1 00:00:00,000 --> 00:00:05,000 Мен кайрымдуулук жөнүндө бул жерде исламдык көз караштан сүйлөп жатам, 2 00:00:05,000 --> 00:00:08,000 а балким менин ыйманым да чынында эле толук борукердиктин 3 00:00:08,000 --> 00:00:12,000 негизинде курулбаган болуп көрүнүшү мүмкүн. 4 00:00:12,000 --> 00:00:14,000 Бирок айтылган сөз чынында эле борукердиктин негизинде курулган. 5 00:00:14,000 --> 00:00:20,000 Биздин ыйык китебибиз, Куран, 114 бөлүктөн турат, 6 00:00:20,000 --> 00:00:24,000 алардын ар бири "бисмилла" деген сөз менен башталат, 7 00:00:24,000 --> 00:00:30,000 ал "Ырайымдуу жана Мээримдуу болгон Кудайдын аты менен" деген маанидеги сөз, 8 00:00:30,000 --> 00:00:32,000 же, сэр Ричард Бертон, 9 00:00:32,000 --> 00:00:35,000 жок, Елизавета Тейлорго үйлөнгөн Ричард Бертон эмес, 10 00:00:35,000 --> 00:00:38,000 андан бир кылым мурун жашаган Ричард Бертон, 11 00:00:38,000 --> 00:00:40,000 бүткүл дүйнөнү кыдырган саякатчы жана 12 00:00:40,000 --> 00:00:44,000 ошондой эле көптөгөн адабий иштердин котормочусу, 13 00:00:44,000 --> 00:00:51,000 аны мындай которот: "Мээрим кылуучу жана Мээримдүү боорукер Кудайдын аты менен". 14 00:00:51,000 --> 00:00:58,000 Жана Куранда төмөнкүдөй айтылат - а бул болсо мусулмандар үчүн Кудайдын адамзатка болгон кайрылуусу болуп эсептелет - 15 00:00:58,000 --> 00:01:01,000 Кудай, Мухаммед (САВ) пайгамбарга, 16 00:01:01,000 --> 00:01:04,000 - биз аны (пайгамбарды) бүт болгон пайгамбарлардын акыркысы болгонуна ишенебиз, 17 00:01:04,000 --> 00:01:10,000 алардын ичинде: Адамдан (АС) тартып, Нух (АС), Муса (АС), Ибрахим (АС), 18 00:01:10,000 --> 00:01:14,000 Иса (АС) жана аягында да Мухаммед (САВ) - 19 00:01:14,000 --> 00:01:17,000 айтат: "Биз сени, о Мухаммед, 20 00:01:17,000 --> 00:01:23,000 бүткүл ааламдарга мээрим катары жөнөттүк". 21 00:01:23,000 --> 00:01:27,000 Бүткүл адамзатка жана өзгөчө бизге, мусулмандарга, 22 00:01:27,000 --> 00:01:32,000 Пайгамбарыбыздын (САВ) жолун карманууда максатыбыз бул 23 00:01:32,000 --> 00:01:36,000 өзүбүздү эң жакшы түрдө Пайгамбарга (САВ) окшоштуру, 24 00:01:36,000 --> 00:01:38,000 анан дагы Пайгамбар (САВ) бир сөзүндө айткандай 25 00:01:38,000 --> 00:01:43,000 "Өзүңүздү Кудайдын сапаттары менен жакшылагыла". 26 00:01:43,000 --> 00:01:49,000 Себеби Кудай өзүнүн эң алгачкы сапаты катары да боорукердикти белгилейт, 27 00:01:49,000 --> 00:01:54,000 чынында да, Куран мындай айтылат "Кудай өзүнө боорукердикти шарт кылды", 28 00:01:54,000 --> 00:01:58,000 же "Кудай өзүн мээрим аркылуу падышалыкка алып келди". 29 00:01:58,000 --> 00:02:05,000 Ошондуктан, биздин максатыбыз мээримдүүлүктүн булагы болуу керек, 30 00:02:05,000 --> 00:02:09,000 мээримдүүлүкту жандандыргандан, мээримдүүлүктү туткандардан, 31 00:02:09,000 --> 00:02:13,000 сүйлөгөндөрдөн жана кылгандардан болуу керек. 32 00:02:13,000 --> 00:02:16,000 Мунун баары жакшы, 33 00:02:16,000 --> 00:02:19,000 бирок биз кайсы жерде жаңылып жатабыз, 34 00:02:19,000 --> 00:02:24,000 жана дүйнөдө мээримдүүлүктүн жок болушунун себеби эмнеде? 