1 00:00:00,000 --> 00:00:03,000 Мен бүгүн бул жерде Лакота жергесинде тартылган сүрөттөрүмдү көрсөтмөкчүмүн. 2 00:00:04,000 --> 00:00:06,000 Көбүңүздөр Лакота тууралуу мурда уккансыздар, 3 00:00:06,000 --> 00:00:08,000 же жок дегенде андан чоңураак уруулар топтору жөнүндө 4 00:00:08,000 --> 00:00:10,000 мисалга, Сиу аттуу. 5 00:00:10,000 --> 00:00:13,000 Лакота уруусу башка бир топ уруулардай эле өз жерлеринен көчүрүлүп 6 00:00:13,000 --> 00:00:15,000 согуш абактарынын туткуну болуп калган 7 00:00:15,000 --> 00:00:17,000 андай жерлер азыркы мезгилде резервация-корук деп аталат. 8 00:00:17,000 --> 00:00:19,000 Pine Ridge (Пайн Ридж) аттуу резервациясы 9 00:00:19,000 --> 00:00:21,000 бүгүнкү алып баруумдун темасы болот. 10 00:00:21,000 --> 00:00:23,000 Бул резервация Түштүк Дакотанын Black Hills (Блэк Хилз) деген 11 00:00:23,000 --> 00:00:25,000 жеринен болжол менен 120 км чакырым алыстыгында жайгашкан. 12 00:00:25,000 --> 00:00:27,000 Ал жерди кээ бирде дагы 13 00:00:27,000 --> 00:00:30,000 334 номериндеги Согуш Абагынын Туткуну деп аташат, 14 00:00:30,000 --> 00:00:33,000 жана ушул жерде азыркы убакта Лакота уруусу жашайт. 15 00:00:33,000 --> 00:00:35,000 Кана эмесе айткылачы, араңыздарда канчооңор AIM, башкача айтканда 16 00:00:35,000 --> 00:00:37,000 Америкалык Түпкүлүктүү Калктын Кыймылы тууралуу уктуңуздар эле 17 00:00:37,000 --> 00:00:39,000 же болбосо Russell Means (Рассел Минз) тууралуу, 18 00:00:39,000 --> 00:00:41,000 же Leonard Peltier (Леонард Пелтиер) жөнүндө, 19 00:00:41,000 --> 00:00:43,000 же Огалала уругунун бийликтегилер менен болгон тирешүүсүн 20 00:00:43,000 --> 00:00:46,000 билсеңиздер анда сиздер Пайн Ридж бул 21 00:00:46,000 --> 00:00:49,000 Америкадагы түпкүлүктүү элдин көйгөйлөрүн чечүү боюнча даана ортосу экендигин билесиздер. 22 00:00:49,000 --> 00:00:51,000 Ошентип биздин бүгүнкү жолугушуубузда менден менин 23 00:00:51,000 --> 00:00:53,000 Лакота калкы менен болгон карым-катнашым тууралуу сүйлөп берүүнү суранышкан, 24 00:00:53,000 --> 00:00:55,000 а бирок чындыгында ушул жөнүндө сүйлөшүү мен үчүн абдан оор. 25 00:00:55,000 --> 00:00:57,000 Анткени, эгер сиздер менин денемдин түсүн байкабай калсаңыздар, 26 00:00:57,000 --> 00:00:59,000 анда караңыздар, мен ак кишимин, 27 00:00:59,000 --> 00:01:02,000 анан бул жагдай Түпкүлүктүү калк резервациясында абдан чоң тоскоолдук болуп эсептелет. 28 00:01:04,000 --> 00:01:06,000 Бүгүнкү менин сүрөттөрүмдө сиздер көп адамдарды көрөсүздөр, 29 00:01:06,000 --> 00:01:09,000 ал кишилер менен мен аябай жакын мамилелерди түздүм жана алар мени бир туугандай кылып эле тозуп алышты. 