдыңдайт, 408 00:18:09,000 --> 00:18:11,000 андан соң күрөшөт, 409 00:18:11,000 --> 00:18:13,000 акыры сиз жеңесиз." 410 00:18:13,000 --> 00:18:15,000 Ыракмат. 411 00:18:15,000 --> 00:18:46,000 (Кол чабуулар)