Learning from a barefoot movement
-
0:00 - 0:04Мен сиздерди башка бир дүйнөгө алып барууну каалап турам.
-
0:04 - 0:06Жана дагы сиздерге
-
0:06 - 0:1045 жылга созулган махабат окуясын бөлүшкүм келип турат.
-
0:10 - 0:13Окуя күнүмдүк жашоосуна 1 доллардан кем
-
0:13 - 0:16акча сарптап жашаган кедейлер менен болгон.
-
0:18 - 0:22Мен Индиядагы тандалгандардын, ак сөөктөрдүн окуу жайынан
-
0:22 - 0:26кымбат баалуу билимди алгам,
-
0:26 - 0:29бирок ал окуу жай мени бузуп коё жаздаган.
-
0:31 - 0:33Мен толук кандуу
-
0:33 - 0:36дипломат, мугалим, доктур
-
0:36 - 0:40болууга чамам жетмек.
-
0:40 - 0:43Кийин мен аны каалабадым, бирок мен индиялык теннис оюну боюнча үч жыл узагында
-
0:43 - 0:45улуттук чемпиону болгом.
-
0:45 - 0:47(Каткырык)
-
0:47 - 0:50Мен үчүн бүткүл дүйнө ачылган.
-
0:50 - 0:52Бардыгы менин кол астымда эле.
-
0:52 - 0:55Мен эч бир катачылык кетире алмак эмесмин.
-
0:55 - 0:57Бир күнү мен жеке кызыгуумдан улам
-
0:57 - 0:59Айылга барып, жашап, иштеп
-
0:59 - 1:01деги эле айыл деген эмне экенин көрүүнү кааладым.
-
1:01 - 1:03Ошентип 1965-жылы,
-
1:03 - 1:07мен Индияда эң запкылуу, ачкачылыкка кабылган Бихар аймагына бардым,
-
1:07 - 1:10ачкачылык, өлүм азабынан
-
1:10 - 1:13кишилердин өлүп жатканын өмүрүмдө биринчи жолу көрдүм.
-
1:13 - 1:16Бул менин турмушумду өзгөрттү.
-
1:16 - 1:18Мен үйгө кайтып келип,
-
1:18 - 1:20апама
-
1:20 - 1:23"Мен айылда жашап жана эмгектенгим келет" дедим.
-
1:23 - 1:25Апам эс учун жоготуп койду.
-
1:25 - 1:28(Каткырык)
-
1:28 - 1:30"Бул эмне дегениң?
-
1:30 - 1:33Бүткүл дүйнө сен үчүн ачык, бардык жумуштар сага даяр,
-
1:33 - 1:35сен болсо айылда жашап жана эмгектенем дейсиң?
-
1:35 - 1:37Сенин эс акылың жайындабы деги?"
-
1:37 - 1:39Мен жооп кайтардым, "Жок, мен эң мыкты билим алдым.
-
1:39 - 1:41Ал билим мени ойлондурду.
-
1:41 - 1:44Мен мунун акыбетин кайтарып берүүнү каалайм,
-
1:44 - 1:46өзүмдүн колумдан келишинче".
-
1:46 - 1:48"Сен айылда эмне кылууну каалайсың?
-
1:48 - 1:50Жумуш жок, акча жок,
-
1:50 - 1:52кооптуу, келечексиз жашоо".
-
1:52 - 1:54"Айылда жаашагым келет
-
1:54 - 1:57жана беш жыл аралыгында кудук казгым келет" деп айткам.
-
1:57 - 1:59"Беш жыл кудук казасыңбы?
-
1:59 - 2:02Сен Индиянын эң кымбат мектеби жана колледжине барып,
-
2:02 - 2:04беш жыл кудук казгың келип турабы?"
-
2:04 - 2:08Апам мени менен көпкө сүйлөшпөй жүрдү,
-
2:08 - 2:11анткени ал мени үй-бүлөнүн аброюна шек келтирип жатат деп ойлогон.
-
2:13 - 2:15Бирок кийин,
-
2:15 - 2:18мен, кедейлер ээ болгон
-
2:18 - 2:20сейрек кездешчү өзгөчө билим жана жөндөмдөргө туш болдум,
-
2:20 - 2:23булар эч качан маанилүү деп таанылып,
-
2:23 - 2:25өзгөчөлөнүп, урматталып,
-
2:25 - 2:27жана эч бир деңгээлде колдонулбаган.