35 00:02:24,000 --> 00:02:29,000 Буга жооп бериш үчүн, биз руханий жолубузга кайрылабыз. 36 00:02:29,000 --> 00:02:36,000 Ар бир диний традицияда ички жана сырткы деп айтылган жолдору бар, 37 00:02:36,000 --> 00:02:41,000 же экзотерик (ачык) жана эзотерик (сырдуу) жолдору. 38 00:02:41,000 --> 00:02:49,000 Исламдын эзотерик жолу көбүнчө Суфизм деген аты менен белгилүү, же тасаввуф, арабча. 39 00:02:49,000 --> 00:02:52,000 Ошол усталар же чеберлер, 40 00:02:52,000 --> 00:02:56,000 Суфизмдин руханий устаттары, 41 00:02:56,000 --> 00:03:00,000 биздин Пайгамбарыбыздын (САВ) окуусуна жана өрнөктөрүнө кайрылышат, 42 00:03:00,000 --> 00:03:04,000 алар болсо [окуусу жана өрнөктөрү] биздин проблемаларабыздын себептерин көрсөтөт. 43 00:03:04,000 --> 00:03:08,000 Пайгамбар (САВ) башкарган салгылашуулардын бирисинде, 44 00:03:08,000 --> 00:03:13,000 ал (САВ) жактоочуларына мындай дейт: "Биз кичинекей согуштан кайтып, 45 00:03:13,000 --> 00:03:17,000 чоңураак согушка, чоңураак салгылашууга бара жатабыз". 46 00:03:17,000 --> 00:03:22,000 Анда алар айтышат: "Кудайдын элчиси, биз согуштан чарчадык. 47 00:03:22,000 --> 00:03:25,000 Кантип биз чоңураак согушка барышыбыз мүмкүн?" 48 00:03:25,000 --> 00:03:33,000 Ал (САВ) мындай дейт: "Бул өзүбүз менен болгон согуш, менчилдигибизге каршы". 49 00:03:33,000 --> 00:03:42,000 Адамзаттын кыйынчылыктары бүт эгоизмден туулат, мен дегенден. 50 00:03:42,000 --> 00:03:48,000 Сиздерге жакшы эле белгилүү болгон, суфизмдин таанымал устаты, Руминин 51 00:03:48,000 --> 00:03:54,000 мындай окуясы бар - бир киши досунун үйүнө барып, 52 00:03:54,000 --> 00:03:57,000 эшигин кагат экен, 53 00:03:57,000 --> 00:04:00,000 андан бир үн "Бул ким?" деп сурайт. 54 00:04:00,000 --> 00:04:05,000 "Мен" [англисче "It's me"], адабийиреек тил менен айтканда, "Бул мен" деп жооп берет экен, 55 00:04:05,000 --> 00:04:07,000 биз кээде англисче айткандай. 56 00:04:07,000 --> 00:04:10,000 Үн болсо ага "Жогол!" дейт экен. 57 00:04:10,000 --> 00:04:18,000 Көп жылдык машыгуудан, даярдануудан, изденүүдөн жана күрөштөн кийин, 58 00:04:18,000 --> 00:04:20,000 ал киши кайра кайтып, 59 00:04:20,000 --> 00:04:24,000 көбүрөөк токтоолук менен эшикти дагы бир жолу какканда, 60 00:04:24,000 --> 00:04:27,000 ошол эле үн кайра "Ким бул?" деп сурайт экен. 61 00:04:27,000 --> 00:04:31,000 Анда ал "Бул сен, оо кыйнаган" 62 00:04:31,000 --> 00:04:35,000 Ошол ан эшик ачылып, жанакы үн мындай дейт: 63 00:04:35,000 --> 00:04:42,000 "Кир, себеби бул үйдө эки "Мен"ге орун жок". 64 00:04:42,000 --> 00:04:46,000 эки чоң I, жок, бул көздөр [англисче eyes] эмес, эки Эго. 65 00:04:46,000 --> 00:04:55,000 Бул Руминин окуялары руханий жолдун метафоралары. 66 00:04:55,000 --> 00:05:01,000 Кудай болгон жерде экинчи эгонун болушу мүмкүн эмес, 67 00:05:01,000 --> 00:05:06,000 ал болсо дагы Кудайдын Эгосу. 