30 00:01:09,000 --> 00:01:11,000 Алар мени ага жана тайаке деп аташып 31 00:01:11,000 --> 00:01:13,000 беш жыл бою кайра кайра үйлөрүнө чыкырып жатышты. 32 00:01:13,000 --> 00:01:15,000 Бирок Пайн Риджде 33 00:01:15,000 --> 00:01:18,000 мен ар дайым "Уасишу" деген ысым менен кала берем, 34 00:01:18,000 --> 00:01:21,000 Уасишу Лакота тилиндеги сөз 35 00:01:21,000 --> 00:01:23,000 жана ал түпкүлүктүү калк эмес дегенди билдирет, 36 00:01:23,000 --> 00:01:25,000 Васишу деген сөздүн дагы бир котормосу 37 00:01:25,000 --> 00:01:29,000 "өзүнө эттин эң сонун бөлүгүн алган адамды" билгизет. 38 00:01:29,000 --> 00:01:31,000 Менин сөзүмдүн маңызы мына ушунда - 39 00:01:31,000 --> 00:01:33,000 эттин эң сонун бөлүгүн алган адамда болмокчу. 40 00:01:33,000 --> 00:01:35,000 Бул ач көздүктү билдирет. 41 00:01:36,000 --> 00:01:38,000 Мына ушул аудиторияда олтургандарды карагылачы. 42 00:01:38,000 --> 00:01:41,000 Биз мына Батыш Америкадагы жеке университеттеринде окуйбуз, 43 00:01:41,000 --> 00:01:44,000 азыр олтурганыбыз болсо кызыл тукабадан жабылган олтургучтар 44 00:01:44,000 --> 00:01:46,000 чөнтөктөрүбүздө тыйыныбыз жетиштүү. 45 00:01:46,000 --> 00:01:48,000 Биздин жашоолорубузду карасаңыздар, 46 00:01:48,000 --> 00:01:50,000 биз чындыгында эле 47 00:01:50,000 --> 00:01:52,000 эттин эң сонун бөлүктөрүн алганбыз. 48 00:01:52,000 --> 00:01:55,000 Келгилечи бүгүн бул сүрөттөргө көңүл буралы 49 00:01:55,000 --> 00:01:57,000 көп нерселерге жетишсиз болгон адамдардын 50 00:01:57,000 --> 00:01:59,000 өмүрлөрүн көрөлү, 51 00:01:59,000 --> 00:02:02,000 аларды билели жана ал адамдардын беттерин көргөн сайын 52 00:02:02,000 --> 00:02:05,000 бул жалаң гана Лакота калкынын элестери эмес, 53 00:02:05,000 --> 00:02:08,000 бул баардык түпкүлүктүү калктын мүдөөсүн үчүн турган эл экендигин түшүнөлү. 54 00:02:10,000 --> 00:02:12,000 Бул жөнөкөй кагаздын бетинде 55 00:02:12,000 --> 00:02:14,000 мен көргөн тарых барактары 56 00:02:14,000 --> 00:02:17,000 жана мен аны Лакота досторуман жана үй-бүлөмөн үйрөндүм. 57 00:02:17,000 --> 00:02:19,000 Бул тарых барактары 58 00:02:19,000 --> 00:02:22,000 сүйлөшүлгөн жана бузулган келишимдерге 59 00:02:22,000 --> 00:02:24,000 согуш деп көз боемочулук болгон кыргын болгон окуялар менен белгилүү. 60 00:02:24,000 --> 00:02:26,000 Мен 1824 жыл менен баштаймын. 61 00:02:26,000 --> 00:02:28,000 Түпкүлүктүү калк менен иштөө деп белгилүү болгон бөлүм 62 00:02:28,000 --> 00:02:30,000 Согуш Департаментинин карамагында ачылып, 63 00:02:30,000 --> 00:02:32,000 баскынчылыктын баштапкы деңгээлин 64 00:02:32,000 --> 00:02:34,000 Түпкүлүктүү калк менен боло турган кызматташтыкта белгилеп койгон. 