Саламатсыңарбы балдар? Бул видео сабактын максаты 0 дөн 100 гө чейинки сандарды ирети менен жазууну өздөштүрүү болуп саналат. Бирок мен мунун кызыктуу жолун көрсөтөм. Балким бул бизге сандардын ичиндеги кээ бир закон ченемдүүлүктөрдү көрүүгө мүмкүнчүлүк берет. Анда эмесе баштайын. Мен сандарды нөлдөн баштайыннөл, бир, эки, үч, төрт, беш, алты, жети, сегиз жана тогуз Албетте биз билебиз кийинки саныбыз бул 10, бирок 10 санын жазуунун ордуна бүт баарын көчүрүп коюп, бул жерге алып келели. Баарыбызга маалым 9 санынан кийин 10 саны келет.Бирок мен 10деп жазып олтурбастан нөлдүн астына 1 санын жазайын. 10 болду. Кийинки 1 саныбыздын астына да 1ди жазсак 11 болду. Андан кийинки саныбыз 12ни да ушул жол менен чыгарып көрөбүз. 2 санынын астына да 1 санын жазсак 12 болду. Андан кийинки сандар 13, 14, 15, 16, 17, 18 жана 19. 17, 18 жана 19. Кийинки сап бул 10дон 19 га чейинки сандар карасаңар, бул биринчи сапка эле окшош экинчи сандары ошондой эле сары. бирок мен кызгылт көк менен сан кошуп жаздым мындай ыкманы карап көрсөк, кызгылт көк менен жазылган ар бир сан 10 деген санды билдирет. Демек, 11ди 10 кошулган бир деп эсептесек болот. 12 ни болсо 10 кошулган эки деп карасак болот. Анда кийинки мисалдарды да карап көрөлү, Келгиле анда дагы бир эң баштапкы катарды көчүрүп алып келели Эми 19дан кийин кайсы сан келет? Албетте 19дан кийин 20 келет. Эми 20, эки жана нөл, андан кийин 21,22, 23, 24, 25, 26, 27, 28, 29. Бул жерде силер закон ченемдүүлүктүкөрө алдыңар деп ойлойм. Демек,кийинки катарды жазып алсак анда кантип жаза алабыз? Азыр биз 30га жеттик Ошондо биринчи сан 30 кошуу нөл 30 кошуу бир, 30 кошуу эки,30 кошуу үч, бул 33, отуз торт, отуз беш, отуз алты, отуз жети, отуз сегиз, отуз тогуз. Ушундай жол менен мисалдарды чыгаруу аркылуу закон ченемдүүлүгүн көрө алдыңарбы балдар? Оң жакта нөлдөн баштап,бир, эки, үч, төрт, беш, алты, жети, сегиз, тогуз жана андан кийинсол жактагы сандарды жаздык, эгер 10 жана 19га чейин санап жатсак,ар дайым жанында бир болот. Эгер 20дан 29га чейин санасаң,ар дайым жанында эки болот. Эгер сен 30дан 39га чейин санасаң,ар дайым үч болот. Эми , кийинки сандарды жазууда канткенде 99 га чейин тез жазып чыксам болот? Эмесе, сандарды көчүрүп алып келели да Бирок 40 санын жаза элекпиз. Бул көчүрүп алып келинген катар элүүнүн катары болсун, абул алтымыштын катары болсун, 70, 80, андан кийин 90дун катарларын да жайгаштырып алалы. Буга чейин муну 40тын катары болсун дегенбиз, бул элүүнүн катары болот, жана бул бул алтымыштын катары. бул 70тин, жана 80дин катары, Сандар айырмаланып көрүнүп туруусу үчүн ар түрдүү түстү колдоноюн. Кызгылт көктү кайра колдоноюн, бул 90дун катары болсун. Эми жөн эле буларды алып муну азыр көчүрүп алып ар бир жерге дал ошондой эле жазып коеюн Менде 41, 51, 61, 71, 81, жана 91 бар Эми бул жерге дагы кылсак42, 52, 62, 72, 82, 92. Ушул ыкма менен ар бирөөнө жазып чыксак анда бул 44, 54, 64, 74, 84 жана 94. Демек, балдар, сандардын арасындагы закон ченемдүүлүктү көрө алдыңарбы? Силерге түшүнүктүү болдубу? Ошондо нөлдөн 99га чейин толтуруп бүттүк . 49, 59,69,79,89,99, ал эми биз бул жерге 100дү жазып алалы, ошондо 0дөн 100 жазып чыктык. Биздин закон ченемдүүлүк бул биз бирден эки, үч, төрт, беш, алты, жети, сегиз, тогузга чейин жаздык ошентип бизде 10 жана бир нөл болуп 100 алдык. Балдар ушуну менен видео сабагыбыз аяктады. Тушундүңөр деген үмүттөмүн!