-
Бизде беш сан бар, биздин милдет ушул сандарды өсүү тартибинде жайгаштыруу, башкача айтканда кичине сандан чоң санга карай
-
Бул жерден белгилей кетчү нерсе, ушул беш сан тең- терс сандар
-
Келгиле ойлонолу, бул сандардын ичинен кайсынысы эң чон сан?
-
Силер мындай деп айткыңар келет?
-
"Билесиңер эгер бул сандар оң сандар болсо, 40 эң чоң сан болмок". Мумкүн силер "40-бул ушул сандардын ичинен эң чоң сан"-деп айткыңар келип аткандыр
-
... бирок, бул жерден биз "терс сан" эмнени түшүндүрөрүн түшүнүшүшүбүз керек...
-
... келгиле анда бул жөнүндө ойлонуп көрөлү.
-
Эгерде булар силердин банктык эсебиңердеги акчаңар болсо...
-
силердин оюңарча, силердин банктык эсебиңерде минус 40 доллар болгону жакшыбы же минус 7 доллар болгону жакшыбы?
-
Минус 40 доллар бул силердин банкка 40 доллар карыз экениңерди түшүндүрөт, демек бул, такыр болбой калганга караганда 40 долларга кичине
-
Ал эми банкттык эсептеги минус 7 доллар бул силердин банкка 7 доллар гана карыз экениңерди билдирет,
-
... демек, минус 40 чындыгында эле минус 7 ден кичине экен, жана
-
...ошондой эле бул сан жогорку сандардын ичинен эң кичинеси болуп эсептелет.
-
Демек, минус 40 саны эң кичине сан болду, жана муну өзүмдөгү эң кичине суммадагы акча деп эсептесек болот,
-
башкалар менен салыштырсак, алар силердин банктык эсебиңерде болсо кандай болмок,
-
... эң эле жокдегенде акча дейли.
-
Силер банкка 40 доллар карызсыңар.
-
Силерде жөн эле "акча жок" болбостон, дагы банкка 40 доллар карыз болуп турасыңар.
-
Анда жогоруда калган сандардын ичинен кичинеси минус 30, андан соң синус 25 болот,
-
андан соң кичине болуп минус 10 эсептелет,
-
демек, бул сандардын ичиен эң чоңу болуп (эң чоңун мен ачык кызгылт түс менен тартам)
-
булардын ичинен эң чоңу минус 7 болду
-
Жогорудагы силерге анча түшүнүксүз болуп жатса,
-
терс сандар деп градусниктеги цифраларды карайлы, буларды температура катары карасаңар болот,
-
Булардын ичинен эң эле "суугу" кайсы?
-
(шкалада Цельсия же Фарангейт экени мааниге ээ эмес)
-
минус 40- эң муздак температура болсо, минус 7 эң жылуу болуп эсептелет.
-
Аба минус 7 градуста жылуураак болот.
-
Дагы төмөнкүдөй ой жүгүртсөк болот
-
Келгиле ушул жерге сан түз сызыгын сызалы...
-
Эгер бул жерде 0 болсо, анда бул жерге +7 ни коелу
-
Бул сан силердин тизмеңерге кирбейт, бирок бул жерге калган сандарды жайгаштырабыз
-
Мына бул жерде минус 7 болот
-
Эгер бул жерде минус 7 болсо, анда минус 10 бул жакта болуп калат
-
Байкасаңар, биз 0 дөн уламдан -улам солго карай жылып атабыз
-
дагы ары солго жылсак, мына биздин минус 25...
-
Дагы бир аз жылсак солго карай анда бул минус 30 болот
-
Эми дагы бир аз солго жылсак, минус 40 ты алабыз
-
Демек, биз бул сандардын ичинен эң кичинеси деп
-
...сан огунун сол жагында жаткандарды айтабыз,
-
ал эми эң чоңу деп - оң жагындагыларды айтабыз.
-
-
-
-
-
-
-
-
-
-
-
-
-