0:00:00.000,0:00:03.000 Мен бүгүн бул жерде Лакота жергесинде тартылган сүрөттөрүмдү көрсөтмөкчүмүн. 0:00:04.000,0:00:06.000 Көбүңүздөр Лакота тууралуу мурда уккансыздар, 0:00:06.000,0:00:08.000 же жок дегенде андан чоңураак уруулар топтору жөнүндө 0:00:08.000,0:00:10.000 мисалга, Сиу аттуу. 0:00:10.000,0:00:13.000 Лакота уруусу башка бир топ уруулардай эле өз жерлеринен көчүрүлүп 0:00:13.000,0:00:15.000 согуш абактарынын туткуну болуп калган 0:00:15.000,0:00:17.000 андай жерлер азыркы мезгилде резервация-корук деп аталат. 0:00:17.000,0:00:19.000 Pine Ridge (Пайн Ридж) аттуу резервациясы 0:00:19.000,0:00:21.000 бүгүнкү алып баруумдун темасы болот. 0:00:21.000,0:00:23.000 Бул резервация Түштүк Дакотанын Black Hills (Блэк Хилз) деген 0:00:23.000,0:00:25.000 жеринен болжол менен 120 км чакырым алыстыгында жайгашкан. 0:00:25.000,0:00:27.000 Ал жерди кээ бирде дагы 0:00:27.000,0:00:30.000 334 номериндеги Согуш Абагынын Туткуну деп аташат, 0:00:30.000,0:00:33.000 жана ушул жерде азыркы убакта Лакота уруусу жашайт. 0:00:33.000,0:00:35.000 Кана эмесе айткылачы, араңыздарда канчооңор AIM, башкача айтканда 0:00:35.000,0:00:37.000 Америкалык Түпкүлүктүү Калктын Кыймылы тууралуу уктуңуздар эле 0:00:37.000,0:00:39.000 же болбосо Russell Means (Рассел Минз) тууралуу, 0:00:39.000,0:00:41.000 же Leonard Peltier (Леонард Пелтиер) жөнүндө, 0:00:41.000,0:00:43.000 же Огалала уругунун бийликтегилер менен болгон тирешүүсүн 0:00:43.000,0:00:46.000 билсеңиздер анда сиздер Пайн Ридж бул 0:00:46.000,0:00:49.000 Америкадагы түпкүлүктүү элдин көйгөйлөрүн чечүү боюнча даана ортосу экендигин билесиздер. 0:00:49.000,0:00:51.000 Ошентип биздин бүгүнкү жолугушуубузда менден менин 0:00:51.000,0:00:53.000 Лакота калкы менен болгон карым-катнашым тууралуу сүйлөп берүүнү суранышкан, 0:00:53.000,0:00:55.000 а бирок чындыгында ушул жөнүндө сүйлөшүү мен үчүн абдан оор. 0:00:55.000,0:00:57.000 Анткени, эгер сиздер менин денемдин түсүн байкабай калсаңыздар, 0:00:57.000,0:00:59.000 анда караңыздар, мен ак кишимин, 0:00:59.000,0:01:02.000 анан бул жагдай Түпкүлүктүү калк резервациясында абдан чоң тоскоолдук болуп эсептелет. 0:01:04.000,0:01:06.000 Бүгүнкү менин сүрөттөрүмдө сиздер көп адамдарды көрөсүздөр, 0:01:06.000,0:01:09.000 ал кишилер менен мен аябай жакын мамилелерди түздүм жана алар мени бир туугандай кылып эле тозуп алышты. 0:01:09.000,0:01:11.000 Алар мени ага жана тайаке деп аташып 0:01:11.000,0:01:13.000 беш жыл бою кайра кайра үйлөрүнө чыкырып жатышты. 0:01:13.000,0:01:15.000 Бирок Пайн Риджде 0:01:15.000,0:01:18.000 мен ар дайым "Уасишу" деген ысым менен кала берем, 0:01:18.000,0:01:21.000 Уасишу Лакота тилиндеги сөз 0:01:21.000,0:01:23.000 жана ал түпкүлүктүү калк эмес дегенди билдирет, 0:01:23.000,0:01:25.000 Васишу деген сөздүн дагы бир котормосу 0:01:25.000,0:01:29.000 "өзүнө эттин эң сонун бөлүгүн алган адамды" билгизет. 0:01:29.000,0:01:31.000 Менин сөзүмдүн маңызы мына ушунда - 0:01:31.000,0:01:33.000 эттин эң сонун бөлүгүн алган адамда болмокчу. 0:01:33.000,0:01:35.000 Бул ач көздүктү билдирет. 