Return to Video

Aaron Huey: Согуш абагына түшкөн Америкалык түпкүлүктүү калк

  • 0:00 - 0:03
    Мен бүгүн бул жерде Лакота жергесинде тартылган сүрөттөрүмдү көрсөтмөкчүмүн.
  • 0:04 - 0:06
    Көбүңүздөр Лакота тууралуу мурда уккансыздар,
  • 0:06 - 0:08
    же жок дегенде андан чоңураак уруулар топтору жөнүндө
  • 0:08 - 0:10
    мисалга, Сиу аттуу.
  • 0:10 - 0:13
    Лакота уруусу башка бир топ уруулардай эле өз жерлеринен көчүрүлүп
  • 0:13 - 0:15
    согуш абактарынын туткуну болуп калган
  • 0:15 - 0:17
    андай жерлер азыркы мезгилде резервация-корук деп аталат.
  • 0:17 - 0:19
    Pine Ridge (Пайн Ридж) аттуу резервациясы
  • 0:19 - 0:21
    бүгүнкү алып баруумдун темасы болот.
  • 0:21 - 0:23
    Бул резервация Түштүк Дакотанын Black Hills (Блэк Хилз) деген
  • 0:23 - 0:25
    жеринен болжол менен 120 км чакырым алыстыгында жайгашкан.
  • 0:25 - 0:27
    Ал жерди кээ бирде дагы
  • 0:27 - 0:30
    334 номериндеги Согуш Абагынын Туткуну деп аташат,
  • 0:30 - 0:33
    жана ушул жерде азыркы убакта Лакота уруусу жашайт.
  • 0:33 - 0:35
    Кана эмесе айткылачы, араңыздарда канчооңор AIM, башкача айтканда
  • 0:35 - 0:37
    Америкалык Түпкүлүктүү Калктын Кыймылы тууралуу уктуңуздар эле
  • 0:37 - 0:39
    же болбосо Russell Means (Рассел Минз) тууралуу,
  • 0:39 - 0:41
    же Leonard Peltier (Леонард Пелтиер) жөнүндө,
  • 0:41 - 0:43
    же Огалала уругунун бийликтегилер менен болгон тирешүүсүн
  • 0:43 - 0:46
    билсеңиздер анда сиздер Пайн Ридж бул
  • 0:46 - 0:49
    Америкадагы түпкүлүктүү элдин көйгөйлөрүн чечүү боюнча даана ортосу экендигин билесиздер.
  • 0:49 - 0:51
    Ошентип биздин бүгүнкү жолугушуубузда менден менин
  • 0:51 - 0:53
    Лакота калкы менен болгон карым-катнашым тууралуу сүйлөп берүүнү суранышкан,
  • 0:53 - 0:55
    а бирок чындыгында ушул жөнүндө сүйлөшүү мен үчүн абдан оор.
  • 0:55 - 0:57
    Анткени, эгер сиздер менин денемдин түсүн байкабай калсаңыздар,
  • 0:57 - 0:59
    анда караңыздар, мен ак кишимин,
  • 0:59 - 1:02
    анан бул жагдай Түпкүлүктүү калк резервациясында абдан чоң тоскоолдук болуп эсептелет.
  • 1:04 - 1:06
    Бүгүнкү менин сүрөттөрүмдө сиздер көп адамдарды көрөсүздөр,
  • 1:06 - 1:09
    ал кишилер менен мен аябай жакын мамилелерди түздүм жана алар мени бир туугандай кылып эле тозуп алышты.
  • 1:09 - 1:11
    Алар мени ага жана тайаке деп аташып
  • 1:11 - 1:13
    беш жыл бою кайра кайра үйлөрүнө чыкырып жатышты.
  • 1:13 - 1:15
    Бирок Пайн Риджде
  • 1:15 - 1:18
    мен ар дайым "Уасишу" деген ысым менен кала берем,
  • 1:18 - 1:21
    Уасишу Лакота тилиндеги сөз
  • 1:21 - 1:23
    жана ал түпкүлүктүү калк эмес дегенди билдирет,
  • 1:23 - 1:25
    Васишу деген сөздүн дагы бир котормосу
  • 1:25 - 1:29
    "өзүнө эттин эң сонун бөлүгүн алган адамды" билгизет.
  • 1:29 - 1:31
    Менин сөзүмдүн маңызы мына ушунда -
  • 1:31 - 1:33
    эттин эң сонун бөлүгүн алган адамда болмокчу.
  • 1:33 - 1:35
    Бул ач көздүктү билдирет.
