0:00:00.000,0:00:05.000 Мен кайрымдуулук жөнүндө бул жерде исламдык көз караштан сүйлөп жатам, 0:00:05.000,0:00:08.000 а балким менин ыйманым да чынында эле толук борукердиктин 0:00:08.000,0:00:12.000 негизинде курулбаган болуп көрүнүшү мүмкүн. 0:00:12.000,0:00:14.000 Бирок айтылган сөз чынында эле борукердиктин негизинде курулган. 0:00:14.000,0:00:20.000 Биздин ыйык китебибиз, Куран, 114 бөлүктөн турат, 0:00:20.000,0:00:24.000 алардын ар бири "бисмилла" деген сөз менен башталат, 0:00:24.000,0:00:30.000 ал "Ырайымдуу жана Мээримдуу болгон Кудайдын аты менен" деген маанидеги сөз, 0:00:30.000,0:00:32.000 же, сэр Ричард Бертон, 0:00:32.000,0:00:35.000 жок, Елизавета Тейлорго үйлөнгөн Ричард Бертон эмес, 0:00:35.000,0:00:38.000 андан бир кылым мурун жашаган Ричард Бертон, 0:00:38.000,0:00:40.000 бүткүл дүйнөнү кыдырган саякатчы жана 0:00:40.000,0:00:44.000 ошондой эле көптөгөн адабий иштердин котормочусу, 0:00:44.000,0:00:51.000 аны мындай которот: "Мээрим кылуучу жана Мээримдүү боорукер Кудайдын аты менен". 0:00:51.000,0:00:58.000 Жана Куранда төмөнкүдөй айтылат - а бул болсо мусулмандар үчүн Кудайдын адамзатка болгон кайрылуусу болуп эсептелет - 0:00:58.000,0:01:01.000 Кудай, Мухаммед (САВ) пайгамбарга, 0:01:01.000,0:01:04.000 - биз аны (пайгамбарды) бүт болгон пайгамбарлардын акыркысы болгонуна ишенебиз, 0:01:04.000,0:01:10.000 алардын ичинде: Адамдан (АС) тартып, Нух (АС), Муса (АС), Ибрахим (АС), 0:01:10.000,0:01:14.000 Иса (АС) жана аягында да Мухаммед (САВ) - 0:01:14.000,0:01:17.000 айтат: "Биз сени, о Мухаммед, 0:01:17.000,0:01:23.000 бүткүл ааламдарга мээрим катары жөнөттүк". 0:01:23.000,0:01:27.000 Бүткүл адамзатка жана өзгөчө бизге, мусулмандарга, 0:01:27.000,0:01:32.000 Пайгамбарыбыздын (САВ) жолун карманууда максатыбыз бул 0:01:32.000,0:01:36.000 өзүбүздү эң жакшы түрдө Пайгамбарга (САВ) окшоштуру, 0:01:36.000,0:01:38.000 анан дагы Пайгамбар (САВ) бир сөзүндө айткандай 0:01:38.000,0:01:43.000 "Өзүңүздү Кудайдын сапаттары менен жакшылагыла". 0:01:43.000,0:01:49.000 Себеби Кудай өзүнүн эң алгачкы сапаты катары да боорукердикти белгилейт, 0:01:49.000,0:01:54.000 чынында да, Куран мындай айтылат "Кудай өзүнө боорукердикти шарт кылды", 0:01:54.000,0:01:58.000 же "Кудай өзүн мээрим аркылуу падышалыкка алып келди". 0:01:58.000,0:02:05.000 Ошондуктан, биздин максатыбыз мээримдүүлүктүн булагы болуу керек, 0:02:05.000,0:02:09.000 мээримдүүлүкту жандандыргандан, мээримдүүлүктү туткандардан, 0:02:09.000,0:02:13.000 сүйлөгөндөрдөн жана кылгандардан болуу керек. 