0:01:36.000,0:01:38.000 Мына ушул аудиторияда олтургандарды карагылачы. 0:01:38.000,0:01:41.000 Биз мына Батыш Америкадагы жеке университеттеринде окуйбуз, 0:01:41.000,0:01:44.000 азыр олтурганыбыз болсо кызыл тукабадан жабылган олтургучтар 0:01:44.000,0:01:46.000 чөнтөктөрүбүздө тыйыныбыз жетиштүү. 0:01:46.000,0:01:48.000 Биздин жашоолорубузду карасаңыздар, 0:01:48.000,0:01:50.000 биз чындыгында эле 0:01:50.000,0:01:52.000 эттин эң сонун бөлүктөрүн алганбыз. 0:01:52.000,0:01:55.000 Келгилечи бүгүн бул сүрөттөргө көңүл буралы 0:01:55.000,0:01:57.000 көп нерселерге жетишсиз болгон адамдардын 0:01:57.000,0:01:59.000 өмүрлөрүн көрөлү, 0:01:59.000,0:02:02.000 аларды билели жана ал адамдардын беттерин көргөн сайын 0:02:02.000,0:02:05.000 бул жалаң гана Лакота калкынын элестери эмес, 0:02:05.000,0:02:08.000 бул баардык түпкүлүктүү калктын мүдөөсүн үчүн турган эл экендигин түшүнөлү. 0:02:10.000,0:02:12.000 Бул жөнөкөй кагаздын бетинде 0:02:12.000,0:02:14.000 мен көргөн тарых барактары 0:02:14.000,0:02:17.000 жана мен аны Лакота досторуман жана үй-бүлөмөн үйрөндүм. 0:02:17.000,0:02:19.000 Бул тарых барактары 0:02:19.000,0:02:22.000 сүйлөшүлгөн жана бузулган келишимдерге 0:02:22.000,0:02:24.000 согуш деп көз боемочулук болгон кыргын болгон окуялар менен белгилүү. 0:02:24.000,0:02:26.000 Мен 1824 жыл менен баштаймын. 0:02:26.000,0:02:28.000 Түпкүлүктүү калк менен иштөө деп белгилүү болгон бөлүм 0:02:28.000,0:02:30.000 Согуш Департаментинин карамагында ачылып, 0:02:30.000,0:02:32.000 баскынчылыктын баштапкы деңгээлин 0:02:32.000,0:02:34.000 Түпкүлүктүү калк менен боло турган кызматташтыкта белгилеп койгон. 0:02:34.000,0:02:36.000 1851 жыл: 0:02:36.000,0:02:38.000 Форд Ларами биринчи келишимине кол коюлган, 0:02:38.000,0:02:41.000 ал болсо Лакота Улутунун чек аралырын так белгилешкен. 0:02:41.000,0:02:43.000 Келишимге ылайык, 0:02:43.000,0:02:45.000 ошол жерлер эгемендүү улуттун жерлери деп эсептелет. 0:02:45.000,0:02:47.000 Эгер келишимдеги чек аралар ошол бойдон калганда - 0:02:47.000,0:02:50.000 жана ошол мыйзам негиздерине ылайык ошондой эле болушу абзел - 0:02:50.000,0:02:53.000 анда бүгүнкү күндөрү Кошмо Штаттары мындай болмок. 0:02:55.000,0:02:57.000 10 жылдан кийин, 0:02:57.000,0:03:00.000 Линкольн Президенти Homestead Act (Хоумстед Экт) аттуу мыйзамды чыгарат, 0:03:00.000,0:03:03.000 ага ылайык Түпкүлүктүү калктын жерлерине көптөгөн ак кишилер отурукташат. 0:03:03.000,0:03:05.000 1863: 0:03:05.000,0:03:07.000 Минесота жерлеринде Санти Сиу калкынын көтөрүлүшү 0:03:07.000,0:03:10.000 38 Сиу адамдарын асып өлтүрүү менен аяктап, 0:03:10.000,0:03:13.000 Ошол мезгилдеги Кошмо Штаттарынын эң чоң жазалоолорунан болот. 0:03:14.000,0:03:16.000 Бул жазалоо Линкольн Президентинин буйругу болгон да 0:03:16.000,0:03:18.000 ал эми ага чейин эки күн мурун 0:03:18.000,0:03:21.000 Линкольн укуктарды теңдетүүгө багытталган Emancipation Proclamation (Имансипейшн прокламейшн) аттуу мыйзамга кол койгон болчу. 