  • 1:36 - 1:38
    Мына ушул аудиторияда олтургандарды карагылачы.
  • 1:38 - 1:41
    Биз мына Батыш Америкадагы жеке университеттеринде окуйбуз,
  • 1:41 - 1:44
    азыр олтурганыбыз болсо кызыл тукабадан жабылган олтургучтар
  • 1:44 - 1:46
    чөнтөктөрүбүздө тыйыныбыз жетиштүү.
  • 1:46 - 1:48
    Биздин жашоолорубузду карасаңыздар,
  • 1:48 - 1:50
    биз чындыгында эле
  • 1:50 - 1:52
    эттин эң сонун бөлүктөрүн алганбыз.
  • 1:52 - 1:55
    Келгилечи бүгүн бул сүрөттөргө көңүл буралы
  • 1:55 - 1:57
    көп нерселерге жетишсиз болгон адамдардын
  • 1:57 - 1:59
    өмүрлөрүн көрөлү,
  • 1:59 - 2:02
    аларды билели жана ал адамдардын беттерин көргөн сайын
  • 2:02 - 2:05
    бул жалаң гана Лакота калкынын элестери эмес,
  • 2:05 - 2:08
    бул баардык түпкүлүктүү калктын мүдөөсүн үчүн турган эл экендигин түшүнөлү.
  • 2:10 - 2:12
    Бул жөнөкөй кагаздын бетинде
  • 2:12 - 2:14
    мен көргөн тарых барактары
  • 2:14 - 2:17
    жана мен аны Лакота досторуман жана үй-бүлөмөн үйрөндүм.
  • 2:17 - 2:19
    Бул тарых барактары
  • 2:19 - 2:22
    сүйлөшүлгөн жана бузулган келишимдерге
  • 2:22 - 2:24
    согуш деп көз боемочулук болгон кыргын болгон окуялар менен белгилүү.
  • 2:24 - 2:26
    Мен 1824 жыл менен баштаймын.
  • 2:26 - 2:28
    Түпкүлүктүү калк менен иштөө деп белгилүү болгон бөлүм
  • 2:28 - 2:30
    Согуш Департаментинин карамагында ачылып,
  • 2:30 - 2:32
    баскынчылыктын баштапкы деңгээлин
  • 2:32 - 2:34
    Түпкүлүктүү калк менен боло турган кызматташтыкта белгилеп койгон.
  • 2:34 - 2:36
    1851 жыл:
  • 2:36 - 2:38
    Форд Ларами биринчи келишимине кол коюлган,
  • 2:38 - 2:41
    ал болсо Лакота Улутунун чек аралырын так белгилешкен.
  • 2:41 - 2:43
    Келишимге ылайык,
  • 2:43 - 2:45
    ошол жерлер эгемендүү улуттун жерлери деп эсептелет.
  • 2:45 - 2:47
    Эгер келишимдеги чек аралар ошол бойдон калганда -
  • 2:47 - 2:50
    жана ошол мыйзам негиздерине ылайык ошондой эле болушу абзел -
  • 2:50 - 2:53
    анда бүгүнкү күндөрү Кошмо Штаттары мындай болмок.
  • 2:55 - 2:57
    10 жылдан кийин,
  • 2:57 - 3:00
    Линкольн Президенти Homestead Act (Хоумстед Экт) аттуу мыйзамды чыгарат,
  • 3:00 - 3:03
    ага ылайык Түпкүлүктүү калктын жерлерине көптөгөн ак кишилер отурукташат.
  • 3:03 - 3:05
    1863:
  • 3:05 - 3:07
    Минесота жерлеринде Санти Сиу калкынын көтөрүлүшү
  • 3:07 - 3:10
    38 Сиу адамдарын асып өлтүрүү менен аяктап,
  • 3:10 - 3:13
    Ошол мезгилдеги Кошмо Штаттарынын эң чоң жазалоолорунан болот.
  • 3:14 - 3:16
    Бул жазалоо Линкольн Президентинин буйругу болгон да
  • 3:16 - 3:18
    ал эми ага чейин эки күн мурун
  • 3:18 - 3:21
    Линкольн укуктарды теңдетүүгө багытталган Emancipation Proclamation (Имансипейшн прокламейшн) аттуу мыйзамга кол койгон болчу.
  • 3:22 - 3:25
    1866 жылы трансматериктик темир жолун куруу -
  • 3:25 - 3:27
    жаңы заманы башталат.
