Мен кайрымдуулук жөнүндө бул жерде исламдык көз караштан сүйлөп жатам,
а балким менин ыйманым да чынында эле толук борукердиктин
негизинде курулбаган болуп көрүнүшү мүмкүн.
Бирок айтылган сөз чынында эле борукердиктин негизинде курулган.
Биздин ыйык китебибиз, Куран, 114 бөлүктөн турат,
алардын ар бири "бисмилла" деген сөз менен башталат,
ал "Ырайымдуу жана Мээримдуу болгон Кудайдын аты менен" деген маанидеги сөз,
же, сэр Ричард Бертон,
жок, Елизавета Тейлорго үйлөнгөн Ричард Бертон эмес,
андан бир кылым мурун жашаган Ричард Бертон,
бүткүл дүйнөнү кыдырган саякатчы жана
ошондой эле көптөгөн адабий иштердин котормочусу,
аны мындай которот: "Мээрим кылуучу жана Мээримдүү боорукер Кудайдын аты менен".
Жана Куранда төмөнкүдөй айтылат - а бул болсо мусулмандар үчүн Кудайдын адамзатка болгон кайрылуусу болуп эсептелет -
Кудай, Мухаммед (САВ) пайгамбарга,
- биз аны (пайгамбарды) бүт болгон пайгамбарлардын акыркысы болгонуна ишенебиз,
алардын ичинде: Адамдан (АС) тартып, Нух (АС), Муса (АС), Ибрахим (АС),
Иса (АС) жана аягында да Мухаммед (САВ) -
айтат: "Биз сени, о Мухаммед,
бүткүл ааламдарга мээрим катары жөнөттүк".
Бүткүл адамзатка жана өзгөчө бизге, мусулмандарга,
Пайгамбарыбыздын (САВ) жолун карманууда максатыбыз бул
өзүбүздү эң жакшы түрдө Пайгамбарга (САВ) окшоштуру,
анан дагы Пайгамбар (САВ) бир сөзүндө айткандай
"Өзүңүздү Кудайдын сапаттары менен жакшылагыла".
Себеби Кудай өзүнүн эң алгачкы сапаты катары да боорукердикти белгилейт,
чынында да, Куран мындай айтылат "Кудай өзүнө боорукердикти шарт кылды",
же "Кудай өзүн мээрим аркылуу падышалыкка алып келди".
Ошондуктан, биздин максатыбыз мээримдүүлүктүн булагы болуу керек,
мээримдүүлүкту жандандыргандан, мээримдүүлүктү туткандардан,
сүйлөгөндөрдөн жана кылгандардан болуу керек.
Мунун баары жакшы,
бирок биз кайсы жерде жаңылып жатабыз,
жана дүйнөдө мээримдүүлүктүн жок болушунун себеби эмнеде?
Буга жооп бериш үчүн, биз руханий жолубузга кайрылабыз.
Ар бир диний традицияда ички жана сырткы деп айтылган жолдору бар,
же экзотерик (ачык) жана эзотерик (сырдуу) жолдору.
Исламдын эзотерик жолу көбүнчө Суфизм деген аты менен белгилүү, же тасаввуф, арабча.
Ошол усталар же чеберлер,
Суфизмдин руханий устаттары,
биздин Пайгамбарыбыздын (САВ) окуусуна жана өрнөктөрүнө кайрылышат,
алар болсо [окуусу жана өрнөктөрү] биздин проблемаларабыздын себептерин көрсөтөт.
Пайгамбар (САВ) башкарган салгылашуулардын бирисинде,
ал (САВ) жактоочуларына мындай дейт: "Биз кичинекей согуштан кайтып,
чоңураак согушка, чоңураак салгылашууга бара жатабыз".
Анда алар айтышат: "Кудайдын элчиси, биз согуштан чарчадык.
Кантип биз чоңураак согушка барышыбыз мүмкүн?"
Ал (САВ) мындай дейт: "Бул өзүбүз менен болгон согуш, менчилдигибизге каршы".
Адамзаттын кыйынчылыктары бүт эгоизмден туулат, мен дегенден.
Сиздерге жакшы эле белгилүү болгон, суфизмдин таанымал устаты, Руминин
мындай окуясы бар - бир киши досунун үйүнө барып,
эшигин кагат экен,
андан бир үн "Бул ким?" деп сурайт.
"Мен" [англисче "It's me"], адабийиреек тил менен айтканда, "Бул мен" деп жооп берет экен,
биз кээде англисче айткандай.
Үн болсо ага "Жогол!" дейт экен.
Көп жылдык машыгуудан, даярдануудан, изденүүдөн жана күрөштөн кийин,
ал киши кайра кайтып,
көбүрөөк токтоолук менен эшикти дагы бир жолу какканда,
ошол эле үн кайра "Ким бул?" деп сурайт экен.
Анда ал "Бул сен, оо кыйнаган"
Ошол ан эшик ачылып, жанакы үн мындай дейт:
"Кир, себеби бул үйдө эки "Мен"ге орун жок".