0:02:13.000,0:02:16.000 Мунун баары жакшы, 0:02:16.000,0:02:19.000 бирок биз кайсы жерде жаңылып жатабыз, 0:02:19.000,0:02:24.000 жана дүйнөдө мээримдүүлүктүн жок болушунун себеби эмнеде? 0:02:24.000,0:02:29.000 Буга жооп бериш үчүн, биз руханий жолубузга кайрылабыз. 0:02:29.000,0:02:36.000 Ар бир диний традицияда ички жана сырткы деп айтылган жолдору бар, 0:02:36.000,0:02:41.000 же экзотерик (ачык) жана эзотерик (сырдуу) жолдору. 0:02:41.000,0:02:49.000 Исламдын эзотерик жолу көбүнчө Суфизм деген аты менен белгилүү, же тасаввуф, арабча. 0:02:49.000,0:02:52.000 Ошол усталар же чеберлер, 0:02:52.000,0:02:56.000 Суфизмдин руханий устаттары, 0:02:56.000,0:03:00.000 биздин Пайгамбарыбыздын (САВ) окуусуна жана өрнөктөрүнө кайрылышат, 0:03:00.000,0:03:04.000 алар болсо [окуусу жана өрнөктөрү] биздин проблемаларабыздын себептерин көрсөтөт. 0:03:04.000,0:03:08.000 Пайгамбар (САВ) башкарган салгылашуулардын бирисинде, 0:03:08.000,0:03:13.000 ал (САВ) жактоочуларына мындай дейт: "Биз кичинекей согуштан кайтып, 0:03:13.000,0:03:17.000 чоңураак согушка, чоңураак салгылашууга бара жатабыз". 0:03:17.000,0:03:22.000 Анда алар айтышат: "Кудайдын элчиси, биз согуштан чарчадык. 0:03:22.000,0:03:25.000 Кантип биз чоңураак согушка барышыбыз мүмкүн?" 0:03:25.000,0:03:33.000 Ал (САВ) мындай дейт: "Бул өзүбүз менен болгон согуш, менчилдигибизге каршы". 0:03:33.000,0:03:42.000 Адамзаттын кыйынчылыктары бүт эгоизмден туулат, мен дегенден. 0:03:42.000,0:03:48.000 Сиздерге жакшы эле белгилүү болгон, суфизмдин таанымал устаты, Руминин 0:03:48.000,0:03:54.000 мындай окуясы бар - бир киши досунун үйүнө барып, 0:03:54.000,0:03:57.000 эшигин кагат экен, 0:03:57.000,0:04:00.000 андан бир үн "Бул ким?" деп сурайт. 0:04:00.000,0:04:05.000 "Мен" [англисче "It's me"], адабийиреек тил менен айтканда, "Бул мен" деп жооп берет экен, 0:04:05.000,0:04:07.000 биз кээде англисче айткандай. 0:04:07.000,0:04:10.000 Үн болсо ага "Жогол!" дейт экен. 0:04:10.000,0:04:18.000 Көп жылдык машыгуудан, даярдануудан, изденүүдөн жана күрөштөн кийин, 0:04:18.000,0:04:20.000 ал киши кайра кайтып, 0:04:20.000,0:04:24.000 көбүрөөк токтоолук менен эшикти дагы бир жолу какканда, 0:04:24.000,0:04:27.000 ошол эле үн кайра "Ким бул?" деп сурайт экен. 0:04:27.000,0:04:31.000 Анда ал "Бул сен, оо кыйнаган" 0:04:31.000,0:04:35.000 Ошол ан эшик ачылып, жанакы үн мындай дейт: 0:04:35.000,0:04:42.000 "Кир, себеби бул үйдө эки "Мен"ге орун жок". 0:04:42.000,0:04:46.000 эки чоң I, жок, бул көздөр [англисче eyes] эмес, эки Эго. 0:04:46.000,0:04:55.000 Бул Руминин окуялары руханий жолдун метафоралары. 