65 00:02:34,000 --> 00:02:36,000 1851 жыл: 66 00:02:36,000 --> 00:02:38,000 Форд Ларами биринчи келишимине кол коюлган, 67 00:02:38,000 --> 00:02:41,000 ал болсо Лакота Улутунун чек аралырын так белгилешкен. 68 00:02:41,000 --> 00:02:43,000 Келишимге ылайык, 69 00:02:43,000 --> 00:02:45,000 ошол жерлер эгемендүү улуттун жерлери деп эсептелет. 70 00:02:45,000 --> 00:02:47,000 Эгер келишимдеги чек аралар ошол бойдон калганда - 71 00:02:47,000 --> 00:02:50,000 жана ошол мыйзам негиздерине ылайык ошондой эле болушу абзел - 72 00:02:50,000 --> 00:02:53,000 анда бүгүнкү күндөрү Кошмо Штаттары мындай болмок. 73 00:02:55,000 --> 00:02:57,000 10 жылдан кийин, 74 00:02:57,000 --> 00:03:00,000 Линкольн Президенти Homestead Act (Хоумстед Экт) аттуу мыйзамды чыгарат, 75 00:03:00,000 --> 00:03:03,000 ага ылайык Түпкүлүктүү калктын жерлерине көптөгөн ак кишилер отурукташат. 76 00:03:03,000 --> 00:03:05,000 1863: 77 00:03:05,000 --> 00:03:07,000 Минесота жерлеринде Санти Сиу калкынын көтөрүлүшү 78 00:03:07,000 --> 00:03:10,000 38 Сиу адамдарын асып өлтүрүү менен аяктап, 79 00:03:10,000 --> 00:03:13,000 Ошол мезгилдеги Кошмо Штаттарынын эң чоң жазалоолорунан болот. 80 00:03:14,000 --> 00:03:16,000 Бул жазалоо Линкольн Президентинин буйругу болгон да 81 00:03:16,000 --> 00:03:18,000 ал эми ага чейин эки күн мурун 82 00:03:18,000 --> 00:03:21,000 Линкольн укуктарды теңдетүүгө багытталган Emancipation Proclamation (Имансипейшн прокламейшн) аттуу мыйзамга кол койгон болчу. 83 00:03:22,000 --> 00:03:25,000 1866 жылы трансматериктик темир жолун куруу - 84 00:03:25,000 --> 00:03:27,000 жаңы заманы башталат. 85 00:03:27,000 --> 00:03:29,000 Биз бул темир поездер үчүн жана ал жолдорду кыскартыш үчүн 86 00:03:29,000 --> 00:03:32,000 жергиликтүү Лакота калкынын жерлерин тартып алдык. 87 00:03:32,000 --> 00:03:34,000 Келишимдердин дээрлик баардыгы ыргытылган болчу. 88 00:03:34,000 --> 00:03:37,000 Ошондуктан Лакота калкынын үч уруулары чогулуп Кызыл Булут аттуу башчынын астында 89 00:03:37,000 --> 00:03:40,000 Кошмо Штаттардын аскер күчтөрүнө бир топ ирет чабуул жасап аларды утушат. 90 00:03:40,000 --> 00:03:42,000 Мен ушул жерди кайталагым келет. 91 00:03:42,000 --> 00:03:45,000 Лакота Кошмо Штат аскерлерин утат. 92 00:03:45,000 --> 00:03:48,000 1868: Экинчи Форд Ларами келишими 93 00:03:48,000 --> 00:03:51,000 Улуу Сиу Улутунун эгемендүүлүгүнө даана кепилдик берет 94 00:03:51,000 --> 00:03:54,000 жана Лакота элинин Black Hills (Блэк Хилз) аттуу сыйык жерлерине ээ экендигин көрсөтөт. 95 00:03:54,000 --> 00:03:56,000 Жана ошондой эле Кошмо Штат өкмөтү Лакота элине алардын жанында жайгашкан 96 00:03:56,000 --> 00:03:58,000 штаттарындагы башка жерлер боюнча жана уучулук боюнча укуктарын берүүгө сөз берет. 