0:03:22.000,0:03:25.000 1866 жылы трансматериктик темир жолун куруу - 0:03:25.000,0:03:27.000 жаңы заманы башталат. 0:03:27.000,0:03:29.000 Биз бул темир поездер үчүн жана ал жолдорду кыскартыш үчүн 0:03:29.000,0:03:32.000 жергиликтүү Лакота калкынын жерлерин тартып алдык. 0:03:32.000,0:03:34.000 Келишимдердин дээрлик баардыгы ыргытылган болчу. 0:03:34.000,0:03:37.000 Ошондуктан Лакота калкынын үч уруулары чогулуп Кызыл Булут аттуу башчынын астында 0:03:37.000,0:03:40.000 Кошмо Штаттардын аскер күчтөрүнө бир топ ирет чабуул жасап аларды утушат. 0:03:40.000,0:03:42.000 Мен ушул жерди кайталагым келет. 0:03:42.000,0:03:45.000 Лакота Кошмо Штат аскерлерин утат. 0:03:45.000,0:03:48.000 1868: Экинчи Форд Ларами келишими 0:03:48.000,0:03:51.000 Улуу Сиу Улутунун эгемендүүлүгүнө даана кепилдик берет 0:03:51.000,0:03:54.000 жана Лакота элинин Black Hills (Блэк Хилз) аттуу сыйык жерлерине ээ экендигин көрсөтөт. 0:03:54.000,0:03:56.000 Жана ошондой эле Кошмо Штат өкмөтү Лакота элине алардын жанында жайгашкан 0:03:56.000,0:03:58.000 штаттарындагы башка жерлер боюнча жана уучулук боюнча укуктарын берүүгө сөз берет. 0:03:58.000,0:04:00.000 Биз мындан ары Powder River (Паудер Ривер) аймагы 0:04:00.000,0:04:03.000 ак адамдардын баардыгына жабылат деген убада бердик. 0:04:03.000,0:04:05.000 Ошентип бул келишим 0:04:05.000,0:04:07.000 Кызыл Булут менен Сиу үчүн чоң утуш болду. 0:04:07.000,0:04:10.000 Чындыгында, Американын тарыхына таянсак жергиликтүү Америка 0:04:10.000,0:04:13.000 өкмөтү тарыхта бир гана жолу ушул согушта тынчтык сүйлөшүүлөрун жүргүзүп 0:04:13.000,0:04:16.000 душмандын баардык талаптарына баш ийген. 0:04:18.000,0:04:20.000 1869: 0:04:20.000,0:04:22.000 Трансматериктик темир жолунун салыныша аяктады. 0:04:22.000,0:04:25.000 Бул жол менен ары бери көп нерселер ташылып, алар менен кошо көптөгөн аңчылар да 0:04:25.000,0:04:28.000 жүргүнчү болушуп буфало, жапайы букаларга, аңчылык кылышып, букалар менен дүн сатуулук боюнча ишкердүүлүктү башташты, 0:04:28.000,0:04:31.000 жана аны менен бирдикте Сиу элинин азык-түлүк жана кийим-кечелер булактарын жойушту. 0:04:31.000,0:04:33.000 1871: 0:04:33.000,0:04:35.000 Түпкүлүктүү калк боюнча бөлүштүрүү актысы 0:04:35.000,0:04:38.000 бүтүн түпкүлүктүү калкты федералдык өкмөткө көз карандуу болгон чөлкөмдөргө айландырды. 0:04:38.000,0:04:41.000 Буга кошумча атайын аскердик буйрук чыгарылып 0:04:41.000,0:04:44.000 батыштык түпкүлүктүү калк резервациялардан тышка чыкпоого тыйуу салынат. 0:04:44.000,0:04:46.000 Бүтүндөй батыштык түпкүлүктүү калк ошол убакыттан баштап 0:04:46.000,0:04:48.000 азыркы заманга чейин согуштун абактарында калуудо. 0:04:48.000,0:04:50.000 1871 жылы биз ошондой эле 0:04:50.000,0:04:52.000 келишимдерди түзүү адатын токтоттук. 0:04:52.000,0:04:55.000 Анткени келишимдер боюнча уруулар эгемендүү улут катары жашашмак, 0:04:55.000,0:04:57.000 бирок биз болсо андайды каалабайт элек; 0:04:57.000,0:04:59.000 бизде башкача көз караштар бар болчу. 