-
2:27 - 2:29Ошондо мен Бэафуд Жыңайлактар Колледжин ачууну ойлодум --
-
2:29 - 2:31ал окуу жай кедейлер үчүн гана колледж.
-
2:31 - 2:33Кедейлер маанилүү деген нерселер
-
2:33 - 2:36бул колледжде окутулмак.
-
2:37 - 2:39Мен бул айылга жаңыдан келгенимде.
-
2:39 - 2:41Аксакалдар мага келип,
-
2:41 - 2:43"Сен полициядан качып жүрөсүңбү?" деп сурашты.
-
2:43 - 2:45Мен "жок" деп жооп бердим.
-
2:45 - 2:48(Каткырык)
-
2:49 - 2:51"Сен экзаменден кулап калдыңбы?"
-
2:51 - 2:53Мен "жок" деп жооп бердим.
-
2:53 - 2:56"Сен бийликтен жумуш таппадыңбы?" Мен "жок" деп жооп бердим.
-
2:56 - 2:58"Сен бул жерде эмне кылып жүрөсүң анда?
-
2:58 - 3:00Эмне үчүн бул жакка келдиң?
-
3:00 - 3:02Индиядагы билим берүү системасы
-
3:02 - 3:05Париж, Нью Дели жана Цюрих сыяктуу жерлерди эңсеттирет;
-
3:05 - 3:07сен айылда эмне кылып жүрөсүң?
-
3:07 - 3:10Сенин бизге айтпаган бир көйгөйүң барбы?"
-
3:10 - 3:13"Жок, мен колледж ачууну каалайм"
-
3:13 - 3:15кедейлер үчүн гана,
-
3:15 - 3:18Кедейлер маанилүү деген нерселер колледжде окутулат", деп жооп бердим.
-
3:18 - 3:22Ошондо аксакалдар мага маңыздуу жана маанилүү кеңеш беришти.
-
3:22 - 3:24Алар, "Өтүнөбүз,
-
3:24 - 3:27колледжиңе кандайдыр бир билим даражадагы жана квалификацияга ээ
-
3:27 - 3:29болгон бирөөлөрдү алып келбе", дешти.
-
3:29 - 3:32Эми, бул Индиядагы жалгыз колледж,
-
3:32 - 3:35эгер сиз илим доктору же магистр даражасынын ээси болсоңуз
-
3:35 - 3:37сиз бул колледжде иштөөдөн четтеттилесиз.
-
3:37 - 3:42Сиз же окуй албай калган же окуудан чыгарылган шартта гана
-
3:42 - 3:45биздин колледжде иштөө үчүн келе аласыз.
-
3:45 - 3:47Сиз өз колуңуз менен иштешиңиз керек.
-
3:47 - 3:49Эмгекти сыйлооңуз шарт.
-
3:49 - 3:52Коомчулукка сунуштай алган кандайдыр бир жөндөмүңүз бар экендигин көрсөтүшүңүз керек
-
3:52 - 3:55жана коомчулукка кызмат өтөшүңүз абзел.
-
3:55 - 3:58Ошентип Жыңайлактар Колледжи ишке кирди,
-
3:58 - 4:00биз профессионализм түшүнүгүн кайрадан аныктап чыктык.
-
4:00 - 4:02Профессионал деп кимди айтабыз?
-
4:02 - 4:04Профессионал деп
-
4:04 - 4:06өзүнүн бир шыгы, өзүнө болгон
-
4:06 - 4:09ишеними жана келечеке ишеничи болгон айкалыштыкты камтыган адам.
-
4:09 - 4:12Суу издегич адам бул профессионал.
-
4:12 - 4:14Элдик аначы
-
4:14 - 4:16бул профессионал.
-
4:16 - 4:19Элдик сөөк даарыкер бул профессионал.
-
4:19 - 4:21Булар дүйнө жүзү боюнча профессионалдар.
-
4:21 - 4:25Буларды дүйнө жүзүндөгү эң алыскы айылдардан дагы таба аласыздар.
-
4:25 - 4:28Мындай адамдар жалпы билим берүү системасына келип
-
4:28 - 4:31алар ээ болгон билим жана жөндөмдөрүн
-
4:31 - 4:33ааламдык экенин көрсөтүшү керек.