68 00:05:06,000 --> 00:05:10,000 Бизде хадис кудси делген бир сабакта 69 00:05:10,000 --> 00:05:16,000 Кудай айтат: "Менин кулум" же "Мен жараткан адам баласы 70 00:05:16,000 --> 00:05:22,000 Мага эң жагымдуу болгон, Мен андан талап кылган 71 00:05:22,000 --> 00:05:25,000 жол менен гана жакындай алат". 72 00:05:25,000 --> 00:05:29,000 Араңарда иш берүүчүлөр бар болсо, мени жакшы түшүнүп жатышкандыр. 73 00:05:29,000 --> 00:05:33,000 Сизге иштеген адамдардан эмненин аткарылышын сурасаңыз, ошонун жыйынтыгын күтөсүз, 74 00:05:33,000 --> 00:05:35,000 Ал иш кылынган соң, үстүнө дагы кошумча иш берилиши мүмкүн, 75 00:05:35,000 --> 00:05:38,000 а бирок эмне талап кылынган болсо, ал эч четке кагылбайт. 76 00:05:38,000 --> 00:05:44,000 Анан дагы Кудай мындай дейт: «Менин кулдарым, алардан талап кылынгандан 77 00:05:44,000 --> 00:05:47,000 дагы көпту аткарган сайын, Мага ошончолук жакындап," - 78 00:05:47,000 --> 00:05:49,000 буга кошумча ишеним десек болсо керек, 79 00:05:49,000 --> 00:05:53,000 - "аягында Менин сүйүүмө жетишишет. 80 00:05:53,000 --> 00:05:56,000 Ошентип, Мен кулумду сүйгөндө" - Кудай айтат, 81 00:05:56,000 --> 00:06:02,000 "Мен анын көргөн көздөрү, 82 00:06:02,000 --> 00:06:08,000 уккан кулактары, 83 00:06:08,000 --> 00:06:13,000 кармаган колдору, 84 00:06:13,000 --> 00:06:17,000 жана баскан буттары, 85 00:06:17,000 --> 00:06:22,000 жана түшүнгөн жүрөгү боломун" 86 00:06:22,000 --> 00:06:27,000 Бул биздин Кудай менен болгон жакындашуубуз, 87 00:06:27,000 --> 00:06:35,000 биздин сабагыбыз жана руханий жолубуздун, ыйманыбыздын максаты. 88 00:06:35,000 --> 00:06:41,000 Мусулмандар Исаны (АС) суфизмдин устаты катары, 89 00:06:41,000 --> 00:06:48,000 руханий жолго көп көңүл бурган, эң чоң пайгамбар катары билип таанышат. 90 00:06:48,000 --> 00:06:52,000 Ал (АС) "Мен рухмун, мен жолмун" дегенде, 91 00:06:52,000 --> 00:06:57,000 Мухаммед пайгамбар (САВ) "Ким мени көргөн болсо, ал Кудайды көргөн болот" деп айтканда, 92 00:06:57,000 --> 00:07:02,000 Мунун себеби, алар Кудайдын эн жакын куралы болуп калгандыгында, 93 00:07:02,000 --> 00:07:04,000 алар Кудайдын буусунун бир бөлүгү болуп калгандыгындан, 94 00:07:04,000 --> 00:07:08,000 ошентип, Кудайдын максаты алар [пайгамбарлар] аркылуу өзүн көрсөтүү болгон, 95 00:07:08,000 --> 00:07:12,000 алардын өз эргинен иш кылдыруу эмес. 96 00:07:12,000 --> 00:07:19,000 Дүйнөдө мээримдүүлүк бар, ал биздин өзүбүздө. 97 00:07:19,000 --> 00:07:24,000 Жалгыз керек болгон нерсе, өз эгобузду жолдон алып, 98 00:07:24,000 --> 00:07:27,000 өз эгоизмибизди четке кагуу керек. 99 00:07:27,000 --> 00:07:35,000 Мен ишенем, балким бул жердеги баарыңар, аз дегенде, көбүңүз 100 00:07:35,000 --> 00:07:39,000 руханий бир "тажрыйба" деп аталган нерсени сезсеңиз керек 101 00:07:39,000 --> 00:07:46,000 - бул, жашообуздагы бир учур, бир-эки секундка узаган, көп болсо бир мүнөткө, 102 00:07:46,000 --> 00:07:52,000 ошондо биздин эгобуздун чектери өчүрүлөт. 