  • 3:27 - 3:29
    Биз бул темир поездер үчүн жана ал жолдорду кыскартыш үчүн
  • 3:29 - 3:32
    жергиликтүү Лакота калкынын жерлерин тартып алдык.
  • 3:32 - 3:34
    Келишимдердин дээрлик баардыгы ыргытылган болчу.
  • 3:34 - 3:37
    Ошондуктан Лакота калкынын үч уруулары чогулуп Кызыл Булут аттуу башчынын астында
  • 3:37 - 3:40
    Кошмо Штаттардын аскер күчтөрүнө бир топ ирет чабуул жасап аларды утушат.
  • 3:40 - 3:42
    Мен ушул жерди кайталагым келет.
  • 3:42 - 3:45
    Лакота Кошмо Штат аскерлерин утат.
  • 3:45 - 3:48
    1868: Экинчи Форд Ларами келишими
  • 3:48 - 3:51
    Улуу Сиу Улутунун эгемендүүлүгүнө даана кепилдик берет
  • 3:51 - 3:54
    жана Лакота элинин Black Hills (Блэк Хилз) аттуу сыйык жерлерине ээ экендигин көрсөтөт.
  • 3:54 - 3:56
    Жана ошондой эле Кошмо Штат өкмөтү Лакота элине алардын жанында жайгашкан
  • 3:56 - 3:58
    штаттарындагы башка жерлер боюнча жана уучулук боюнча укуктарын берүүгө сөз берет.
  • 3:58 - 4:00
    Биз мындан ары Powder River (Паудер Ривер) аймагы
  • 4:00 - 4:03
    ак адамдардын баардыгына жабылат деген убада бердик.
  • 4:03 - 4:05
    Ошентип бул келишим
  • 4:05 - 4:07
    Кызыл Булут менен Сиу үчүн чоң утуш болду.
  • 4:07 - 4:10
    Чындыгында, Американын тарыхына таянсак жергиликтүү Америка
  • 4:10 - 4:13
    өкмөтү тарыхта бир гана жолу ушул согушта тынчтык сүйлөшүүлөрун жүргүзүп
  • 4:13 - 4:16
    душмандын баардык талаптарына баш ийген.
  • 4:18 - 4:20
    1869:
  • 4:20 - 4:22
    Трансматериктик темир жолунун салыныша аяктады.
  • 4:22 - 4:25
    Бул жол менен ары бери көп нерселер ташылып, алар менен кошо көптөгөн аңчылар да
  • 4:25 - 4:28
    жүргүнчү болушуп буфало, жапайы букаларга, аңчылык кылышып, букалар менен дүн сатуулук боюнча ишкердүүлүктү башташты,
  • 4:28 - 4:31
    жана аны менен бирдикте Сиу элинин азык-түлүк жана кийим-кечелер булактарын жойушту.
  • 4:31 - 4:33
    1871:
  • 4:33 - 4:35
    Түпкүлүктүү калк боюнча бөлүштүрүү актысы
  • 4:35 - 4:38
    бүтүн түпкүлүктүү калкты федералдык өкмөткө көз карандуу болгон чөлкөмдөргө айландырды.
  • 4:38 - 4:41
    Буга кошумча атайын аскердик буйрук чыгарылып
  • 4:41 - 4:44
    батыштык түпкүлүктүү калк резервациялардан тышка чыкпоого тыйуу салынат.
  • 4:44 - 4:46
    Бүтүндөй батыштык түпкүлүктүү калк ошол убакыттан баштап
  • 4:46 - 4:48
    азыркы заманга чейин согуштун абактарында калуудо.
  • 4:48 - 4:50
    1871 жылы биз ошондой эле
  • 4:50 - 4:52
    келишимдерди түзүү адатын токтоттук.
  • 4:52 - 4:55
    Анткени келишимдер боюнча уруулар эгемендүү улут катары жашашмак,
  • 4:55 - 4:57
    бирок биз болсо андайды каалабайт элек;
  • 4:57 - 4:59
    бизде башкача көз караштар бар болчу.
  • 4:59 - 5:01
    1874:
  • 5:01 - 5:04
    George Custer (Жорж Кастер) генералы Лакота жергесинде алтын кендери табылгандыгы тууралуу жарыя салып чыкты,
  • 5:04 - 5:06
    ал кендер өзгөчө Black Hills (Блэк Хилз) жергесинде болгону айтылды.
  • 5:06 - 5:08
    Алтындын бар экендиги Лакота улутунун айланасына ак адамдардын көптөгөн санда
  • 5:08 - 5:10
    көчүп келүүсүнө алып келди.
