< Return to Video

Number grid | Counting | Early Math | Khan Academy

  • 0:01 - 0:03
    Саламатсыңарбы балдар? Бул видео сабактын максаты
  • 0:03 - 0:07
    0 дөн 100 гө чейинки сандарды ирети менен жазууну өздөштүрүү болуп саналат.
  • 0:07 - 0:10
    Бирок мен мунун кызыктуу жолун көрсөтөм.
  • 0:10 - 0:12
    Балким бул бизге сандардын ичиндеги кээ бир закон ченемдүүлүктөрдү
  • 0:13 - 0:13
    көрүүгө мүмкүнчүлүк берет.
  • 0:13 - 0:19
    Анда эмесе баштайын. Мен сандарды нөлдөн баштайыннөл, бир, эки,
  • 0:20 - 0:29
    үч, төрт, беш, алты, жети, сегиз жана тогуз
  • 0:29 - 0:32
    Албетте биз билебиз кийинки саныбыз бул 10,
  • 0:32 - 0:35
    бирок 10 санын жазуунун ордуна
  • 0:35 - 0:38
    бүт баарын көчүрүп коюп,
  • 0:38 - 0:44
    бул жерге алып келели.
  • 0:44 - 0:44
    Баарыбызга маалым 9 санынан кийин
  • 0:44 - 0:48
    10 саны келет.Бирок мен 10деп жазып олтурбастан
  • 0:50 - 0:52
    нөлдүн астына 1 санын жазайын.
  • 0:52 - 0:54
    10 болду.
  • 0:54 - 0:57
    Кийинки 1 саныбыздын астына да 1ди жазсак 11 болду.
  • 0:57 - 0:58
    Андан кийинки саныбыз 12ни да ушул жол менен чыгарып көрөбүз.
  • 0:58 - 1:00
    2 санынын астына да 1 санын жазсак 12 болду.
  • 1:00 - 1:08
    Андан кийинки сандар 13, 14, 15, 16, 17, 18 жана 19.
  • 1:08 - 1:10
    17, 18 жана 19.
  • 1:10 - 1:13
    Кийинки сап бул 10дон 19 га чейинки сандар
  • 1:13 - 1:15
    карасаңар, бул биринчи сапка эле окшош
  • 1:15 - 1:17
    экинчи сандары ошондой эле сары.
  • 1:17 - 1:20
    бирок мен кызгылт көк менен сан кошуп жаздым
  • 1:20 - 1:23
    мындай ыкманы карап көрсөк, кызгылт көк менен жазылган
  • 1:23 - 1:27
    ар бир сан 10 деген санды билдирет.
  • 1:27 - 1:31
    Демек, 11ди 10 кошулган бир деп эсептесек болот.
  • 1:31 - 1:35
    12 ни болсо 10 кошулган эки деп карасак болот.
  • 1:35 - 1:38
    Анда кийинки мисалдарды да
  • 1:38 - 1:41
    карап көрөлү,
  • 1:41 - 1:43
    Келгиле анда дагы бир эң баштапкы катарды көчүрүп алып келели
  • 1:43 - 1:46
    Эми 19дан кийин кайсы сан келет?
  • 1:46 - 1:51
    Албетте 19дан кийин 20 келет.
  • 1:51 - 2:03
    Эми 20, эки жана нөл, андан кийин 21,22, 23, 24, 25, 26, 27, 28, 29.
  • 2:03 - 2:06
    Бул жерде силер закон ченемдүүлүктүкөрө алдыңар деп ойлойм.
  • 2:06 - 2:08
    Демек,кийинки катарды жазып алсак анда кантип жаза алабыз?
  • 2:08 - 2:11
    Азыр биз 30га жеттик
  • 2:11 - 2:15
    Ошондо биринчи сан 30 кошуу нөл
  • 2:15 - 2:19
    30 кошуу бир, 30 кошуу эки,30 кошуу үч, бул 33,
  • 2:19 - 2:26
    отуз торт, отуз беш, отуз алты, отуз жети, отуз сегиз, отуз тогуз.