103 00:07:52,000 --> 00:07:59,000 Жана ошол мүнөттө сиздин сезимиңиз аалам менен, 104 00:07:59,000 --> 00:08:05,000 о бир кумурадагы суу менен, ар бир адам менен бирге болот, 105 00:08:05,000 --> 00:08:09,000 Жаратуучу менен бирге болот, 106 00:08:09,000 --> 00:08:14,000 анан сиз бир күчтүн, коркуунун келишин сезесиз, 107 00:08:14,000 --> 00:08:18,000 эң терең сүйүүнү, жошооңузда эч көрбөгөн 108 00:08:18,000 --> 00:08:22,000 эң терең мээримдүүлүктү жана боорукердикти сезесиз. 109 00:08:22,000 --> 00:08:28,000 Бул учур, Кудайдын бизге болгон белеги, 110 00:08:28,000 --> 00:08:32,000 "мен, мен, мени, мени, мага, мага" дей беришибиздин чектерин 111 00:08:32,000 --> 00:08:38,000 кыска мөөнөткө өчүрөтурган бир белек, 112 00:08:38,000 --> 00:08:42,000 тескеринче, "мен" дебестен, Руминин окуясындагы адамдай болуп, 113 00:08:42,000 --> 00:08:48,000 биз "О, мунун баары Сенсин" дейбиз. 114 00:08:48,000 --> 00:08:50,000 Мунун баары Сенсин. Мунун бары бизбиз. 115 00:08:50,000 --> 00:08:56,000 "Биз" жана "Мен" дегендин баары Сенин бөлүктөрүң. 116 00:08:56,000 --> 00:09:02,000 Жаратуучу, бүт максаттар, жашообуздун булактары 117 00:09:02,000 --> 00:09:04,000 жана саякатыбыздын аягы. 118 00:09:04,000 --> 00:09:09,000 Анан дагы Сен биздин жүрөктөрүбүздү үзүүчүсүң. 119 00:09:09,000 --> 00:09:15,000 Сен мындай затсын - баарыбыз Сага карай болушубуз керек, Сенин максатың атыңа жашайбыз, 120 00:09:15,000 --> 00:09:19,000 Сенин максатың атыңа өлөбүз, 121 00:09:19,000 --> 00:09:23,000 Сенин максатың атыңа биз кайрадан тирилтилебиз, 122 00:09:23,000 --> 00:09:30,000 канчалык Сенин атыңа мээримдүү болгондубузга жараша. 123 00:09:30,000 --> 00:09:34,000 Биздин бүгүнкү кабарыбыз, бүгүнкү максатыбыз, 124 00:09:34,000 --> 00:09:37,000 ушул жерде болгондордун 125 00:09:37,000 --> 00:09:42,000 жана ушул Мээримдуулук хартиябыздын максаты – бул эстетуу. 126 00:09:42,000 --> 00:09:50,000 Куран ар дайым бизди эстеп жүрүбүзгө чакырат, бир-бирибизди эстетишибизге, 127 00:09:50,000 --> 00:09:58,000 себеби чындык билими ар бир адам баласында. 128 00:09:58,000 --> 00:10:01,000 Баарыбыз муну билебиз. 129 00:10:01,000 --> 00:10:03,000 Баарыбыз ага жетише алабыз. 130 00:10:03,000 --> 00:10:07,000 Юнг муну "сокур сезим" деп айтышы мумкун эле. 131 00:10:07,000 --> 00:10:11,000 Сокур сезим аркылуу, түштөрүңүздөрдө, 132 00:10:11,000 --> 00:10:19,000 айтмакчы, түш, Куранда кичинекей өлүм, 133 00:10:19,000 --> 00:10:23,000 убактылуу өлүм деп айтылат. 134 00:10:23,000 --> 00:10:28,000 Уктап жатканда биз түштөрдү, ар кандай көрүнүштөрдү көрөбүз, 135 00:10:28,000 --> 00:10:34,000 жадаганда, денебизден чыгып саякат кылабыз, 136 00:10:34,000 --> 00:10:37,000 көбүбүз да сонун нерселерди көрөбүз. 137 00:10:37,000 --> 00:10:42,000 Биз билген мейкиндик чектеринен ашкан, 138 00:10:42,000 --> 00:10:46,000 биз билген убакыт чектеринен ашкан саякаттарды кылабыз. 