  • 5:10 - 5:12
    Кастер Конгресске атайын сунуш киргизет
  • 5:12 - 5:14
    ага ылайык Лакота менен болгон келишим
  • 5:14 - 5:16
    тез аранын ичинде токтотулуш кажети белгиленет.
  • 5:16 - 5:19
    1875: Лакота согушу башталат
  • 5:19 - 5:22
    анын негизги себеби болуп Форт Ларами келишиминин бузулушу болот.
  • 5:22 - 5:24
    1876:
  • 5:24 - 5:26
    Июль айынын 26сы
  • 5:26 - 5:28
    Лакота кыштагын чалгындоо аракетинде
  • 5:28 - 5:30
    Кастердин 7чи кавалерия бөлүгү талкаланат да
  • 5:30 - 5:32
    бул кармаш Little Big Horn (литл биг хорн) - Кичинекей Чоң Мүйүз атына конот.
  • 5:32 - 5:34
    1877:
  • 5:34 - 5:37
    Crazy Horse (крейзи хорз) аттуу Лакота элинин мыкты берени жана башчысы
  • 5:37 - 5:39
    Форт Робинзон жергесинде курчалат.
  • 5:39 - 5:42
    Кийинчерек ал түрмөдөн өлтүрүлөт.
  • 5:45 - 5:48
    Ошол эле 1877 жылы биз дагы бир амал таап
  • 5:48 - 5:50
    Форт Ларами келишдерин одоно буздук.
  • 5:50 - 5:53
    Биз Сиу башчыларына жана аттуу-баштууларына жаңы келишим тартууладык
  • 5:53 - 5:56
    ал келишим "сат же ачкалыкта кал" деген маанайда болгон.
  • 5:56 - 5:59
    Келишимге кол коюуу же болбосо урууң азык-түлүксүз калат деген шарттар коюлат.
  • 5:59 - 6:02
    Ал келишимдерге калктагы улуулардын 10 пайызы гана кол коет.
  • 6:02 - 6:04
    Форт Ларами келишимине ылайык
  • 6:04 - 6:06
    уруунун жок дегенде үчтөн же төрттөн бир бөлүгү
  • 6:06 - 6:08
    жерлерди берүү үкугуна ээ болгон.
  • 6:08 - 6:10
    Албетте келишимдеги бул берене жокко салынган.
  • 6:10 - 6:13
    1887: Dawes (Доуз) актысы.
  • 6:13 - 6:16
    Резервациядагы жерлерге болгон коомдук менчиктик аяктайт.
  • 6:16 - 6:19
    Резервациялар 160 акр өлчөмдөгү бөлүкчө жерлерине бөлүнүп
  • 6:19 - 6:21
    түпкүлүктүү калкка бөлүштүрүлөт жана
  • 6:21 - 6:23
    калган үлүш жерлердин баары жоюлат.
  • 6:23 - 6:26
    Ошентип, уруулар миллиондогон акр өлчөмдөгү жерлерден ажырайт.
  • 6:26 - 6:28
    Америкалык жерге болгон жеке менчик кыялдануу
  • 6:28 - 6:30
    ушундай амал жолу аркылуу келип
  • 6:30 - 6:33
    резервация жерлеринен эч нерсе калмайынча бөлүштүрүлө берген.
  • 6:33 - 6:35
    Биринчиден, көчүп келүү резервацияларды талкалаган,
  • 6:35 - 6:38
    жана аны андан ары бөлүштүрүп, майдалап сатуу
  • 6:38 - 6:41
    муундан муунга улана берген.
  • 6:41 - 6:43
    Көпчүлүк үлүш жерлер
  • 6:43 - 6:45
    жана резервациялардын чегинде жайгашкан көптөгөн жеке жерлер
  • 6:45 - 6:48
    азыркы убакта ак фермерлердин колунда.
  • 6:48 - 6:51
    Кайрадан жакшы жерлерге Уасишу ээ болду.
  • 6:52 - 6:54
    1890 жыл менин оюмча
  • 6:54 - 6:57
    бул слайттардын арасында эң маанилүү күн.
  • 6:57 - 6:59
    Бул жылы Wounded Knee (Вундид Нии) аттуу кандуу коогалаңы болгон.
  • 6:59 - 7:01
    Декабрдын 29нда
  • 7:01 - 7:04
    Америкалык аскерлер Вундид Нии булуңунда Сиу эли жайгашкан айылды курчоого алат
  • 7:04 - 7:06
    жана Big Foot (Биг Фуд) аттуу эл башчысы менен бирдикте
  • 7:06 - 7:08
    300дөй жергиликтүү калкты аёсуз өлтүрүшөт,
  • 7:08 - 7:10
    бул кандуу окуяда аскерлер жаңы куралды колдонушат
  • 7:10 - 7:12
    ал автоматтык октор менен атылган
  • 7:12 - 7:14
    Hotchkiss (Хотчкис) аттуу мылтыгы болгон.