0:04:59.000,0:05:01.000 1874: 0:05:01.000,0:05:04.000 George Custer (Жорж Кастер) генералы Лакота жергесинде алтын кендери табылгандыгы тууралуу жарыя салып чыкты, 0:05:04.000,0:05:06.000 ал кендер өзгөчө Black Hills (Блэк Хилз) жергесинде болгону айтылды. 0:05:06.000,0:05:08.000 Алтындын бар экендиги Лакота улутунун айланасына ак адамдардын көптөгөн санда 0:05:08.000,0:05:10.000 көчүп келүүсүнө алып келди. 0:05:10.000,0:05:12.000 Кастер Конгресске атайын сунуш киргизет 0:05:12.000,0:05:14.000 ага ылайык Лакота менен болгон келишим 0:05:14.000,0:05:16.000 тез аранын ичинде токтотулуш кажети белгиленет. 0:05:16.000,0:05:19.000 1875: Лакота согушу башталат 0:05:19.000,0:05:22.000 анын негизги себеби болуп Форт Ларами келишиминин бузулушу болот. 0:05:22.000,0:05:24.000 1876: 0:05:24.000,0:05:26.000 Июль айынын 26сы 0:05:26.000,0:05:28.000 Лакота кыштагын чалгындоо аракетинде 0:05:28.000,0:05:30.000 Кастердин 7чи кавалерия бөлүгү талкаланат да 0:05:30.000,0:05:32.000 бул кармаш Little Big Horn (литл биг хорн) - Кичинекей Чоң Мүйүз атына конот. 0:05:32.000,0:05:34.000 1877: 0:05:34.000,0:05:37.000 Crazy Horse (крейзи хорз) аттуу Лакота элинин мыкты берени жана башчысы 0:05:37.000,0:05:39.000 Форт Робинзон жергесинде курчалат. 0:05:39.000,0:05:42.000 Кийинчерек ал түрмөдөн өлтүрүлөт. 0:05:45.000,0:05:48.000 Ошол эле 1877 жылы биз дагы бир амал таап 0:05:48.000,0:05:50.000 Форт Ларами келишдерин одоно буздук. 0:05:50.000,0:05:53.000 Биз Сиу башчыларына жана аттуу-баштууларына жаңы келишим тартууладык 0:05:53.000,0:05:56.000 ал келишим "сат же ачкалыкта кал" деген маанайда болгон. 0:05:56.000,0:05:59.000 Келишимге кол коюуу же болбосо урууң азык-түлүксүз калат деген шарттар коюлат. 0:05:59.000,0:06:02.000 Ал келишимдерге калктагы улуулардын 10 пайызы гана кол коет. 0:06:02.000,0:06:04.000 Форт Ларами келишимине ылайык 0:06:04.000,0:06:06.000 уруунун жок дегенде үчтөн же төрттөн бир бөлүгү 0:06:06.000,0:06:08.000 жерлерди берүү үкугуна ээ болгон. 0:06:08.000,0:06:10.000 Албетте келишимдеги бул берене жокко салынган. 0:06:10.000,0:06:13.000 1887: Dawes (Доуз) актысы. 0:06:13.000,0:06:16.000 Резервациядагы жерлерге болгон коомдук менчиктик аяктайт. 0:06:16.000,0:06:19.000 Резервациялар 160 акр өлчөмдөгү бөлүкчө жерлерине бөлүнүп 0:06:19.000,0:06:21.000 түпкүлүктүү калкка бөлүштүрүлөт жана 0:06:21.000,0:06:23.000 калган үлүш жерлердин баары жоюлат. 0:06:23.000,0:06:26.000 Ошентип, уруулар миллиондогон акр өлчөмдөгү жерлерден ажырайт. 0:06:26.000,0:06:28.000 Америкалык жерге болгон жеке менчик кыялдануу 0:06:28.000,0:06:30.000 ушундай амал жолу аркылуу келип 0:06:30.000,0:06:33.000 резервация жерлеринен эч нерсе калмайынча бөлүштүрүлө берген. 0:06:33.000,0:06:35.000 Биринчиден, көчүп келүү резервацияларды талкалаган, 0:06:35.000,0:06:38.000 жана аны андан ары бөлүштүрүп, майдалап сатуу 0:06:38.000,0:06:41.000 муундан муунга улана берген. 0:06:41.000,0:06:43.000 Көпчүлүк үлүш жерлер 0:06:43.000,0:06:45.000 жана резервациялардын чегинде жайгашкан көптөгөн жеке жерлер 0:06:45.000,0:06:48.000 азыркы убакта ак фермерлердин колунда. 0:06:48.000,0:06:51.000 Кайрадан жакшы жерлерге Уасишу ээ болду. 