эки чоң I, жок, бул көздөр [англисче eyes] эмес, эки Эго.
Бул Руминин окуялары руханий жолдун метафоралары.
Кудай болгон жерде экинчи эгонун болушу мүмкүн эмес,
ал болсо дагы Кудайдын Эгосу.
Бизде хадис кудси делген бир сабакта
Кудай айтат: "Менин кулум" же "Мен жараткан адам баласы
Мага эң жагымдуу болгон, Мен андан талап кылган
жол менен гана жакындай алат".
Араңарда иш берүүчүлөр бар болсо, мени жакшы түшүнүп жатышкандыр.
Сизге иштеген адамдардан эмненин аткарылышын сурасаңыз, ошонун жыйынтыгын күтөсүз,
Ал иш кылынган соң, үстүнө дагы кошумча иш берилиши мүмкүн,
а бирок эмне талап кылынган болсо, ал эч четке кагылбайт.
Анан дагы Кудай мындай дейт: «Менин кулдарым, алардан талап кылынгандан
дагы көпту аткарган сайын, Мага ошончолук жакындап," -
буга кошумча ишеним десек болсо керек,
- "аягында Менин сүйүүмө жетишишет.
Ошентип, Мен кулумду сүйгөндө" - Кудай айтат,
"Мен анын көргөн көздөрү,
уккан кулактары,
кармаган колдору,
жана баскан буттары,
жана түшүнгөн жүрөгү боломун"
Бул биздин Кудай менен болгон жакындашуубуз,
биздин сабагыбыз жана руханий жолубуздун, ыйманыбыздын максаты.
Мусулмандар Исаны (АС) суфизмдин устаты катары,
руханий жолго көп көңүл бурган, эң чоң пайгамбар катары билип таанышат.
Ал (АС) "Мен рухмун, мен жолмун" дегенде,
Мухаммед пайгамбар (САВ) "Ким мени көргөн болсо, ал Кудайды көргөн болот" деп айтканда,
Мунун себеби, алар Кудайдын эн жакын куралы болуп калгандыгында,
алар Кудайдын буусунун бир бөлүгү болуп калгандыгындан,
ошентип, Кудайдын максаты алар [пайгамбарлар] аркылуу өзүн көрсөтүү болгон,
алардын өз эргинен иш кылдыруу эмес.
Дүйнөдө мээримдүүлүк бар, ал биздин өзүбүздө.
Жалгыз керек болгон нерсе, өз эгобузду жолдон алып,
өз эгоизмибизди четке кагуу керек.
Мен ишенем, балким бул жердеги баарыңар, аз дегенде, көбүңүз
руханий бир "тажрыйба" деп аталган нерсени сезсеңиз керек
- бул, жашообуздагы бир учур, бир-эки секундка узаган, көп болсо бир мүнөткө,
ошондо биздин эгобуздун чектери өчүрүлөт.
Жана ошол мүнөттө сиздин сезимиңиз аалам менен,
о бир кумурадагы суу менен, ар бир адам менен бирге болот,
Жаратуучу менен бирге болот,
анан сиз бир күчтүн, коркуунун келишин сезесиз,
эң терең сүйүүнү, жошооңузда эч көрбөгөн
эң терең мээримдүүлүктү жана боорукердикти сезесиз.
Бул учур, Кудайдын бизге болгон белеги,
"мен, мен, мени, мени, мага, мага" дей беришибиздин чектерин
кыска мөөнөткө өчүрөтурган бир белек,
тескеринче, "мен" дебестен, Руминин окуясындагы адамдай болуп,
биз "О, мунун баары Сенсин" дейбиз.
Мунун баары Сенсин. Мунун бары бизбиз.
"Биз" жана "Мен" дегендин баары Сенин бөлүктөрүң.
Жаратуучу, бүт максаттар, жашообуздун булактары
жана саякатыбыздын аягы.
Анан дагы Сен биздин жүрөктөрүбүздү үзүүчүсүң.
Сен мындай затсын - баарыбыз Сага карай болушубуз керек, Сенин максатың атыңа жашайбыз,
Сенин максатың атыңа өлөбүз,
Сенин максатың атыңа биз кайрадан тирилтилебиз,
канчалык Сенин атыңа мээримдүү болгондубузга жараша.
Биздин бүгүнкү кабарыбыз, бүгүнкү максатыбыз,
ушул жерде болгондордун
жана ушул Мээримдуулук хартиябыздын максаты – бул эстетуу.
Куран ар дайым бизди эстеп жүрүбүзгө чакырат, бир-бирибизди эстетишибизге,
себеби чындык билими ар бир адам баласында.
Баарыбыз муну билебиз.
Баарыбыз ага жетише алабыз.
Юнг муну "сокур сезим" деп айтышы мумкун эле.
Сокур сезим аркылуу, түштөрүңүздөрдө,
айтмакчы, түш, Куранда кичинекей өлүм,
убактылуу өлүм деп айтылат.
Уктап жатканда биз түштөрдү, ар кандай көрүнүштөрдү көрөбүз,
жадаганда, денебизден чыгып саякат кылабыз,
көбүбүз да сонун нерселерди көрөбүз.