-
4:33 - 4:35Ал жөндөмдөр колдонулушу керек, иш жүзүндө пайдаланылышы керек
-
4:35 - 4:37алар сырткы дүйнөгө көрсөтүлүшү керек,
-
4:37 - 4:39бул билимдер жана жөндөмдөр
-
4:39 - 4:43бүгүн дагы талапка жооп берээри айкын.
-
4:43 - 4:45Колледж
-
4:45 - 4:49Махатма Гандинин турмуш жана иш жолунун негизинде иштейт.
-
4:49 - 4:53Жерде олтуруп тамактанасыз, жерде жатып уктайсыз, жерде иштейсиз.
-
4:53 - 4:55Эч бир келишим жок, жазылган келишимдер жок.
-
4:55 - 4:58Сиз мени менен 20 жыл бою бирге болсоңуз болот, эртең кетсеңиз дагы болот.
-
4:58 - 5:01Жана дагы эч ким айына 100 доллардан ашык акча ала албайт.
-
5:01 - 5:04Эгер акча табууга кызыктар болсоңуз, анда Жыңайлактар колледжине келип убара болбоңуз.
-
5:04 - 5:06Сиз жумуш жана маселе чечүүнү кааласаңыз,
-
5:06 - 5:08анда Жыңайлактар Колледжине келиңиз.
-
5:08 - 5:11Ал жерде биз сизди аракет кылат жана жаңы ойлорду жаратат деп күтөбүз.
-
5:11 - 5:13Кандай гана оюңуз болбосун келип аракет кылыңыз.
-
5:13 - 5:15Эгерде ийгиликке жетпей калсаңыз эч нерсе эмес.
-
5:15 - 5:18Жыгылып, кооп олтуруп, сиз кайрадан иш баштайсыз.
-
5:18 - 5:21Бул жер мугалим окуучу
-
5:21 - 5:24ал эми окуучу мугалим болгон жалгыз колледж.
-
5:24 - 5:27Жана дагы эч бир күбөлүк бербеген жалгыз колледж.
-
5:27 - 5:30Күбөлүктү сиз кызмат кылган коомчулук берет.
-
5:30 - 5:32Тамдын бооруна илинчү сиздин инженер экениңизди күбөлөгөн
-
5:32 - 5:35кагаздын кереги жок.
-
5:37 - 5:39Мына мен ушуларды айтканда,
-
5:39 - 5:42алар, "Эмне мүмкүн болоорун бизге көрсөтчү кана. Сен эмне кылып жатасың?
-
5:42 - 5:46Эгерде айткандарыңды тастыктай албасаң, анда ал куру сөз."
-
5:46 - 5:49Ошентип Жыңайлактар Колледжи курулду.
-
5:49 - 5:521986-жылы.
-
5:52 - 5:54Аны окуганды жана жазганды билбеген,
-
5:54 - 5:5612 жыңайлак архитекторлор салышты.
-
5:56 - 5:59Бир квадрат метрин 1,5 долларга
-
5:59 - 6:03150 киши ал жерде жашап дагы, иштеп дагы курушту.
-
6:03 - 6:06Алар 2002-жылы Архитектура боюнча ыйгарылган Ага Хан сыйлыгына арзышты.
-
6:06 - 6:09Ошондо алар күмөн санап, бул курулуштун артында архитектор турат дешти.
-
6:09 - 6:11Мен айттым, "Ооба, адистер кагаз бетинде долбоор даярдап беришти,
-
6:11 - 6:15бирок жыңайлак архитекторлор колледжди иш жүзүндө өзүлөрү курушту."
-
6:16 - 6:19Чындыгында, биз гана жалгыз 50,000 доллар өлчөмүндөгү сыйлыкты кайтарып бергендерденбиз,
-
6:19 - 6:21себеби алар бизге ишенген эмес,
-
6:21 - 6:25анан биз ойлонуп, алар биздин аброюбузга
-
6:25 - 6:28Тилониянын жыңайлак архитекторлоруна шек келтирип жатат дедик.
-
6:28 - 6:30Мен токойчуга суроо узаттым --
-
6:30 - 6:33жогорку деңгээлдүү, күбөлүккө ээ экспертке --
-
6:33 - 6:36Мен сурадым, "Бул жерге эмне кура аласың?" деп.
-
6:36 - 6:38Ал жерди бир карап туруп, "Бир нерсе курууну унут. Мүмкүн эмес.
-
6:38 - 6:40Аракет кылып дагы кереги жок.
-
6:40 - 6:42Суусу жок, таштак жер."