0:04:55.000,0:05:01.000 Кудай болгон жерде экинчи эгонун болушу мүмкүн эмес, 0:05:01.000,0:05:06.000 ал болсо дагы Кудайдын Эгосу. 0:05:06.000,0:05:10.000 Бизде хадис кудси делген бир сабакта 0:05:10.000,0:05:16.000 Кудай айтат: "Менин кулум" же "Мен жараткан адам баласы 0:05:16.000,0:05:22.000 Мага эң жагымдуу болгон, Мен андан талап кылган 0:05:22.000,0:05:25.000 жол менен гана жакындай алат". 0:05:25.000,0:05:29.000 Араңарда иш берүүчүлөр бар болсо, мени жакшы түшүнүп жатышкандыр. 0:05:29.000,0:05:33.000 Сизге иштеген адамдардан эмненин аткарылышын сурасаңыз, ошонун жыйынтыгын күтөсүз, 0:05:33.000,0:05:35.000 Ал иш кылынган соң, үстүнө дагы кошумча иш берилиши мүмкүн, 0:05:35.000,0:05:38.000 а бирок эмне талап кылынган болсо, ал эч четке кагылбайт. 0:05:38.000,0:05:44.000 Анан дагы Кудай мындай дейт: «Менин кулдарым, алардан талап кылынгандан 0:05:44.000,0:05:47.000 дагы көпту аткарган сайын, Мага ошончолук жакындап," - 0:05:47.000,0:05:49.000 буга кошумча ишеним десек болсо керек, 0:05:49.000,0:05:53.000 - "аягында Менин сүйүүмө жетишишет. 0:05:53.000,0:05:56.000 Ошентип, Мен кулумду сүйгөндө" - Кудай айтат, 0:05:56.000,0:06:02.000 "Мен анын көргөн көздөрү, 0:06:02.000,0:06:08.000 уккан кулактары, 0:06:08.000,0:06:13.000 кармаган колдору, 0:06:13.000,0:06:17.000 жана баскан буттары, 0:06:17.000,0:06:22.000 жана түшүнгөн жүрөгү боломун" 0:06:22.000,0:06:27.000 Бул биздин Кудай менен болгон жакындашуубуз, 0:06:27.000,0:06:35.000 биздин сабагыбыз жана руханий жолубуздун, ыйманыбыздын максаты. 0:06:35.000,0:06:41.000 Мусулмандар Исаны (АС) суфизмдин устаты катары, 0:06:41.000,0:06:48.000 руханий жолго көп көңүл бурган, эң чоң пайгамбар катары билип таанышат. 0:06:48.000,0:06:52.000 Ал (АС) "Мен рухмун, мен жолмун" дегенде, 0:06:52.000,0:06:57.000 Мухаммед пайгамбар (САВ) "Ким мени көргөн болсо, ал Кудайды көргөн болот" деп айтканда, 0:06:57.000,0:07:02.000 Мунун себеби, алар Кудайдын эн жакын куралы болуп калгандыгында, 0:07:02.000,0:07:04.000 алар Кудайдын буусунун бир бөлүгү болуп калгандыгындан, 0:07:04.000,0:07:08.000 ошентип, Кудайдын максаты алар [пайгамбарлар] аркылуу өзүн көрсөтүү болгон, 0:07:08.000,0:07:12.000 алардын өз эргинен иш кылдыруу эмес. 0:07:12.000,0:07:19.000 Дүйнөдө мээримдүүлүк бар, ал биздин өзүбүздө. 0:07:19.000,0:07:24.000 Жалгыз керек болгон нерсе, өз эгобузду жолдон алып, 0:07:24.000,0:07:27.000 өз эгоизмибизди четке кагуу керек. 0:07:27.000,0:07:35.000 Мен ишенем, балким бул жердеги баарыңар, аз дегенде, көбүңүз 0:07:35.000,0:07:39.000 руханий бир "тажрыйба" деп аталган нерсени сезсеңиз керек 0:07:39.000,0:07:46.000 - бул, жашообуздагы бир учур, бир-эки секундка узаган, көп болсо бир мүнөткө, 0:07:46.000,0:07:52.000 ошондо биздин эгобуздун чектери өчүрүлөт. 