0:06:52.000,0:06:54.000 1890 жыл менин оюмча 0:06:54.000,0:06:57.000 бул слайттардын арасында эң маанилүү күн. 0:06:57.000,0:06:59.000 Бул жылы Wounded Knee (Вундид Нии) аттуу кандуу коогалаңы болгон. 0:06:59.000,0:07:01.000 Декабрдын 29нда 0:07:01.000,0:07:04.000 Америкалык аскерлер Вундид Нии булуңунда Сиу эли жайгашкан айылды курчоого алат 0:07:04.000,0:07:06.000 жана Big Foot (Биг Фуд) аттуу эл башчысы менен бирдикте 0:07:06.000,0:07:08.000 300дөй жергиликтүү калкты аёсуз өлтүрүшөт, 0:07:08.000,0:07:10.000 бул кандуу окуяда аскерлер жаңы куралды колдонушат 0:07:10.000,0:07:12.000 ал автоматтык октор менен атылган 0:07:12.000,0:07:14.000 Hotchkiss (Хотчкис) аттуу мылтыгы болгон. 0:07:14.000,0:07:16.000 Бул салгылашуу деп аталган өлтүрүүлөр үчүн 0:07:16.000,0:07:19.000 20 Конгресстик эрдик үчүн медалдар 0:07:19.000,0:07:22.000 7чи кавалериянын жоокерлерине берилген. 0:07:22.000,0:07:24.000 Бүгүнкү күндө, 0:07:24.000,0:07:27.000 салгылашуулардын арасындагы эң жогорку дэңгээлде ыйгарылган 0:07:27.000,0:07:30.000 бул медал чоң сыйлыктуу медал болуп эсептелет. 0:07:30.000,0:07:32.000 Мына ушул медалдардын көпчүлүгү 0:07:32.000,0:07:34.000 аялдар менен жаш балдарды ырайымсыз жок кылуу үчүн берилген 0:07:34.000,0:07:36.000 мындай сыймыка жетүү Биринчи Дүйнөлүк согушта да, 0:07:36.000,0:07:38.000 Экинчи Дүйнөлүк согушта да, 0:07:38.000,0:07:40.000 Корея, Вьетнам, 0:07:40.000,0:07:43.000 Ирак жана Афганистан согуштарында да болгон эмес. 0:07:44.000,0:07:46.000 Вундид Нии кандуу коогалаңы 0:07:46.000,0:07:49.000 түпкүлүктүү калктын согушунун аяктоосу деп эсептелет. 0:07:49.000,0:07:51.000 Мен кайсыл гана жактагы 0:07:51.000,0:07:53.000 Вундид Нииде каза тапкандардын жайларына барбайын, 0:07:53.000,0:07:55.000 мен ал жайларды 0:07:55.000,0:07:57.000 жалаң гана Лакота же Сиу элдердики эмес 0:07:57.000,0:08:00.000 бирок баардык түпкүлүктүү элдердин жайларындай көрөм. 0:08:03.000,0:08:05.000 Black Elk (Блэк Илк) аттуу ыйык киши айткан бир сөз бар, 0:08:05.000,0:08:07.000 "Ошондо эмне жок болуп, түгөнгөндүгүн 0:08:07.000,0:08:09.000 мен билбей калдым. 0:08:09.000,0:08:11.000 Азыркы карыган жашымда 0:08:11.000,0:08:13.000 артымды кылчайып караганымда 0:08:13.000,0:08:15.000 Баягы өтүп кеткен аялдар менен жаш балдардын 0:08:15.000,0:08:17.000 ар тарапта үйүлүп жаткан денелери 0:08:17.000,0:08:20.000 кадимки эле ийилген капчыгайды бойлоп 0:08:23.000,0:08:25.000 мен аларды көргөндө сайды көргөндөй болуп 0:08:25.000,0:08:28.000 алардын жаш көздөрү элесимде. 0:08:31.000,0:08:34.000 Ошол кандуу жерде дагы башка нерсе түбөлүко жок болгондугун көрөм 0:08:35.000,0:08:38.000 ал ажал октору менен кошо жерге көмүлгөн. 0:08:39.000,0:08:42.000 Ал адамдардын келечеке болгон тилектери жок болгон, 0:08:42.000,0:08:45.000 жана ал тилектер аябай сонун болгон." 0:08:46.000,0:08:48.000 Бүгүнкү күн менен 0:08:48.000,0:08:51.000 Түпкүлүктүү Америка Элинин тарыхында жаңы доор пайда болду. 0:08:52.000,0:08:54.000 Баардык нерселерди ченесе болот 0:08:54.000,0:08:57.000 Вундид Нии окуясына чейин жана андан кийин. 