97 00:03:58,000 --> 00:04:00,000 Биз мындан ары Powder River (Паудер Ривер) аймагы 98 00:04:00,000 --> 00:04:03,000 ак адамдардын баардыгына жабылат деген убада бердик. 99 00:04:03,000 --> 00:04:05,000 Ошентип бул келишим 100 00:04:05,000 --> 00:04:07,000 Кызыл Булут менен Сиу үчүн чоң утуш болду. 101 00:04:07,000 --> 00:04:10,000 Чындыгында, Американын тарыхына таянсак жергиликтүү Америка 102 00:04:10,000 --> 00:04:13,000 өкмөтү тарыхта бир гана жолу ушул согушта тынчтык сүйлөшүүлөрун жүргүзүп 103 00:04:13,000 --> 00:04:16,000 душмандын баардык талаптарына баш ийген. 104 00:04:18,000 --> 00:04:20,000 1869: 105 00:04:20,000 --> 00:04:22,000 Трансматериктик темир жолунун салыныша аяктады. 106 00:04:22,000 --> 00:04:25,000 Бул жол менен ары бери көп нерселер ташылып, алар менен кошо көптөгөн аңчылар да 107 00:04:25,000 --> 00:04:28,000 жүргүнчү болушуп буфало, жапайы букаларга, аңчылык кылышып, букалар менен дүн сатуулук боюнча ишкердүүлүктү башташты, 108 00:04:28,000 --> 00:04:31,000 жана аны менен бирдикте Сиу элинин азык-түлүк жана кийим-кечелер булактарын жойушту. 109 00:04:31,000 --> 00:04:33,000 1871: 110 00:04:33,000 --> 00:04:35,000 Түпкүлүктүү калк боюнча бөлүштүрүү актысы 111 00:04:35,000 --> 00:04:38,000 бүтүн түпкүлүктүү калкты федералдык өкмөткө көз карандуу болгон чөлкөмдөргө айландырды. 112 00:04:38,000 --> 00:04:41,000 Буга кошумча атайын аскердик буйрук чыгарылып 113 00:04:41,000 --> 00:04:44,000 батыштык түпкүлүктүү калк резервациялардан тышка чыкпоого тыйуу салынат. 114 00:04:44,000 --> 00:04:46,000 Бүтүндөй батыштык түпкүлүктүү калк ошол убакыттан баштап 115 00:04:46,000 --> 00:04:48,000 азыркы заманга чейин согуштун абактарында калуудо. 116 00:04:48,000 --> 00:04:50,000 1871 жылы биз ошондой эле 117 00:04:50,000 --> 00:04:52,000 келишимдерди түзүү адатын токтоттук. 118 00:04:52,000 --> 00:04:55,000 Анткени келишимдер боюнча уруулар эгемендүү улут катары жашашмак, 119 00:04:55,000 --> 00:04:57,000 бирок биз болсо андайды каалабайт элек; 120 00:04:57,000 --> 00:04:59,000 бизде башкача көз караштар бар болчу. 121 00:04:59,000 --> 00:05:01,000 1874: 122 00:05:01,000 --> 00:05:04,000 George Custer (Жорж Кастер) генералы Лакота жергесинде алтын кендери табылгандыгы тууралуу жарыя салып чыкты, 123 00:05:04,000 --> 00:05:06,000 ал кендер өзгөчө Black Hills (Блэк Хилз) жергесинде болгону айтылды. 124 00:05:06,000 --> 00:05:08,000 Алтындын бар экендиги Лакота улутунун айланасына ак адамдардын көптөгөн санда 125 00:05:08,000 --> 00:05:10,000 көчүп келүүсүнө алып келди. 