-
6:42 - 6:44Мен кысталган абалда болчумун.
-
6:44 - 6:46Анан мен айттым, "Болуптур, мен айылдын аксакалына барып
-
6:46 - 6:49"Мен бул жерге эмне өстүрсөм болот?" деген суроону берем.
-
6:49 - 6:51Ал мени унчукпастан карап, жооп узатты,
-
6:51 - 6:53"Муну кур, тигини кур, муну кош, анан бир нерсеге жетесиң" деп.
-
6:53 - 6:56Бүгүнкү күндөгү көрүнүш мына мындай.
-
6:57 - 6:59Чатырга чыксам,
-
6:59 - 7:01бардык аялдар, "Бул жерден кет.
-
7:01 - 7:04Эркектер бул жерден кетиши керек, себеби биз бул технологияны эркектер менен бөлүшкүбүз келбейт.
-
7:04 - 7:06Бул суу өтпөгөн чатыр" дешти.
-
7:06 - 7:08(Каткырык)
-
7:08 - 7:11Бул тазаланбаган пальма дарагынын шекери, бир аз заара
-
7:11 - 7:13жана дагы мен билбеген башка нерселер.
-
7:13 - 7:15Чынында чатыр суу өткөрбөйт.
-
7:15 - 7:181986-жылдан бери суу өткөргөнү жок.
-
7:18 - 7:21Бул технологияны аялдар эркектер менен бөлүшпөйт.
-
7:21 - 7:24(Каткырык)
-
7:24 - 7:26Бул жападан жалгыз колледж
-
7:26 - 7:30толугу менен күн энергиясы менен камсыз болгон.
-
7:30 - 7:32Бардык энергия күндөн алынат.
-
7:32 - 7:3445 киловаттуу такталар чатырда орнотулган.
-
7:34 - 7:36Акыркы 25 жыл аралыгында бардыгы күндөн иштеп жатат.
-
7:36 - 7:38Күндүн нуру өчмөйүн
-
7:38 - 7:40бизде энергияга байланыштуу эч бир көйгөй болбойт.
-
7:40 - 7:42Эң керемет нерсеси бул
-
7:42 - 7:45мунун бардыгы
-
7:45 - 7:48Хинду абысы тарабынан орнотулганы,
-
7:48 - 7:51ал 8 жыл гана баштапкы мектепте билим алган --
-
7:51 - 7:54орто мектепке барбаган, колледжди буту аттабаган.
-
7:54 - 7:56Күн энергиясы жөнүндө ал
-
7:56 - 8:00дүйнө жүзү боюнча эң мыкты билимдүү адам деп мен кепилдик берем.
-
8:02 - 8:04Тамак, эгерде Жыңайлактар Колледжине келсеңиздер,
-
8:04 - 8:07күндүн энергиясы менен бышырылган.
-
8:07 - 8:10Бирок ошол күн энергиясы менен иштеген мешти
-
8:10 - 8:13аялдар,
-
8:13 - 8:15сабатсыз аялдар,
-
8:15 - 8:17чынында эң мыкты
-
8:17 - 8:19күн мешин кургандар болуп саналат.
-
8:19 - 8:22Бул парабола Шефлер күн меши.
-
8:25 - 8:29Тилекке каршы, алар жарым-жартылай немецтер,
-
8:29 - 8:31алар абдан так.
-
8:31 - 8:33(Каткырык)
-
8:33 - 8:36Силер эч качан Индиянын аялдарындай тактыкты таба албайсыңар.
-
8:37 - 8:39Акыркы миллиметр карышына чейин,
-
8:39 - 8:41алар мешти жасай алышат.
-
8:41 - 8:43Күнүнө эки жолу күндүн энергиясы менен
-
8:43 - 8:4560 тамак жасалат.
-
8:45 - 8:47Бизде тиш доктур бар --
-
8:47 - 8:50ал байбиче, сабатсыз, ал тиш доктур.
-
8:50 - 8:52Ал чынында 7,000 баланын
-
8:52 - 8:55тиштерин карайт.
-
8:56 - 8:58Жыңайлак технологиясы:
-
8:58 - 9:011986-жыл -- бир дагы инженер, бир дагы архитектор ойлоп көрбөгөн --
-
9:01 - 9:04чатырдан жаан суусун чогултууну, биз чогултабыз.
-
9:04 - 9:06Аз гана суу текке коройт.