0:08:57.000,0:08:59.000 Анткени накта ошол учурда 0:08:59.000,0:09:02.000 Хотчкисс мылтыктарын мээлеп туруп 0:09:02.000,0:09:06.000 Америка өкмөтү түпкүлүктүү калктын укуктарына болгон көз карашын ачык көрсөткөн. 0:09:06.000,0:09:08.000 Анткени алар келишимдерден чарчаган. 0:09:08.000,0:09:10.000 Алар ыйык дөбөлөрдөн чарчаган. 0:09:10.000,0:09:13.000 Алар арбак бийлеринен чарчаган. 0:09:13.000,0:09:16.000 Иши кылса алар Сиу элинин келип чыккан баардык ыңгайсыздыктарга чарчаган. 0:09:16.000,0:09:19.000 Ошондуктан алар түпкүлүктүү калкка өзүлөрүнүн эрежелерин алып келишкен. 0:09:20.000,0:09:23.000 "Мындан ары силер Түпкүлүктүү калк - Indian (Индиан)" болосуңар деп, 0:09:23.000,0:09:25.000 мылтыктары менен жергиликтүү калкты мээлеп маселени чечишкен. 0:09:30.000,0:09:32.000 1900: 0:09:32.000,0:09:35.000 Америкадагы Түпкүлүктүү калктын саны эң төмөнкү дэңгээлге жетти - 0:09:36.000,0:09:38.000 250,000 ден аз болду, 0:09:38.000,0:09:40.000 салыштырып келгенде бул калк 0:09:40.000,0:09:42.000 1492 жылы 8 миллиондогон санды түзгөн. 0:09:44.000,0:09:46.000 Шумдук ылдамдыктагы көрсөткүч. 0:09:46.000,0:09:48.000 1980: 0:09:48.000,0:09:50.000 Америка тарыхындагы эң чоң убакытка созулган сот 0:09:50.000,0:09:53.000 Сиу улуту менен Америка Кошмо Штаттарынын ортосундагы мамилени 0:09:53.000,0:09:56.000 териштирип Американын Жогорку Соту тарабынан каралган. 0:09:57.000,0:10:00.000 Соттун чечими боюнча, Сиу элин резервация жерлерине көчүрүү 0:10:00.000,0:10:03.000 жана алардын жети миллион акр чакырымдагы жерлери 0:10:03.000,0:10:06.000 жер изилдөөчүлөр жана отурукташа турган көчмөндөр үчүн берилгени 0:10:06.000,0:10:08.000 Форд Ларами экинчи келишиминин шарттарынын одоно 0:10:08.000,0:10:10.000 бузулгандыгы тууралуу тыянак чыгарган. 0:10:10.000,0:10:12.000 Сотко ылайык 0:10:12.000,0:10:14.000 Блэк Хилз жерлери мыйзамсыз түрдө тартылып алынган 0:10:14.000,0:10:16.000 жана ал жерлердин алгачкы баасына пайыз кошулуп 0:10:16.000,0:10:18.000 Сиу улутуна толук бойдон төлөнүшү керек деген тыянак чыгарылат. 0:10:18.000,0:10:20.000 Блэк Хилз үчүн төлөнө турган акы катары 0:10:20.000,0:10:23.000 Сот 106 миллион гана долларды 0:10:23.000,0:10:25.000 Сиу улутуна берилсин деп чечим чыгарат. 0:10:25.000,0:10:28.000 Сиу эли ал акчадан баш тартат жана 0:10:28.000,0:10:31.000 "Блэк Хилз жерлери сатылбайт" деген ураан менен кала берет. 0:10:31.000,0:10:33.000 2010: 0:10:33.000,0:10:36.000 Бүгүнкү күндөгү Түпкүлүктүү калктын статистикасы, 0:10:36.000,0:10:39.000 Вундид Нии коогалаңынан бир кылым убакыттан кийин, 0:10:39.000,0:10:41.000 колониялык мурастын ачыка чыгышы, 0:10:41.000,0:10:43.000 зомбулуктап элди көчүрүү 0:10:43.000,0:10:45.000 жана келишимдердин одоно бузулган окуяларга бай болду. 0:10:45.000,0:10:48.000 Пайн Ридж Түпкүлүктүү калктын резервациясындагы жумушсуздук 0:10:48.000,0:10:51.000 85 жана 90 пайыз ортосунда белгиленет. 0:10:51.000,0:10:54.000 Америкадагы үй-жай менен камсыз кылуу кызматы жаңы үйлөрдү сала албайт, 0:10:54.000,0:10:56.000 ал эми азыркы турган турак жайлар акырындан кыйрап жатышат. 