126 00:05:10,000 --> 00:05:12,000 Кастер Конгресске атайын сунуш киргизет 127 00:05:12,000 --> 00:05:14,000 ага ылайык Лакота менен болгон келишим 128 00:05:14,000 --> 00:05:16,000 тез аранын ичинде токтотулуш кажети белгиленет. 129 00:05:16,000 --> 00:05:19,000 1875: Лакота согушу башталат 130 00:05:19,000 --> 00:05:22,000 анын негизги себеби болуп Форт Ларами келишиминин бузулушу болот. 131 00:05:22,000 --> 00:05:24,000 1876: 132 00:05:24,000 --> 00:05:26,000 Июль айынын 26сы 133 00:05:26,000 --> 00:05:28,000 Лакота кыштагын чалгындоо аракетинде 134 00:05:28,000 --> 00:05:30,000 Кастердин 7чи кавалерия бөлүгү талкаланат да 135 00:05:30,000 --> 00:05:32,000 бул кармаш Little Big Horn (литл биг хорн) - Кичинекей Чоң Мүйүз атына конот. 136 00:05:32,000 --> 00:05:34,000 1877: 137 00:05:34,000 --> 00:05:37,000 Crazy Horse (крейзи хорз) аттуу Лакота элинин мыкты берени жана башчысы 138 00:05:37,000 --> 00:05:39,000 Форт Робинзон жергесинде курчалат. 139 00:05:39,000 --> 00:05:42,000 Кийинчерек ал түрмөдөн өлтүрүлөт. 140 00:05:45,000 --> 00:05:48,000 Ошол эле 1877 жылы биз дагы бир амал таап 141 00:05:48,000 --> 00:05:50,000 Форт Ларами келишдерин одоно буздук. 142 00:05:50,000 --> 00:05:53,000 Биз Сиу башчыларына жана аттуу-баштууларына жаңы келишим тартууладык 143 00:05:53,000 --> 00:05:56,000 ал келишим "сат же ачкалыкта кал" деген маанайда болгон. 144 00:05:56,000 --> 00:05:59,000 Келишимге кол коюуу же болбосо урууң азык-түлүксүз калат деген шарттар коюлат. 145 00:05:59,000 --> 00:06:02,000 Ал келишимдерге калктагы улуулардын 10 пайызы гана кол коет. 146 00:06:02,000 --> 00:06:04,000 Форт Ларами келишимине ылайык 147 00:06:04,000 --> 00:06:06,000 уруунун жок дегенде үчтөн же төрттөн бир бөлүгү 148 00:06:06,000 --> 00:06:08,000 жерлерди берүү үкугуна ээ болгон. 149 00:06:08,000 --> 00:06:10,000 Албетте келишимдеги бул берене жокко салынган. 150 00:06:10,000 --> 00:06:13,000 1887: Dawes (Доуз) актысы. 151 00:06:13,000 --> 00:06:16,000 Резервациядагы жерлерге болгон коомдук менчиктик аяктайт. 152 00:06:16,000 --> 00:06:19,000 Резервациялар 160 акр өлчөмдөгү бөлүкчө жерлерине бөлүнүп 153 00:06:19,000 --> 00:06:21,000 түпкүлүктүү калкка бөлүштүрүлөт жана 154 00:06:21,000 --> 00:06:23,000 калган үлүш жерлердин баары жоюлат. 155 00:06:23,000 --> 00:06:26,000 Ошентип, уруулар миллиондогон акр өлчөмдөгү жерлерден ажырайт. 156 00:06:26,000 --> 00:06:28,000 Америкалык жерге болгон жеке менчик кыялдануу 157 00:06:28,000 --> 00:06:30,000 ушундай амал жолу аркылуу келип 158 00:06:30,000 --> 00:06:33,000 резервация жерлеринен эч нерсе калмайынча бөлүштүрүлө берген. 