-
9:06 - 9:08Бардык чатырлар жер астындагы
-
9:08 - 9:1040,000 литрлик суу сактагычтарга туташтырылган,
-
9:10 - 9:12ошентип суу коробойт.
-
9:12 - 9:15Эгер 4 жылдык кургактыкка дуушар болсок, биздин кампус дале болсо суу менен камсыз болот,
-
9:15 - 9:17анткени биз жаандын суусун чогултабыз.
-
9:17 - 9:20Балдардын 60 пайызы мектепке барбайт,
-
9:20 - 9:22себеби алар мал кайтарышы керек --
-
9:22 - 9:24кой, эчкилер --
-
9:24 - 9:26үй жумуштары --
-
9:26 - 9:29Ошентип биз кечки мектеп ачууну ойлондук
-
9:29 - 9:31кечкисин балдарды окутуш үчүн.
-
9:31 - 9:33Тилониянын кечки мектеби ишке киргендиктен,
-
9:33 - 9:3675,000ден ашуун балдар мектепте окушту.
-
9:36 - 9:38Анткени ал баланын ыңгайлуулугуна карата болгон чара;
-
9:38 - 9:40мугалимдикине эмес.
-
9:40 - 9:42Бул мектептерден биз эмнени окутабыз?
-
9:42 - 9:44Демократия, жарандуулук,
-
9:44 - 9:47жериңдин өлчөмүн кантип өлчөө керек,
-
9:47 - 9:49эгер камака алынсаң эмне кылуу керек,
-
9:49 - 9:53үй жаныбарларың ооруп калса эмне кылууң керек.
-
9:53 - 9:55Кечки мектептен мына ушуларды окутабыз.
-
9:55 - 9:58Бардык мектептер күн энергиясы менен жарыкка ээ.
-
9:58 - 10:00Ар бир 5 жыл сайын
-
10:00 - 10:02шайлоо өткөрүп турабыз.
-
10:02 - 10:06Алты жаштан он төрт жашка чейинки балдар
-
10:06 - 10:09демократиялык процесске катыша алат,
-
10:09 - 10:13алар премьер-министрди шайлашат.
-
10:13 - 10:16Учурдагы премьер-министр 12 жашта.
-
10:17 - 10:19Ал күндүзү 20 эчкини кайтарат,
-
10:19 - 10:22кечкисин болсо премьер-министр.
-
10:22 - 10:24Анын министрлери бар,
-
10:24 - 10:27билим министри, энергия министри, саламаттык министри.
-
10:27 - 10:29Иш жүзүндө алар көзөмөл жана башкарууну
-
10:29 - 10:327000 бала окуган 150 мектептин үстүнөн өткөрүшөт.
-
10:34 - 10:36Премьер-министр кыз Дүйнөлүк Балдар Сыйлыгын 5 жыл мурун алган,
-
10:36 - 10:38Швецияга барган.
-
10:38 - 10:40Турмушунда биринчи жолу айылдан сыртка чыкканы.
-
10:40 - 10:43Швецияны эч качан көргөн эмес.
-
10:43 - 10:45Болуп жаткан нерселер аны тамшандырган эмес.
-
10:45 - 10:47Иш чарага катышып жаткан, Швециянын Канайымы,
-
10:47 - 10:50мага кайрылып, "Бул кыздан сурап бересизби өзүнө ишенүү сезимин кайдан алган?
-
10:50 - 10:52Ал болгону 12 жашта,
-
10:52 - 10:55бирок аны эч нерсе тамшандырбады, таңгалдырбады."
-
10:55 - 10:58Канайымдын сол тарабында турган ал кыз,
-
10:58 - 11:01канайымдын көзүнө тик карап жана мага кайрылып,
-
11:01 - 11:04"Бул кишиге кичи пейилдикке айтып коюңузчу, мен премьер-министрмин" деди.
-
11:04 - 11:06(Каткырык)
-
11:06 - 11:14(Кол чабуулар)
-
11:14 - 11:18Сабатсыздыктын пайыздык көрсөткүчтөрү жогору аймактарда
-
11:18 - 11:21биз куурчак театрын колдонобуз.
-
11:21 - 11:24Куурчак театры аркылуу биз баарлашабыз.
-
11:30 - 11:33Мына бул Жохим Чача
-
11:33 - 11:37ал 300 жашта.
-
11:37 - 11:40Ал менин психоаналитигим. Ал менин мугалимим.