0:10:56.000,0:10:58.000 Көпчүлүк эл үй-жайсыз, 0:10:58.000,0:11:00.000 ал эми үйлөрү барлар чирип бара жаткан имараттарда 0:11:00.000,0:11:02.000 беш үй-бүлөөгө чейин жашашат. 0:11:02.000,0:11:04.000 Пайн Ридждеги 39 пайыз үйлөрүндө 0:11:04.000,0:11:06.000 свет жок. 0:11:06.000,0:11:09.000 Резервациядагы дээрлик 60 пайыз үйлөр 0:11:09.000,0:11:11.000 көк дат менен капталган. 0:11:11.000,0:11:13.000 Калктын 90 пайыздан көбү 0:11:13.000,0:11:16.000 федералдык дэңгээлдеги жакырчылыктан төмөн жашашат. 0:11:16.000,0:11:19.000 Пайн Ридждеги туберкулез оорусунун дэңгээли 0:11:19.000,0:11:22.000 болжол менен алганда Америкадагы орточу эсептен сегиз эсе көп. 0:11:22.000,0:11:24.000 Жаш балдардын өлүм дэңгээли 0:11:24.000,0:11:26.000 дүйнө жүзү боюнча эң жогору 0:11:26.000,0:11:29.000 жана Америкадагы орто эсептен үч эсе жогору турат. 0:11:29.000,0:11:31.000 Жыныстык органдардын шишик оорулары 0:11:31.000,0:11:33.000 Америкадагы орто эсептен беш эсе чоң. 0:11:33.000,0:11:36.000 Мектептердеги окууларды таштоо дэңгээли 70 пайызга чейин көтөрүлдү. 0:11:36.000,0:11:38.000 Мугалимдердин жумуштарынан кетиши дэңгээли 0:11:38.000,0:11:41.000 Америкадагы орто эсептен сегиз эсе чоң. 0:11:41.000,0:11:44.000 Көпчүлүк учурларда балдар чоң-ата жана чоң-энелердин колунда чоңоюшат 0:11:44.000,0:11:47.000 анткени ата-энелер, аракчылыктын айынан, 0:11:47.000,0:11:49.000 зордук зомбулук жана негизинен көңүлдөрү жоктугунан 0:11:49.000,0:11:51.000 балдарына тарбия берип чоңойта алышпайт. 0:11:52.000,0:11:55.000 40 жаштан жогору калктын 50 пайызы 0:11:55.000,0:11:57.000 диабет оорусуна чалдыгышкан. 0:11:57.000,0:11:59.000 Эркектердин жашоо узактыгы 0:11:59.000,0:12:01.000 46 жаш менен 0:12:01.000,0:12:04.000 48 жаштардын ортосу - 0:12:04.000,0:12:06.000 жана бул көрсөткүч 0:12:06.000,0:12:09.000 Афганистан жана Сомалия өлкөлөрүндөй. 0:12:10.000,0:12:13.000 Тукум курут кылуудагы акыркы кадамдын бири 0:12:13.000,0:12:15.000 баскын тарабынан 0:12:15.000,0:12:18.000 мындайча сүрөттөлөт, 0:12:18.000,0:12:21.000 "Жараткан, бул адамдар өзүлөрүнө эмне кылып жатышат? 0:12:21.000,0:12:23.000 Алар бири бирин өлтүрүп жатышат. 0:12:23.000,0:12:25.000 Алар өзүлөрүн өлтүрүп жатышат 0:12:25.000,0:12:28.000 биз болсо ошонун баарын карап турабыз." 0:12:28.000,0:12:31.000 Бул биздин Америка Кошмо Штаттарын кандайча ээлеп алганыбызды сүрөттөйт. 0:12:31.000,0:12:33.000 Маңдайга жазылган 0:12:33.000,0:12:35.000 тагдырдын түйшүгү. 0:12:35.000,0:12:37.000 Абактагы адамдар дагы эле 0:12:37.000,0:12:39.000 бул согуш абагында төрөлүшөт 0:12:39.000,0:12:42.000 ал эми сакчылар болсо эчак кетишкен. 0:12:44.000,0:12:46.000 Шилинген сөөктөрдүн калдыгы калган бул жерде 0:12:46.000,0:12:49.000 жиликтин ырас жактары желгенден кийин. 0:12:51.000,0:12:53.000 Көп замандар мурун, 0:12:53.000,0:12:55.000 бир топ окуялардын себеби 0:12:55.000,0:12:58.000 мага окшогон адамдардан, уасишу тарабынан келип чыккан, 0:12:58.000,0:13:00.000 алардын кызыкканы жергиликтүү калктын жериндеги жер менен суу 0:13:00.000,0:13:03.000 жана алтын болгон. 