  • 7:14 - 7:16
    Бул салгылашуу деп аталган өлтүрүүлөр үчүн
  • 7:16 - 7:19
    20 Конгресстик эрдик үчүн медалдар
  • 7:19 - 7:22
    7чи кавалериянын жоокерлерине берилген.
  • 7:22 - 7:24
    Бүгүнкү күндө,
  • 7:24 - 7:27
    салгылашуулардын арасындагы эң жогорку дэңгээлде ыйгарылган
  • 7:27 - 7:30
    бул медал чоң сыйлыктуу медал болуп эсептелет.
  • 7:30 - 7:32
    Мына ушул медалдардын көпчүлүгү
  • 7:32 - 7:34
    аялдар менен жаш балдарды ырайымсыз жок кылуу үчүн берилген
  • 7:34 - 7:36
    мындай сыймыка жетүү Биринчи Дүйнөлүк согушта да,
  • 7:36 - 7:38
    Экинчи Дүйнөлүк согушта да,
  • 7:38 - 7:40
    Корея, Вьетнам,
  • 7:40 - 7:43
    Ирак жана Афганистан согуштарында да болгон эмес.
  • 7:44 - 7:46
    Вундид Нии кандуу коогалаңы
  • 7:46 - 7:49
    түпкүлүктүү калктын согушунун аяктоосу деп эсептелет.
  • 7:49 - 7:51
    Мен кайсыл гана жактагы
  • 7:51 - 7:53
    Вундид Нииде каза тапкандардын жайларына барбайын,
  • 7:53 - 7:55
    мен ал жайларды
  • 7:55 - 7:57
    жалаң гана Лакота же Сиу элдердики эмес
  • 7:57 - 8:00
    бирок баардык түпкүлүктүү элдердин жайларындай көрөм.
  • 8:03 - 8:05
    Black Elk (Блэк Илк) аттуу ыйык киши айткан бир сөз бар,
  • 8:05 - 8:07
    "Ошондо эмне жок болуп, түгөнгөндүгүн
  • 8:07 - 8:09
    мен билбей калдым.
  • 8:09 - 8:11
    Азыркы карыган жашымда
  • 8:11 - 8:13
    артымды кылчайып караганымда
  • 8:13 - 8:15
    Баягы өтүп кеткен аялдар менен жаш балдардын
  • 8:15 - 8:17
    ар тарапта үйүлүп жаткан денелери
  • 8:17 - 8:20
    кадимки эле ийилген капчыгайды бойлоп
  • 8:23 - 8:25
    мен аларды көргөндө сайды көргөндөй болуп
  • 8:25 - 8:28
    алардын жаш көздөрү элесимде.
  • 8:31 - 8:34
    Ошол кандуу жерде дагы башка нерсе түбөлүко жок болгондугун көрөм
  • 8:35 - 8:38
    ал ажал октору менен кошо жерге көмүлгөн.
  • 8:39 - 8:42
    Ал адамдардын келечеке болгон тилектери жок болгон,
  • 8:42 - 8:45
    жана ал тилектер аябай сонун болгон."
  • 8:46 - 8:48
    Бүгүнкү күн менен
  • 8:48 - 8:51
    Түпкүлүктүү Америка Элинин тарыхында жаңы доор пайда болду.
  • 8:52 - 8:54
    Баардык нерселерди ченесе болот
  • 8:54 - 8:57
    Вундид Нии окуясына чейин жана андан кийин.
  • 8:57 - 8:59
    Анткени накта ошол учурда
  • 8:59 - 9:02
    Хотчкисс мылтыктарын мээлеп туруп
  • 9:02 - 9:06
    Америка өкмөтү түпкүлүктүү калктын укуктарына болгон көз карашын ачык көрсөткөн.
  • 9:06 - 9:08
    Анткени алар келишимдерден чарчаган.
  • 9:08 - 9:10
    Алар ыйык дөбөлөрдөн чарчаган.
  • 9:10 - 9:13
    Алар арбак бийлеринен чарчаган.
  • 9:13 - 9:16
    Иши кылса алар Сиу элинин келип чыккан баардык ыңгайсыздыктарга чарчаган.