0:07:52.000,0:07:59.000 Жана ошол мүнөттө сиздин сезимиңиз аалам менен, 0:07:59.000,0:08:05.000 о бир кумурадагы суу менен, ар бир адам менен бирге болот, 0:08:05.000,0:08:09.000 Жаратуучу менен бирге болот, 0:08:09.000,0:08:14.000 анан сиз бир күчтүн, коркуунун келишин сезесиз, 0:08:14.000,0:08:18.000 эң терең сүйүүнү, жошооңузда эч көрбөгөн 0:08:18.000,0:08:22.000 эң терең мээримдүүлүктү жана боорукердикти сезесиз. 0:08:22.000,0:08:28.000 Бул учур, Кудайдын бизге болгон белеги, 0:08:28.000,0:08:32.000 "мен, мен, мени, мени, мага, мага" дей беришибиздин чектерин 0:08:32.000,0:08:38.000 кыска мөөнөткө өчүрөтурган бир белек, 0:08:38.000,0:08:42.000 тескеринче, "мен" дебестен, Руминин окуясындагы адамдай болуп, 0:08:42.000,0:08:48.000 биз "О, мунун баары Сенсин" дейбиз. 0:08:48.000,0:08:50.000 Мунун баары Сенсин. Мунун бары бизбиз. 0:08:50.000,0:08:56.000 "Биз" жана "Мен" дегендин баары Сенин бөлүктөрүң. 0:08:56.000,0:09:02.000 Жаратуучу, бүт максаттар, жашообуздун булактары 0:09:02.000,0:09:04.000 жана саякатыбыздын аягы. 0:09:04.000,0:09:09.000 Анан дагы Сен биздин жүрөктөрүбүздү үзүүчүсүң. 0:09:09.000,0:09:15.000 Сен мындай затсын - баарыбыз Сага карай болушубуз керек, Сенин максатың атыңа жашайбыз, 0:09:15.000,0:09:19.000 Сенин максатың атыңа өлөбүз, 0:09:19.000,0:09:23.000 Сенин максатың атыңа биз кайрадан тирилтилебиз, 0:09:23.000,0:09:30.000 канчалык Сенин атыңа мээримдүү болгондубузга жараша. 0:09:30.000,0:09:34.000 Биздин бүгүнкү кабарыбыз, бүгүнкү максатыбыз, 0:09:34.000,0:09:37.000 ушул жерде болгондордун 0:09:37.000,0:09:42.000 жана ушул Мээримдуулук хартиябыздын максаты – бул эстетуу. 0:09:42.000,0:09:50.000 Куран ар дайым бизди эстеп жүрүбүзгө чакырат, бир-бирибизди эстетишибизге, 0:09:50.000,0:09:58.000 себеби чындык билими ар бир адам баласында. 0:09:58.000,0:10:01.000 Баарыбыз муну билебиз. 0:10:01.000,0:10:03.000 Баарыбыз ага жетише алабыз. 0:10:03.000,0:10:07.000 Юнг муну "сокур сезим" деп айтышы мумкун эле. 0:10:07.000,0:10:11.000 Сокур сезим аркылуу, түштөрүңүздөрдө, 0:10:11.000,0:10:19.000 айтмакчы, түш, Куранда кичинекей өлүм, 0:10:19.000,0:10:23.000 убактылуу өлүм деп айтылат. 0:10:23.000,0:10:28.000 Уктап жатканда биз түштөрдү, ар кандай көрүнүштөрдү көрөбүз, 0:10:28.000,0:10:34.000 жадаганда, денебизден чыгып саякат кылабыз, 0:10:34.000,0:10:37.000 көбүбүз да сонун нерселерди көрөбүз. 0:10:37.000,0:10:42.000 Биз билген мейкиндик чектеринен ашкан, 0:10:42.000,0:10:46.000 биз билген убакыт чектеринен ашкан саякаттарды кылабыз. 