0:13:03.000,0:13:05.000 Ошол окуялардын уландысы 0:13:05.000,0:13:07.000 бүгүнкү күнгө чейин бүтө элек. 0:13:07.000,0:13:11.000 Ал окуяларга тиешебиз жок болгонубуз менен азыркы басымдуулук кылып турган коомчулук катары 0:13:12.000,0:13:15.000 1890 жылкы коогалаңы, 0:13:15.000,0:13:18.000 же болбосо 150 жыл мурунку келишимдердин бир нече ирет бузулганы, 0:13:19.000,0:13:21.000 сиздер үчүн төмөнкү суроолорду туудурбай койбойт, 0:13:21.000,0:13:24.000 жогоруда айтылган статистикалар боюнча кандай оюңар бар? 0:13:25.000,0:13:27.000 Бүгүнкү күндөрдү чагылдырган бул сүрөттөрдөгү 0:13:27.000,0:13:29.000 элдин эзилгендиги менен 0:13:29.000,0:13:31.000 азыркы айтылган тарыхтын кандай байланышы бар? 0:13:31.000,0:13:33.000 Бул тарыхтын канчалык өлчөмүн 0:13:33.000,0:13:35.000 бул биздин тарых деп моюнуңуздарга алаласыздар? 0:13:35.000,0:13:38.000 Бул айтылган тарыхта сиздин канчалык жоопкерчилигиңиз бар? 0:13:39.000,0:13:42.000 Бир нерсе кылса болот, абалды оңдосо болот деген ойлор мага бир нече жолу айтылган. 0:13:42.000,0:13:45.000 Мен да ойлойм абалды оңдош заман келди деп. 0:13:45.000,0:13:48.000 Анткени мен көп убакыт бою 0:13:48.000,0:13:50.000 көргөнүмө күбө болуп эле, 0:13:50.000,0:13:53.000 көргөнүмдү сүрөттөргө тартып эле жүрдүм. 0:13:53.000,0:13:56.000 Анткени бир чечимге келүү өткөн заманда калып калгандай сезилет. 0:13:56.000,0:13:58.000 Мага ал заманга барууга замандан заманга көчүп жүрүү 0:13:58.000,0:14:00.000 машинасы эле керек болуп калды. 0:14:00.000,0:14:02.000 Түпкүлүктүү калктын кыйналганын 0:14:02.000,0:14:05.000 чечүү оңой иштерден эмес. 0:14:06.000,0:14:08.000 Андай иш кадимки эле 0:14:08.000,0:14:10.000 Хаити элине жардам берүү же, 0:14:10.000,0:14:13.000 СПИД оорусунун бүтүшүнө, же ачкачылык менен күрөшүү сыяктуу гана эмес. 0:14:13.000,0:14:15.000 Ал маселени чечүү, 0:14:15.000,0:14:18.000 басымдуулук кылып турган коомчулук үчүн жөнөкөй эле 0:14:18.000,0:14:20.000 50 доллардык чекти берип коюуу эмес 0:14:20.000,0:14:22.000 же чиркөө жардамы аркылуу барып 0:14:22.000,0:14:24.000 үйлөрдү графити краскасы менен боёп кетүү эмес, 0:14:24.000,0:14:26.000 же кембагал үй-бүлөөдөн келип берилген 0:14:26.000,0:14:29.000 андан ары кийилбей кала турган кийимдерди берип коюуу эмес. 0:14:29.000,0:14:31.000 Биз эми кайсы жака бара жатабыз? 0:14:31.000,0:14:34.000 Караңгыда айла таппай калгандай олтура береликби? 0:14:34.000,0:14:36.000 Америка Кошмо Штаттары 0:14:36.000,0:14:38.000 күн сайын 0:14:38.000,0:14:40.000 одоно түрдө 0:14:40.000,0:14:42.000 1851 жана 1868 жылдардагы 0:14:42.000,0:14:45.000 Лакота менен болгон Форд Ларами келишимдерин бузуп келүүдө. 0:14:45.000,0:14:47.000 Бүгүнкү чакырыгым - 0:14:47.000,0:14:50.000 менин TED деги тилегим аркылуу айтылат: 0:14:51.000,0:14:53.000 Келишимди сыйлагыла. 0:14:53.000,0:14:55.000 Блэк Хилз жерлерин кайра кайтып бергиле. 0:14:55.000,0:14:58.000 Ал жерлерди эмне кыла тургандыгы Түпкүлүктүү калктын өзүнүн иши. 0:15:00.000,0:15:06.000 (Кол чабуулар)