  • 2:26 - 2:29
    Ушундай жол менен мисалдарды чыгаруу аркылуу закон ченемдүүлүгүн көрө алдыңарбы балдар?
  • 2:29 - 2:33
    Оң жакта нөлдөн баштап,бир, эки,
  • 2:33 - 2:34
    үч, төрт, беш, алты, жети,
  • 2:34 - 2:37
    сегиз, тогуз жана андан кийинсол жактагы сандарды жаздык,
  • 2:37 - 2:40
    эгер 10 жана 19га чейин санап жатсак,ар дайым жанында бир болот.
  • 2:40 - 2:42
    Эгер 20дан 29га чейин санасаң,ар дайым жанында эки болот.
  • 2:42 - 2:47
    Эгер сен 30дан 39га чейин санасаң,ар дайым үч болот.
  • 2:47 - 2:48
    Эми , кийинки сандарды жазууда канткенде
  • 2:48 - 2:51
    99 га чейин тез жазып чыксам болот?
  • 2:51 - 2:54
    Эмесе, сандарды көчүрүп алып келели да
  • 2:54 - 2:57
    Бирок 40 санын жаза элекпиз.
  • 2:57 - 3:02
    Бул көчүрүп алып келинген катар элүүнүн катары болсун, абул алтымыштын катары болсун,
  • 3:04 - 3:13
    70, 80, андан кийин 90дун катарларын да жайгаштырып алалы.
  • 3:13 - 3:19
    Буга чейин муну 40тын катары болсун дегенбиз,
  • 3:19 - 3:24
    бул элүүнүн катары болот, жана бул
  • 3:24 - 3:28
    бул алтымыштын катары.
  • 3:28 - 3:33
    бул 70тин, жана 80дин катары,
  • 3:33 - 3:39
    Сандар айырмаланып көрүнүп туруусу үчүн ар түрдүү түстү колдоноюн.
  • 3:39 - 3:43
    Кызгылт көктү кайра колдоноюн, бул 90дун катары болсун.
  • 3:43 - 3:45
    Эми жөн эле буларды алып
  • 3:45 - 3:48
    муну азыр
  • 3:48 - 3:53
    көчүрүп алып ар бир жерге дал ошондой эле жазып коеюн
  • 3:53 - 3:58
    Менде 41, 51, 61, 71, 81, жана 91 бар
  • 3:58 - 4:03
    Эми бул жерге дагы кылсак42, 52, 62, 72, 82, 92.
  • 4:03 - 4:07
    Ушул ыкма менен ар бирөөнө жазып чыксак
  • 4:07 - 4:12
    анда бул 44, 54, 64, 74, 84 жана 94.
  • 4:12 - 4:16
    Демек, балдар, сандардын арасындагы закон ченемдүүлүктү көрө алдыңарбы?
  • 4:16 - 4:20
    Силерге түшүнүктүү болдубу?
  • 4:20 - 4:29
    Ошондо нөлдөн 99га чейин толтуруп бүттүк .
  • 4:29 - 4:34
    49, 59,69,79,89,99,
  • 4:34 - 4:41
    ал эми биз бул жерге 100дү жазып алалы,
  • 4:41 - 4:45
    ошондо 0дөн 100 жазып чыктык.
  • 4:45 - 4:47
    Биздин закон ченемдүүлүк бул биз бирден
  • 4:47 - 4:50
    эки, үч, төрт, беш, алты, жети, сегиз, тогузга чейин жаздык
  • 4:50 - 4:55
    ошентип бизде 10 жана бир нөл болуп 100 алдык.
  • 4:55 - 4:57
    Балдар ушуну менен видео сабагыбыз аяктады. Тушундүңөр деген үмүттөмүн!
Title:
Number grid | Counting | Early Math | Khan Academy
Description:

more » « less
Video Language:
English
Team:
Khan Academy
Duration:
04:58

Swedish subtitles

Incomplete

Revisions Compare revisions