139 00:10:46,000 --> 00:10:56,000 Бирок мунун баары жалгыз гана биринчи аты Мээрим кылуучу, Мээримдүү 140 00:10:56,000 --> 00:11:02,000 болгон Кудайды даңктоо үчүн. 141 00:11:02,000 --> 00:11:09,000 Кудай, Бог, Аны биз эмне дебейли, Аллах, Рам, Ом, 142 00:11:09,000 --> 00:11:12,000 Аны эмне деп атабайлы, 143 00:11:12,000 --> 00:11:16,000 Ага жетүүнү, 144 00:11:16,000 --> 00:11:22,000 Ал абсолюттук заттын орун алган жери, 145 00:11:22,000 --> 00:11:26,000 Ал чексиз сүйүү, боорукердик жана мээримдүүлүк, 146 00:11:26,000 --> 00:11:29,000 чекчиз билим жана акылмандуулук, 147 00:11:29,000 --> 00:11:32,000 индустар аны "сатчидананда" дешет. 148 00:11:32,000 --> 00:11:35,000 Тилдер айырмаланат, 149 00:11:35,000 --> 00:11:39,000 бирок объект бир. 150 00:11:39,000 --> 00:11:41,000 Руминин дагы бир окуясы бар, 151 00:11:41,000 --> 00:11:44,000 үч адам жөнүндө – турк, араб, 152 00:11:44,000 --> 00:11:48,000 жана, үчүнчүсүн унутуп калдым, бирок, жанылышбасам, малай болушу мүмкүн. 153 00:11:48,000 --> 00:11:51,000 Бириси "ангорду" сурайт, мейли, аны англиялык деп коёлу, 154 00:11:51,000 --> 00:11:56,000 бири "энебти" сурайт, дагы бири жүзүмдү сурайт. 155 00:11:56,000 --> 00:11:59,000 Анан алар чырдашып, урушушат, себеби 156 00:11:59,000 --> 00:12:03,000 бириси ангор каалайт, бириси энеб каалайт, бириси жүзүм каалайт, 157 00:12:03,000 --> 00:12:06,000 талашкандары ар кайсы тилде башкача айтылганы менен, 158 00:12:06,000 --> 00:12:09,000 бир гана нерсени түшүндүргөнүн билбестен чырдашышат. 159 00:12:09,000 --> 00:12:15,000 Жалгыз гана бир абсолюттук чындык бар аныктоосу менен алсак, 160 00:12:15,000 --> 00:12:18,000 бир гана абсолюттук зат бар аныктоосу менен алсак, 161 00:12:18,000 --> 00:12:21,000 себеби абсолют, анын маанисине карасак, жалгыз дегенди билдирет, 162 00:12:21,000 --> 00:12:24,000 чексиз жана бир. 163 00:12:24,000 --> 00:12:27,000 Тиричиликтин абсолюттук топтоолушу, 164 00:12:27,000 --> 00:12:30,000 сезимдин абсолюттук топтоолушу, 165 00:12:30,000 --> 00:12:40,000 түшүүнүнүн; мээримдүүлүктүн жана сүйүүнүн чексиз оорундалышы 166 00:12:40,000 --> 00:12:44,000 Кудайдын эң маанилүү касиеттерин аныктайт. 167 00:12:44,000 --> 00:12:47,000 Ушул айтылгандар дагы 168 00:12:47,000 --> 00:12:52,000 Адам болуунун биринчи касиеттери болууга тийиш. 169 00:12:52,000 --> 00:12:58,000 Адамзатты баяндаган, балким биологиялык тараптан, 170 00:12:58,000 --> 00:13:01,000 бул биздин психологиябыз, 171 00:13:01,000 --> 00:13:09,000 а Кудай болсо, бизди руханий жактан, табиятыбыздан баяндайт. 172 00:13:09,000 --> 00:13:13,000 Куранда айтылат, Ал периштерилерине кайрылып айтат: 173 00:13:13,000 --> 00:13:17,000 "Мен Адамды (АС) топурактан жасап, 174 00:13:17,000 --> 00:13:21,000 ага Өз рухумдан үйлөгөнүмдө, 175 00:13:21,000 --> 00:13:25,000 ошондо силер ага таазим кылып, саламдашкыла". 176 00:13:25,000 --> 00:13:33,000 Периштелер таазим кылышат, бирок кишинин денесине эмес, 177 00:13:33,000 --> 00:13:36,000 кишинин рухуна. 