-
11:40 - 11:42Ал менин доктурум. Ал менин жактоочум.
-
11:42 - 11:44Ал менин донорум.
-
11:44 - 11:46Ал чынында акча табат,
-
11:46 - 11:49менин талаштарымды чечет.
-
11:49 - 11:52Ал айылдагы көйгөйлөрүмдү чечет.
-
11:52 - 11:54Айылда кандайдыр бир талаш болсо,
-
11:54 - 11:56мектепке келгендердин саны азайса
-
11:56 - 11:58жана мугалим менен ата-энелер ортосунда тартышуу болсо,
-
11:58 - 12:01куурчак мугалим менен ата-энени айыл тургундарынын алдына чакырат
-
12:01 - 12:03жана "Кол алышкыла.
-
12:03 - 12:05Сабакка катыш азайбашы керек." дейт.
-
12:07 - 12:09Бул куурчактар
-
12:09 - 12:11Дүйнөлүк Банктын отчётторун кайрадан иштетүүдөн алынган кагаздан жасалган.
-
12:11 - 12:13(Каткырык)
-
12:13 - 12:20(Кол чабуулар)
-
12:20 - 12:24Ошентип децентралдаштырылган, жеңилдетилген ыкмада
-
12:24 - 12:26айылдарды күн энергиясы менен камсыздоону
-
12:26 - 12:28бүткүл Индия боюнча таркаттык
-
12:28 - 12:31Ладахтан баштап Бутанга чейинки --
-
12:33 - 12:35айылдар күн энергиясы менен камсыздалды
-
12:35 - 12:38окуудан өткөн адамдар тарабынан.
-
12:39 - 12:41Биз Ладахка барып,
-
12:41 - 12:43бир айымдан сурадык --
-
12:43 - 12:46минус 40 сууктун күнү, силер чатырдан эшикке чыгууга мажбурсуңар,
-
12:46 - 12:49анткени чыгууга жол жок, бардык тарапты кар басып салган
-
12:49 - 12:51анан бул айымдан сурадык,
-
12:51 - 12:53"Күн энергиясынан тапкан
-
12:53 - 12:55пайдаңар кандай болду?"
-
12:55 - 12:57Ал 1 мүнөткө ойлонуп туруп,
-
12:57 - 13:01"Кыштын күнү жолдошумдун жүзүн биринчи жолу көрө алганым", деп жооп берди.
-
13:01 - 13:04(Каткырык)
-
13:04 - 13:06Афганистанга бардык.
-
13:06 - 13:11Индиядан алган бир сабагыбыз
-
13:11 - 13:15эркектерди окутуу мүмкүн эмес эле.
-
13:15 - 13:19(Каткырык)
-
13:19 - 13:21Эркектер тынчтана албайт,
-
13:21 - 13:23эркектердин амбициясы жогору,
-
13:23 - 13:26эркектер токтогус кыймылдуу,
-
13:26 - 13:28жана дагы баары күбөлүк алгысы келет.
-
13:28 - 13:30(Каткырык)
-
13:30 - 13:33Бул дүйнө жүзү боюнча таркаган көрүнүш
-
13:33 - 13:35эркектер күбөлүк алууну каалашат.
-
13:35 - 13:38Эмне үчүн? Анткени алар айылдан кетип
-
13:38 - 13:41шаардан жумуш издешет.
-
13:41 - 13:44Биз укмуштуудай чечимге келдик:
-
13:44 - 13:46улгайып калган апаларды окутуу.
-
13:48 - 13:50Пикир алмашуунун эң мыкты ыкмасы
-
13:50 - 13:52бүгүн дүйнөдө кайсы?
-
13:52 - 13:54Сыналгы? Жок.
-
13:54 - 13:56Телеграф? Жок.
-
13:56 - 13:58Телефон? Жок.
-
13:58 - 14:00Аял кишиге кабар айтыңыз.
-
14:00 - 14:03(Каткырык)
-
14:03 - 14:07(Кол чабуулар)
-
14:07 - 14:09Ошентип биз биринчи жолу Афганистанга бардык,
-
14:09 - 14:11биз үч аялды тандап
-
14:11 - 14:13айттык: "Биз буларды Индияга алып кетүүнү каалайбыз" деп.
-
14:13 - 14:15Алар "бул мүмкүн эмес. Алар жада калса бөлмөлөрүнөн чыкпайт,
-
14:15 - 14:17а силер аларды Индияга алып кетебиз дейсиңер" дешти.