0:10:46.000,0:10:56.000 Бирок мунун баары жалгыз гана биринчи аты Мээрим кылуучу, Мээримдүү 0:10:56.000,0:11:02.000 болгон Кудайды даңктоо үчүн. 0:11:02.000,0:11:09.000 Кудай, Бог, Аны биз эмне дебейли, Аллах, Рам, Ом, 0:11:09.000,0:11:12.000 Аны эмне деп атабайлы, 0:11:12.000,0:11:16.000 Ага жетүүнү, 0:11:16.000,0:11:22.000 Ал абсолюттук заттын орун алган жери, 0:11:22.000,0:11:26.000 Ал чексиз сүйүү, боорукердик жана мээримдүүлүк, 0:11:26.000,0:11:29.000 чекчиз билим жана акылмандуулук, 0:11:29.000,0:11:32.000 индустар аны "сатчидананда" дешет. 0:11:32.000,0:11:35.000 Тилдер айырмаланат, 0:11:35.000,0:11:39.000 бирок объект бир. 0:11:39.000,0:11:41.000 Руминин дагы бир окуясы бар, 0:11:41.000,0:11:44.000 үч адам жөнүндө – турк, араб, 0:11:44.000,0:11:48.000 жана, үчүнчүсүн унутуп калдым, бирок, жанылышбасам, малай болушу мүмкүн. 0:11:48.000,0:11:51.000 Бириси "ангорду" сурайт, мейли, аны англиялык деп коёлу, 0:11:51.000,0:11:56.000 бири "энебти" сурайт, дагы бири жүзүмдү сурайт. 0:11:56.000,0:11:59.000 Анан алар чырдашып, урушушат, себеби 0:11:59.000,0:12:03.000 бириси ангор каалайт, бириси энеб каалайт, бириси жүзүм каалайт, 0:12:03.000,0:12:06.000 талашкандары ар кайсы тилде башкача айтылганы менен, 0:12:06.000,0:12:09.000 бир гана нерсени түшүндүргөнүн билбестен чырдашышат. 0:12:09.000,0:12:15.000 Жалгыз гана бир абсолюттук чындык бар аныктоосу менен алсак, 0:12:15.000,0:12:18.000 бир гана абсолюттук зат бар аныктоосу менен алсак, 0:12:18.000,0:12:21.000 себеби абсолют, анын маанисине карасак, жалгыз дегенди билдирет, 0:12:21.000,0:12:24.000 чексиз жана бир. 0:12:24.000,0:12:27.000 Тиричиликтин абсолюттук топтоолушу, 0:12:27.000,0:12:30.000 сезимдин абсолюттук топтоолушу, 0:12:30.000,0:12:40.000 түшүүнүнүн; мээримдүүлүктүн жана сүйүүнүн чексиз оорундалышы 0:12:40.000,0:12:44.000 Кудайдын эң маанилүү касиеттерин аныктайт. 0:12:44.000,0:12:47.000 Ушул айтылгандар дагы 0:12:47.000,0:12:52.000 Адам болуунун биринчи касиеттери болууга тийиш. 0:12:52.000,0:12:58.000 Адамзатты баяндаган, балким биологиялык тараптан, 0:12:58.000,0:13:01.000 бул биздин психологиябыз, 0:13:01.000,0:13:09.000 а Кудай болсо, бизди руханий жактан, табиятыбыздан баяндайт. 0:13:09.000,0:13:13.000 Куранда айтылат, Ал периштерилерине кайрылып айтат: 0:13:13.000,0:13:17.000 "Мен Адамды (АС) топурактан жасап, 0:13:17.000,0:13:21.000 ага Өз рухумдан үйлөгөнүмдө, 0:13:21.000,0:13:25.000 ошондо силер ага таазим кылып, саламдашкыла". 0:13:25.000,0:13:33.000 Периштелер таазим кылышат, бирок кишинин денесине эмес, 0:13:33.000,0:13:36.000 кишинин рухуна. 