  • 9:16 - 9:19
    Ошондуктан алар түпкүлүктүү калкка өзүлөрүнүн эрежелерин алып келишкен.
  • 9:20 - 9:23
    "Мындан ары силер Түпкүлүктүү калк - Indian (Индиан)" болосуңар деп,
  • 9:23 - 9:25
    мылтыктары менен жергиликтүү калкты мээлеп маселени чечишкен.
  • 9:30 - 9:32
    1900:
  • 9:32 - 9:35
    Америкадагы Түпкүлүктүү калктын саны эң төмөнкү дэңгээлге жетти -
  • 9:36 - 9:38
    250,000 ден аз болду,
  • 9:38 - 9:40
    салыштырып келгенде бул калк
  • 9:40 - 9:42
    1492 жылы 8 миллиондогон санды түзгөн.
  • 9:44 - 9:46
    Шумдук ылдамдыктагы көрсөткүч.
  • 9:46 - 9:48
    1980:
  • 9:48 - 9:50
    Америка тарыхындагы эң чоң убакытка созулган сот
  • 9:50 - 9:53
    Сиу улуту менен Америка Кошмо Штаттарынын ортосундагы мамилени
  • 9:53 - 9:56
    териштирип Американын Жогорку Соту тарабынан каралган.
  • 9:57 - 10:00
    Соттун чечими боюнча, Сиу элин резервация жерлерине көчүрүү
  • 10:00 - 10:03
    жана алардын жети миллион акр чакырымдагы жерлери
  • 10:03 - 10:06
    жер изилдөөчүлөр жана отурукташа турган көчмөндөр үчүн берилгени
  • 10:06 - 10:08
    Форд Ларами экинчи келишиминин шарттарынын одоно
  • 10:08 - 10:10
    бузулгандыгы тууралуу тыянак чыгарган.
  • 10:10 - 10:12
    Сотко ылайык
  • 10:12 - 10:14
    Блэк Хилз жерлери мыйзамсыз түрдө тартылып алынган
  • 10:14 - 10:16
    жана ал жерлердин алгачкы баасына пайыз кошулуп
  • 10:16 - 10:18
    Сиу улутуна толук бойдон төлөнүшү керек деген тыянак чыгарылат.
  • 10:18 - 10:20
    Блэк Хилз үчүн төлөнө турган акы катары
  • 10:20 - 10:23
    Сот 106 миллион гана долларды
  • 10:23 - 10:25
    Сиу улутуна берилсин деп чечим чыгарат.
  • 10:25 - 10:28
    Сиу эли ал акчадан баш тартат жана
  • 10:28 - 10:31
    "Блэк Хилз жерлери сатылбайт" деген ураан менен кала берет.
  • 10:31 - 10:33
    2010:
  • 10:33 - 10:36
    Бүгүнкү күндөгү Түпкүлүктүү калктын статистикасы,
  • 10:36 - 10:39
    Вундид Нии коогалаңынан бир кылым убакыттан кийин,
  • 10:39 - 10:41
    колониялык мурастын ачыка чыгышы,
  • 10:41 - 10:43
    зомбулуктап элди көчүрүү
  • 10:43 - 10:45
    жана келишимдердин одоно бузулган окуяларга бай болду.
  • 10:45 - 10:48
    Пайн Ридж Түпкүлүктүү калктын резервациясындагы жумушсуздук
  • 10:48 - 10:51
    85 жана 90 пайыз ортосунда белгиленет.
  • 10:51 - 10:54
    Америкадагы үй-жай менен камсыз кылуу кызматы жаңы үйлөрдү сала албайт,
  • 10:54 - 10:56
    ал эми азыркы турган турак жайлар акырындан кыйрап жатышат.
  • 10:56 - 10:58
    Көпчүлүк эл үй-жайсыз,
  • 10:58 - 11:00
    ал эми үйлөрү барлар чирип бара жаткан имараттарда
  • 11:00 - 11:02
    беш үй-бүлөөгө чейин жашашат.
  • 11:02 - 11:04
    Пайн Ридждеги 39 пайыз үйлөрүндө
  • 11:04 - 11:06
    свет жок.
  • 11:06 - 11:09
    Резервациядагы дээрлик 60 пайыз үйлөр
  • 11:09 - 11:11
    көк дат менен капталган.
  • 11:11 - 11:13
    Калктын 90 пайыздан көбү
  • 11:13 - 11:16
    федералдык дэңгээлдеги жакырчылыктан төмөн жашашат.