159 00:06:33,000 --> 00:06:35,000 Биринчиден, көчүп келүү резервацияларды талкалаган, 160 00:06:35,000 --> 00:06:38,000 жана аны андан ары бөлүштүрүп, майдалап сатуу 161 00:06:38,000 --> 00:06:41,000 муундан муунга улана берген. 162 00:06:41,000 --> 00:06:43,000 Көпчүлүк үлүш жерлер 163 00:06:43,000 --> 00:06:45,000 жана резервациялардын чегинде жайгашкан көптөгөн жеке жерлер 164 00:06:45,000 --> 00:06:48,000 азыркы убакта ак фермерлердин колунда. 165 00:06:48,000 --> 00:06:51,000 Кайрадан жакшы жерлерге Уасишу ээ болду. 166 00:06:52,000 --> 00:06:54,000 1890 жыл менин оюмча 167 00:06:54,000 --> 00:06:57,000 бул слайттардын арасында эң маанилүү күн. 168 00:06:57,000 --> 00:06:59,000 Бул жылы Wounded Knee (Вундид Нии) аттуу кандуу коогалаңы болгон. 169 00:06:59,000 --> 00:07:01,000 Декабрдын 29нда 170 00:07:01,000 --> 00:07:04,000 Америкалык аскерлер Вундид Нии булуңунда Сиу эли жайгашкан айылды курчоого алат 171 00:07:04,000 --> 00:07:06,000 жана Big Foot (Биг Фуд) аттуу эл башчысы менен бирдикте 172 00:07:06,000 --> 00:07:08,000 300дөй жергиликтүү калкты аёсуз өлтүрүшөт, 173 00:07:08,000 --> 00:07:10,000 бул кандуу окуяда аскерлер жаңы куралды колдонушат 174 00:07:10,000 --> 00:07:12,000 ал автоматтык октор менен атылган 175 00:07:12,000 --> 00:07:14,000 Hotchkiss (Хотчкис) аттуу мылтыгы болгон. 176 00:07:14,000 --> 00:07:16,000 Бул салгылашуу деп аталган өлтүрүүлөр үчүн 177 00:07:16,000 --> 00:07:19,000 20 Конгресстик эрдик үчүн медалдар 178 00:07:19,000 --> 00:07:22,000 7чи кавалериянын жоокерлерине берилген. 179 00:07:22,000 --> 00:07:24,000 Бүгүнкү күндө, 180 00:07:24,000 --> 00:07:27,000 салгылашуулардын арасындагы эң жогорку дэңгээлде ыйгарылган 181 00:07:27,000 --> 00:07:30,000 бул медал чоң сыйлыктуу медал болуп эсептелет. 182 00:07:30,000 --> 00:07:32,000 Мына ушул медалдардын көпчүлүгү 183 00:07:32,000 --> 00:07:34,000 аялдар менен жаш балдарды ырайымсыз жок кылуу үчүн берилген 184 00:07:34,000 --> 00:07:36,000 мындай сыймыка жетүү Биринчи Дүйнөлүк согушта да, 185 00:07:36,000 --> 00:07:38,000 Экинчи Дүйнөлүк согушта да, 186 00:07:38,000 --> 00:07:40,000 Корея, Вьетнам, 187 00:07:40,000 --> 00:07:43,000 Ирак жана Афганистан согуштарында да болгон эмес. 188 00:07:44,000 --> 00:07:46,000 Вундид Нии кандуу коогалаңы 189 00:07:46,000 --> 00:07:49,000 түпкүлүктүү калктын согушунун аяктоосу деп эсептелет. 190 00:07:49,000 --> 00:07:51,000 Мен кайсыл гана жактагы 191 00:07:51,000 --> 00:07:53,000 Вундид Нииде каза тапкандардын жайларына барбайын, 192 00:07:53,000 --> 00:07:55,000 мен ал жайларды 193 00:07:55,000 --> 00:07:57,000 жалаң гана Лакота же Сиу элдердики эмес 194 00:07:57,000 --> 00:08:00,000 бирок баардык түпкүлүктүү элдердин жайларындай көрөм. 