Биз билген мейкиндик чектеринен ашкан,
биз билген убакыт чектеринен ашкан саякаттарды кылабыз.
Бирок мунун баары жалгыз гана биринчи аты Мээрим кылуучу, Мээримдүү
болгон Кудайды даңктоо үчүн.
Кудай, Бог, Аны биз эмне дебейли, Аллах, Рам, Ом,
Аны эмне деп атабайлы,
Ага жетүүнү,
Ал абсолюттук заттын орун алган жери,
Ал чексиз сүйүү, боорукердик жана мээримдүүлүк,
чекчиз билим жана акылмандуулук,
индустар аны "сатчидананда" дешет.
Тилдер айырмаланат,
бирок объект бир.
Руминин дагы бир окуясы бар,
үч адам жөнүндө – турк, араб,
жана, үчүнчүсүн унутуп калдым, бирок, жанылышбасам, малай болушу мүмкүн.
Бириси "ангорду" сурайт, мейли, аны англиялык деп коёлу,
бири "энебти" сурайт, дагы бири жүзүмдү сурайт.
Анан алар чырдашып, урушушат, себеби
бириси ангор каалайт, бириси энеб каалайт, бириси жүзүм каалайт,
талашкандары ар кайсы тилде башкача айтылганы менен,
бир гана нерсени түшүндүргөнүн билбестен чырдашышат.
Жалгыз гана бир абсолюттук чындык бар аныктоосу менен алсак,
бир гана абсолюттук зат бар аныктоосу менен алсак,
себеби абсолют, анын маанисине карасак, жалгыз дегенди билдирет,
чексиз жана бир.
Тиричиликтин абсолюттук топтоолушу,
сезимдин абсолюттук топтоолушу,
түшүүнүнүн; мээримдүүлүктүн жана сүйүүнүн чексиз оорундалышы
Кудайдын эң маанилүү касиеттерин аныктайт.
Ушул айтылгандар дагы
Адам болуунун биринчи касиеттери болууга тийиш.
Адамзатты баяндаган, балким биологиялык тараптан,
бул биздин психологиябыз,
а Кудай болсо, бизди руханий жактан, табиятыбыздан баяндайт.
Куранда айтылат, Ал периштерилерине кайрылып айтат:
"Мен Адамды (АС) топурактан жасап,
ага Өз рухумдан үйлөгөнүмдө,
ошондо силер ага таазим кылып, саламдашкыла".
Периштелер таазим кылышат, бирок кишинин денесине эмес,
кишинин рухуна.
Эмне учун? Себеби, рух, кишинин руху,
Кудай деминин бир бөлүгүн сүрөттөйт,
рухунун бир бөлүгүн сүрөттөйт.
Бул жөнүндө Инжилде дагы баяндалат,
мисалы, биз Кудайдын келепетинде жаратылгандыгыбыз туралуу үйрөтүүсү.
Кудайдын келбети кандай?
Кудайдын келбети бул абсолюттук маңыз,
чекчиз билүү, билим жана акылмандык,
чексиз мээримдүүлүк жана сүйүү.
Ошондуктан, биздин адам болушубуз үчүн,
мүмкүн болгон эң жогорку мазмундагы адам болуу үчүн,
мүмкүн болгон эң кубанычтуу абалда адам болуу учун
биз эң дурус түрдө,
бизде болгон Кудайд рухунун башкаруучусу болушубуз керек,
ошондой эле, өзүбүздө болгон жандык касиетти мыктылоого умтулуу,
тируу жандыктын, бытиенин (турмуштун) касиетин,
акылмандуулуктун, сезимдин, билүүнүн касиетин,
жана мээримдүү болуунун, сүйүмдүүлөрдүн касиетин.
Бул менин диний традициямдан түшүнгөнүм,
жана бул менин башка диний традицияларды окуп түшүнгөнүм,
ошондой эле, бул баарыбыз таяна турган жалпы бир платформа,
качан гана биз ошол платформага таянганыбызда,
мен ишенем, биз дүйнөнү кереметтендиришибиз мүмкүн.
Ошондой эле, менин жеке өз оюма караганда, биз жолдун четиндебиз,
жана сизге окшогон адамдардын жардамы жана катышуусу менен
Исаянын (АС) айткандарын ишке ашыралабыз.
Ал (АС) болсо келечекте бир убакытты алдын ала айткан,
ошол заманда адамдар кылычтарын сокого алмаштырышып,
согушту үйрөнбөстөн, эч согушушбайт экен.
Биз адам тарыхында башка эч шарт калбаган бир учурга келдик.
Биз милдеттүүбүз; биз өз эголорубузду азайтууга милдеттүүбүз,
ал жеке болобу, менчик болобу,
үй-бүлөлүк бу, же улуттук бу, башкарууга милдеттүүбүз,
анын баарын жалгыз гана Бирөөну даңктоого жумшашыбыз керек.
Ыракмат, Кудай жардам берсин.
(Кол чабуулар)