0:13:36.000,0:13:40.000 Эмне учун? Себеби, рух, кишинин руху, 0:13:40.000,0:13:46.000 Кудай деминин бир бөлүгүн сүрөттөйт, 0:13:46.000,0:13:49.000 рухунун бир бөлүгүн сүрөттөйт. 0:13:49.000,0:13:54.000 Бул жөнүндө Инжилде дагы баяндалат, 0:13:54.000,0:14:00.000 мисалы, биз Кудайдын келепетинде жаратылгандыгыбыз туралуу үйрөтүүсү. 0:14:00.000,0:14:02.000 Кудайдын келбети кандай? 0:14:02.000,0:14:06.000 Кудайдын келбети бул абсолюттук маңыз, 0:14:06.000,0:14:09.000 чекчиз билүү, билим жана акылмандык, 0:14:09.000,0:14:12.000 чексиз мээримдүүлүк жана сүйүү. 0:14:12.000,0:14:16.000 Ошондуктан, биздин адам болушубуз үчүн, 0:14:16.000,0:14:20.000 мүмкүн болгон эң жогорку мазмундагы адам болуу үчүн, 0:14:20.000,0:14:23.000 мүмкүн болгон эң кубанычтуу абалда адам болуу учун 0:14:23.000,0:14:29.000 биз эң дурус түрдө, 0:14:29.000,0:14:33.000 бизде болгон Кудайд рухунун башкаруучусу болушубуз керек, 0:14:33.000,0:14:38.000 ошондой эле, өзүбүздө болгон жандык касиетти мыктылоого умтулуу, 0:14:38.000,0:14:41.000 тируу жандыктын, бытиенин (турмуштун) касиетин, 0:14:41.000,0:14:46.000 акылмандуулуктун, сезимдин, билүүнүн касиетин, 0:14:46.000,0:14:51.000 жана мээримдүү болуунун, сүйүмдүүлөрдүн касиетин. 0:14:51.000,0:14:57.000 Бул менин диний традициямдан түшүнгөнүм, 0:14:57.000,0:15:04.000 жана бул менин башка диний традицияларды окуп түшүнгөнүм, 0:15:04.000,0:15:10.000 ошондой эле, бул баарыбыз таяна турган жалпы бир платформа, 0:15:10.000,0:15:13.000 качан гана биз ошол платформага таянганыбызда, 0:15:13.000,0:15:19.000 мен ишенем, биз дүйнөнү кереметтендиришибиз мүмкүн. 0:15:19.000,0:15:25.000 Ошондой эле, менин жеке өз оюма караганда, биз жолдун четиндебиз, 0:15:25.000,0:15:29.000 жана сизге окшогон адамдардын жардамы жана катышуусу менен 0:15:29.000,0:15:35.000 Исаянын (АС) айткандарын ишке ашыралабыз. 0:15:35.000,0:15:39.000 Ал (АС) болсо келечекте бир убакытты алдын ала айткан, 0:15:39.000,0:15:46.000 ошол заманда адамдар кылычтарын сокого алмаштырышып, 0:15:46.000,0:15:52.000 согушту үйрөнбөстөн, эч согушушбайт экен. 0:15:52.000,0:15:58.000 Биз адам тарыхында башка эч шарт калбаган бир учурга келдик. 0:15:58.000,0:16:07.000 Биз милдеттүүбүз; биз өз эголорубузду азайтууга милдеттүүбүз, 0:16:07.000,0:16:12.000 ал жеке болобу, менчик болобу, 0:16:12.000,0:16:18.000 үй-бүлөлүк бу, же улуттук бу, башкарууга милдеттүүбүз, 0:16:18.000,0:16:23.000 анын баарын жалгыз гана Бирөөну даңктоого жумшашыбыз керек. 0:16:23.000,0:16:25.000 Ыракмат, Кудай жардам берсин. 0:16:25.000,0:16:26.000 (Кол чабуулар)