-
14:17 - 14:19Анда мен "Эпке келем, алардын күйөөлөрүн дагы алып кетебиз" дедим.
-
14:19 - 14:21Ошентип күйөөлөрүн дагы кошо алып жөнөдүк.
-
14:21 - 14:24Албетте, аялдар эркектерге караганда кыйла акылдуу болушту.
-
14:24 - 14:26Алты ай ичинде,
-
14:26 - 14:29бул аялдар кандай өзгөрүштү?
-
14:29 - 14:31Жаңдоо тили.
-
14:31 - 14:34Силер жазма сөз тандабайсыздар.
-
14:34 - 14:36Силер оозеки сөз тандабайсыздар.
-
14:36 - 14:39Силер жаңдоо тилин колдоносуздар.
-
14:39 - 14:41Алты ай ичинде
-
14:41 - 14:45алар күн энергиясы боюнча инженер болушат.
-
14:45 - 14:48Алар кайтып барып өзүлөрүнүн айылдарын күн энергиясы менен камсыздайт.
-
14:48 - 14:50Бул айым кайтып барып
-
14:50 - 14:53эң биринчи айылды күн энергиясы менен камсыздады,
-
14:53 - 14:55окутууну уюштуруп --
-
14:55 - 14:58Афганистандагы эң биринчи айыл күн энергиясы менен камсыздандарылды
-
14:58 - 15:01ушул үч аял тарабынан.
-
15:01 - 15:03Бул айым
-
15:03 - 15:05өзгөчө байбиче.
-
15:05 - 15:1055 жашта, Афганистанда 200 үйдү күн энергиясы менен камсыздады.
-
15:10 - 15:13Алардын иши ураган жок.
-
15:13 - 15:16Ал чынында Афганистандын инженерия бөлүмүнө барып
-
15:16 - 15:18бөлүм башчысына
-
15:18 - 15:20алмашып туруучу ток менен туруктуу токтун айырмасын түшүндүрдү.
-
15:20 - 15:22Ал муну билген эмес.
-
15:22 - 15:25Жанагы 3 аял 27 аялды окутушту
-
15:25 - 15:28жана Афганистандын 100 айылын күн энергиясы менен камсыздашты.
-
15:28 - 15:31Африкага барып,
-
15:31 - 15:33дал ушундай нерселерди жасадык.
-
15:33 - 15:36Столду тегеректеп отурган айымдар сегиз, тогуз мамлекеттен келген,
-
15:36 - 15:39бири-бири менен бир дагы сөз түшүнбөй туруп пикир алмашууда,
-
15:39 - 15:41ар кайсы тилде сүйлөгөндүктөн.
-
15:41 - 15:43Бирок алардын жаңдашып-ымдашып сүйлөшүүсү мыкты.
-
15:43 - 15:45Алар бири-бири менен сүйлөшүү аркылуу
-
15:45 - 15:47күн энергиясы боюнча инженер болуп жатышыт.
-
15:47 - 15:50Мен Сиерра Леонага барганда,
-
15:50 - 15:53түн ичинде бир министр унаасын айдап
-
15:53 - 15:55айыл жанынан өтүп бараткан болот.
-
15:55 - 15:58Айыл ичине кайрылып кирип, "Окуянын таржымалы кандай?"
-
15:58 - 16:00Алар, "Бул эки байбиче ..."
-
16:00 - 16:03"Байбичелер?" Министр укканына ишене албады.
-
16:03 - 16:06"Алар кайда барды?" "Индияга барып келишти."
-
16:06 - 16:08Президенттин өзүнө барып,
-
16:08 - 16:10министр, "Сиерра Леонада күн энергиясы менен камсыздалган айыл бар экенин билесизби?"
-
16:10 - 16:13Президент, "Жок" деп жооп берет. Байбичелер менен жолугушууга министрлердин көбү эртеси күнү жөнөшөт.
-
16:13 - 16:15"Мына ушундай окуя".
-
16:15 - 16:19Ал мени чакыртып алып, "150 байбичени окутуп бере аласызбы?" деп суроо узатты.
-
16:19 - 16:21Мен, "мырза Президент, мен окута албайм.
-
16:21 - 16:23Бирок байбичелер окута алат" дедим.
-
16:23 - 16:26Ошентип ал мага Сиерра Леонада биринчи Жыңайлактар окутуу борборун куруп берди.