178 00:13:36,000 --> 00:13:40,000 Эмне учун? Себеби, рух, кишинин руху, 179 00:13:40,000 --> 00:13:46,000 Кудай деминин бир бөлүгүн сүрөттөйт, 180 00:13:46,000 --> 00:13:49,000 рухунун бир бөлүгүн сүрөттөйт. 181 00:13:49,000 --> 00:13:54,000 Бул жөнүндө Инжилде дагы баяндалат, 182 00:13:54,000 --> 00:14:00,000 мисалы, биз Кудайдын келепетинде жаратылгандыгыбыз туралуу үйрөтүүсү. 183 00:14:00,000 --> 00:14:02,000 Кудайдын келбети кандай? 184 00:14:02,000 --> 00:14:06,000 Кудайдын келбети бул абсолюттук маңыз, 185 00:14:06,000 --> 00:14:09,000 чекчиз билүү, билим жана акылмандык, 186 00:14:09,000 --> 00:14:12,000 чексиз мээримдүүлүк жана сүйүү. 187 00:14:12,000 --> 00:14:16,000 Ошондуктан, биздин адам болушубуз үчүн, 188 00:14:16,000 --> 00:14:20,000 мүмкүн болгон эң жогорку мазмундагы адам болуу үчүн, 189 00:14:20,000 --> 00:14:23,000 мүмкүн болгон эң кубанычтуу абалда адам болуу учун 190 00:14:23,000 --> 00:14:29,000 биз эң дурус түрдө, 191 00:14:29,000 --> 00:14:33,000 бизде болгон Кудайд рухунун башкаруучусу болушубуз керек, 192 00:14:33,000 --> 00:14:38,000 ошондой эле, өзүбүздө болгон жандык касиетти мыктылоого умтулуу, 193 00:14:38,000 --> 00:14:41,000 тируу жандыктын, бытиенин (турмуштун) касиетин, 194 00:14:41,000 --> 00:14:46,000 акылмандуулуктун, сезимдин, билүүнүн касиетин, 195 00:14:46,000 --> 00:14:51,000 жана мээримдүү болуунун, сүйүмдүүлөрдүн касиетин. 196 00:14:51,000 --> 00:14:57,000 Бул менин диний традициямдан түшүнгөнүм, 197 00:14:57,000 --> 00:15:04,000 жана бул менин башка диний традицияларды окуп түшүнгөнүм, 198 00:15:04,000 --> 00:15:10,000 ошондой эле, бул баарыбыз таяна турган жалпы бир платформа, 199 00:15:10,000 --> 00:15:13,000 качан гана биз ошол платформага таянганыбызда, 200 00:15:13,000 --> 00:15:19,000 мен ишенем, биз дүйнөнү кереметтендиришибиз мүмкүн. 201 00:15:19,000 --> 00:15:25,000 Ошондой эле, менин жеке өз оюма караганда, биз жолдун четиндебиз, 202 00:15:25,000 --> 00:15:29,000 жана сизге окшогон адамдардын жардамы жана катышуусу менен 203 00:15:29,000 --> 00:15:35,000 Исаянын (АС) айткандарын ишке ашыралабыз. 204 00:15:35,000 --> 00:15:39,000 Ал (АС) болсо келечекте бир убакытты алдын ала айткан, 205 00:15:39,000 --> 00:15:46,000 ошол заманда адамдар кылычтарын сокого алмаштырышып, 206 00:15:46,000 --> 00:15:52,000 согушту үйрөнбөстөн, эч согушушбайт экен. 207 00:15:52,000 --> 00:15:58,000 Биз адам тарыхында башка эч шарт калбаган бир учурга келдик. 208 00:15:58,000 --> 00:16:07,000 Биз милдеттүүбүз; биз өз эголорубузду азайтууга милдеттүүбүз, 209 00:16:07,000 --> 00:16:12,000 ал жеке болобу, менчик болобу, 210 00:16:12,000 --> 00:16:18,000 үй-бүлөлүк бу, же улуттук бу, башкарууга милдеттүүбүз, 211 00:16:18,000 --> 00:16:23,000 анын баарын жалгыз гана Бирөөну даңктоого жумшашыбыз керек. 212 00:16:23,000 --> 00:16:25,000 Ыракмат, Кудай жардам берсин. 213 00:16:25,000 --> 00:16:26,000 (Кол чабуулар)