  • 11:16 - 11:19
    Пайн Ридждеги туберкулез оорусунун дэңгээли
  • 11:19 - 11:22
    болжол менен алганда Америкадагы орточу эсептен сегиз эсе көп.
  • 11:22 - 11:24
    Жаш балдардын өлүм дэңгээли
  • 11:24 - 11:26
    дүйнө жүзү боюнча эң жогору
  • 11:26 - 11:29
    жана Америкадагы орто эсептен үч эсе жогору турат.
  • 11:29 - 11:31
    Жыныстык органдардын шишик оорулары
  • 11:31 - 11:33
    Америкадагы орто эсептен беш эсе чоң.
  • 11:33 - 11:36
    Мектептердеги окууларды таштоо дэңгээли 70 пайызга чейин көтөрүлдү.
  • 11:36 - 11:38
    Мугалимдердин жумуштарынан кетиши дэңгээли
  • 11:38 - 11:41
    Америкадагы орто эсептен сегиз эсе чоң.
  • 11:41 - 11:44
    Көпчүлүк учурларда балдар чоң-ата жана чоң-энелердин колунда чоңоюшат
  • 11:44 - 11:47
    анткени ата-энелер, аракчылыктын айынан,
  • 11:47 - 11:49
    зордук зомбулук жана негизинен көңүлдөрү жоктугунан
  • 11:49 - 11:51
    балдарына тарбия берип чоңойта алышпайт.
  • 11:52 - 11:55
    40 жаштан жогору калктын 50 пайызы
  • 11:55 - 11:57
    диабет оорусуна чалдыгышкан.
  • 11:57 - 11:59
    Эркектердин жашоо узактыгы
  • 11:59 - 12:01
    46 жаш менен
  • 12:01 - 12:04
    48 жаштардын ортосу -
  • 12:04 - 12:06
    жана бул көрсөткүч
  • 12:06 - 12:09
    Афганистан жана Сомалия өлкөлөрүндөй.
  • 12:10 - 12:13
    Тукум курут кылуудагы акыркы кадамдын бири
  • 12:13 - 12:15
    баскын тарабынан
  • 12:15 - 12:18
    мындайча сүрөттөлөт,
  • 12:18 - 12:21
    "Жараткан, бул адамдар өзүлөрүнө эмне кылып жатышат?
  • 12:21 - 12:23
    Алар бири бирин өлтүрүп жатышат.
  • 12:23 - 12:25
    Алар өзүлөрүн өлтүрүп жатышат
  • 12:25 - 12:28
    биз болсо ошонун баарын карап турабыз."
  • 12:28 - 12:31
    Бул биздин Америка Кошмо Штаттарын кандайча ээлеп алганыбызды сүрөттөйт.
  • 12:31 - 12:33
    Маңдайга жазылган
  • 12:33 - 12:35
    тагдырдын түйшүгү.
  • 12:35 - 12:37
    Абактагы адамдар дагы эле
  • 12:37 - 12:39
    бул согуш абагында төрөлүшөт
  • 12:39 - 12:42
    ал эми сакчылар болсо эчак кетишкен.
  • 12:44 - 12:46
    Шилинген сөөктөрдүн калдыгы калган бул жерде
  • 12:46 - 12:49
    жиликтин ырас жактары желгенден кийин.
  • 12:51 - 12:53
    Көп замандар мурун,
  • 12:53 - 12:55
    бир топ окуялардын себеби
  • 12:55 - 12:58
    мага окшогон адамдардан, уасишу тарабынан келип чыккан,
  • 12:58 - 13:00
    алардын кызыкканы жергиликтүү калктын жериндеги жер менен суу
  • 13:00 - 13:03
    жана алтын болгон.
  • 13:03 - 13:05
    Ошол окуялардын уландысы
  • 13:05 - 13:07
    бүгүнкү күнгө чейин бүтө элек.
  • 13:07 - 13:11
    Ал окуяларга тиешебиз жок болгонубуз менен азыркы басымдуулук кылып турган коомчулук катары
  • 13:12 - 13:15
    1890 жылкы коогалаңы,
  • 13:15 - 13:18
    же болбосо 150 жыл мурунку келишимдердин бир нече ирет бузулганы,
  • 13:19 - 13:21
    сиздер үчүн төмөнкү суроолорду туудурбай койбойт,
  • 13:21 - 13:24
    жогоруда айтылган статистикалар боюнча кандай оюңар бар?
  • 13:25 - 13:27
    Бүгүнкү күндөрдү чагылдырган бул сүрөттөрдөгү
  • 13:27 - 13:29
    элдин эзилгендиги менен
  • 13:29 - 13:31
    азыркы айтылган тарыхтын кандай байланышы бар?