-
16:26 - 16:30Сиерра Леонада ушинтип 150 байбиче окуудан өттү.
-
16:30 - 16:32Гамбия:
-
16:32 - 16:35Гамбияга байбиче тандоого бардык.
-
16:35 - 16:37Бул айылга бардык.
-
16:37 - 16:39Мен билгем кандай айымды тандоону.
-
16:39 - 16:42Коомчулук чогулуп, "Бул эки айымды алып кетиңиздер" деди.
-
16:42 - 16:44Мен, "жок, мен бул айымды алып кетем" дедим.
-
16:44 - 16:46Алар, "Эмнеге? Ал тил билбейт. Сиз аны тааныбайсыз" дешти.
-
16:46 - 16:49"Мага анын жаңдашуу тили жакты. Мага анын сүйлөгөнү жакты" дедим.
-
16:49 - 16:51"Жолдошу татаал киши, мүмкүн эмес."
-
16:51 - 16:53Жолдошун чакырттык, жолдошу -
-
16:53 - 16:56өпкөлөнгөн, саясатчы, колунда чөнтөк телефон кармаган - келип, "болбойт" деди.
-
16:56 - 16:59"Эмне үчүн болбойт?" "Карасаң, кандай сулуу аял."
-
16:59 - 17:01"Ооба, ал абдан сулуу" дедим.
-
17:01 - 17:03"Индиялык бир эркекке кетип калса, эмне кылам?"
-
17:03 - 17:05Анын корккону ошол болчу.
-
17:05 - 17:08"Ал бактылуу болот. Ал сага телефон чалып турат" дедим.
-
17:08 - 17:11Ал байбиче катары кетип
-
17:11 - 17:13жолборс болуп кайтты.
-
17:13 - 17:15Ал учактан түшүп
-
17:15 - 17:18пресса менен мурдатан бери сүйлөшүп жүргөнсүп сүйлөштү.
-
17:18 - 17:21Ал улуттук прессаны жайкап,
-
17:21 - 17:23жылдыз болгон.
-
17:23 - 17:26Алты айдан кийин барганымда, "жолдошуң кайда?" десем.
-
17:26 - 17:28"Жүрөт го бир жерде. Не мааниси бар" деп койду.
-
17:28 - 17:30(Каткырык)
-
17:30 - 17:32Ийгилик окуясы.
-
17:32 - 17:34(Каткырык)
-
17:34 - 17:37(Кол чабуулар)
-
17:37 - 17:43Аяктаар алдында
-
17:43 - 17:47чечимди сырттан издөөнүн кажети жок дейм.
-
17:47 - 17:49Чечимдерди ич арадан издегиле.
-
17:49 - 17:52Маңдайыңардагы кишилерден кандай чечим болоорун уккула.
-
17:52 - 17:54Алар дүйнө жүзү боюнча бар.
-
17:54 - 17:56Кам санабаңыздар.
-
17:56 - 17:59Дүйнөлүк Банкты укпагыла, жергиликтүү кишилерди уккула.
-
17:59 - 18:02Дүйнө жүзү боюнча чечимдин ээлери ошол адамдар.
-
18:02 - 18:05Махатма Гандинин учкул кеби менен бүтүргүм келип турат.
-
18:05 - 18:07"Башында алар камаарабайт,
-
18:07 - 18:09анан шылдыңдайт,
-
18:09 - 18:11андан соң күрөшөт,
-
18:11 - 18:13акыры сиз жеңесиз."
-
18:13 - 18:15Ыракмат.
-
18:15 - 18:46(Кол чабуулар)
- Title:
- Learning from a barefoot movement
- Speaker:
- Bunker Roy
- Description:
-
more » « less
Индиянын Ражастан аймагында өзгөчө мектебинде айылдык аялдар менен эркектер - көбү сабатсыз - өзүнүн айылдарында күн энергиясы боюнча инженер, адис, доктур, тиш доктур болууну үйрөнүшөт. Ал мектептин аталышы Бэафуд (Жыңайлактар) Колледжи, жана анын негиздөөчүсү, Банкер Рой ал окуу жайдын кандай иштээри тууралуу кеп салат.
- Video Language:
- English
- Team:
closed TED
- Project:
- TEDTalks
- Duration:
- 18:47
| Mohammad Tofighi edited Kyrgyz subtitles for Learning from a barefoot movement | ||
| Nazgul Kubakaeva added a translation |