  • 13:31 - 13:33
    Бул тарыхтын канчалык өлчөмүн
  • 13:33 - 13:35
    бул биздин тарых деп моюнуңуздарга алаласыздар?
  • 13:35 - 13:38
    Бул айтылган тарыхта сиздин канчалык жоопкерчилигиңиз бар?
  • 13:39 - 13:42
    Бир нерсе кылса болот, абалды оңдосо болот деген ойлор мага бир нече жолу айтылган.
  • 13:42 - 13:45
    Мен да ойлойм абалды оңдош заман келди деп.
  • 13:45 - 13:48
    Анткени мен көп убакыт бою
  • 13:48 - 13:50
    көргөнүмө күбө болуп эле,
  • 13:50 - 13:53
    көргөнүмдү сүрөттөргө тартып эле жүрдүм.
  • 13:53 - 13:56
    Анткени бир чечимге келүү өткөн заманда калып калгандай сезилет.
  • 13:56 - 13:58
    Мага ал заманга барууга замандан заманга көчүп жүрүү
  • 13:58 - 14:00
    машинасы эле керек болуп калды.
  • 14:00 - 14:02
    Түпкүлүктүү калктын кыйналганын
  • 14:02 - 14:05
    чечүү оңой иштерден эмес.
  • 14:06 - 14:08
    Андай иш кадимки эле
  • 14:08 - 14:10
    Хаити элине жардам берүү же,
  • 14:10 - 14:13
    СПИД оорусунун бүтүшүнө, же ачкачылык менен күрөшүү сыяктуу гана эмес.
  • 14:13 - 14:15
    Ал маселени чечүү,
  • 14:15 - 14:18
    басымдуулук кылып турган коомчулук үчүн жөнөкөй эле
  • 14:18 - 14:20
    50 доллардык чекти берип коюуу эмес
  • 14:20 - 14:22
    же чиркөө жардамы аркылуу барып
  • 14:22 - 14:24
    үйлөрдү графити краскасы менен боёп кетүү эмес,
  • 14:24 - 14:26
    же кембагал үй-бүлөөдөн келип берилген
  • 14:26 - 14:29
    андан ары кийилбей кала турган кийимдерди берип коюуу эмес.
  • 14:29 - 14:31
    Биз эми кайсы жака бара жатабыз?
  • 14:31 - 14:34
    Караңгыда айла таппай калгандай олтура береликби?
  • 14:34 - 14:36
    Америка Кошмо Штаттары
  • 14:36 - 14:38
    күн сайын
  • 14:38 - 14:40
    одоно түрдө
  • 14:40 - 14:42
    1851 жана 1868 жылдардагы
  • 14:42 - 14:45
    Лакота менен болгон Форд Ларами келишимдерин бузуп келүүдө.
  • 14:45 - 14:47
    Бүгүнкү чакырыгым -
  • 14:47 - 14:50
    менин TED деги тилегим аркылуу айтылат:
  • 14:51 - 14:53
    Келишимди сыйлагыла.
  • 14:53 - 14:55
    Блэк Хилз жерлерин кайра кайтып бергиле.
  • 14:55 - 14:58
    Ал жерлерди эмне кыла тургандыгы Түпкүлүктүү калктын өзүнүн иши.
  • 15:00 - 15:06
    (Кол чабуулар)
Title:
Aaron Huey: Согуш абагына түшкөн Америкалык түпкүлүктүү калк
Speaker:
Aaron Huey
Description:

Америкадагы жакырчылыкты фотосүрөткө чагылдырам деген аракети менен жүргөн Aaron Huey Америкадагы түпкүлүктүү калк жашаган "Pine Ridge Indian Reservation" (Пайн Ридж Индиан Резервейшн) аттуу жерден Лакота жергиликтүү уруусу менен таанышат дагы алардын эң оор деңгээлде жашоо-тиричилик кылгандыгы жана башкалар тараптан таптакыр унутулуп калгандыгы аны өзүнүн баштапкы максатын өзгөртүүгө алып келет. Беш жыл ичиндеги кылынган анын талыкпаган сүрөттөрү зээнди кейиткен тарых сабактары менен уйкалышып, көрүүчүлөргө тайманбай бетке айтылгандыгы TEDxDU аркылуу сунушталат.

more » « less
Video Language:
English
Team:
closed TED
Project:
TEDTalks
Duration:
15:07
Bakyt Omurzakov added a translation

Kyrgyz subtitles

Revisions