195 00:08:03,000 --> 00:08:05,000 Black Elk (Блэк Илк) аттуу ыйык киши айткан бир сөз бар, 196 00:08:05,000 --> 00:08:07,000 "Ошондо эмне жок болуп, түгөнгөндүгүн 197 00:08:07,000 --> 00:08:09,000 мен билбей калдым. 198 00:08:09,000 --> 00:08:11,000 Азыркы карыган жашымда 199 00:08:11,000 --> 00:08:13,000 артымды кылчайып караганымда 200 00:08:13,000 --> 00:08:15,000 Баягы өтүп кеткен аялдар менен жаш балдардын 201 00:08:15,000 --> 00:08:17,000 ар тарапта үйүлүп жаткан денелери 202 00:08:17,000 --> 00:08:20,000 кадимки эле ийилген капчыгайды бойлоп 203 00:08:23,000 --> 00:08:25,000 мен аларды көргөндө сайды көргөндөй болуп 204 00:08:25,000 --> 00:08:28,000 алардын жаш көздөрү элесимде. 205 00:08:31,000 --> 00:08:34,000 Ошол кандуу жерде дагы башка нерсе түбөлүко жок болгондугун көрөм 206 00:08:35,000 --> 00:08:38,000 ал ажал октору менен кошо жерге көмүлгөн. 207 00:08:39,000 --> 00:08:42,000 Ал адамдардын келечеке болгон тилектери жок болгон, 208 00:08:42,000 --> 00:08:45,000 жана ал тилектер аябай сонун болгон." 209 00:08:46,000 --> 00:08:48,000 Бүгүнкү күн менен 210 00:08:48,000 --> 00:08:51,000 Түпкүлүктүү Америка Элинин тарыхында жаңы доор пайда болду. 211 00:08:52,000 --> 00:08:54,000 Баардык нерселерди ченесе болот 212 00:08:54,000 --> 00:08:57,000 Вундид Нии окуясына чейин жана андан кийин. 213 00:08:57,000 --> 00:08:59,000 Анткени накта ошол учурда 214 00:08:59,000 --> 00:09:02,000 Хотчкисс мылтыктарын мээлеп туруп 215 00:09:02,000 --> 00:09:06,000 Америка өкмөтү түпкүлүктүү калктын укуктарына болгон көз карашын ачык көрсөткөн. 216 00:09:06,000 --> 00:09:08,000 Анткени алар келишимдерден чарчаган. 217 00:09:08,000 --> 00:09:10,000 Алар ыйык дөбөлөрдөн чарчаган. 218 00:09:10,000 --> 00:09:13,000 Алар арбак бийлеринен чарчаган. 219 00:09:13,000 --> 00:09:16,000 Иши кылса алар Сиу элинин келип чыккан баардык ыңгайсыздыктарга чарчаган. 220 00:09:16,000 --> 00:09:19,000 Ошондуктан алар түпкүлүктүү калкка өзүлөрүнүн эрежелерин алып келишкен. 221 00:09:20,000 --> 00:09:23,000 "Мындан ары силер Түпкүлүктүү калк - Indian (Индиан)" болосуңар деп, 222 00:09:23,000 --> 00:09:25,000 мылтыктары менен жергиликтүү калкты мээлеп маселени чечишкен. 223 00:09:30,000 --> 00:09:32,000 1900: 224 00:09:32,000 --> 00:09:35,000 Америкадагы Түпкүлүктүү калктын саны эң төмөнкү дэңгээлге жетти - 225 00:09:36,000 --> 00:09:38,000 250,000 ден аз болду, 226 00:09:38,000 --> 00:09:40,000 салыштырып келгенде бул калк 227 00:09:40,000 --> 00:09:42,000 1492 жылы 8 миллиондогон санды түзгөн. 228 00:09:44,000 --> 00:09:46,000 Шумдук ылдамдыктагы көрсөткүч. 229 00:09:46,000 --> 00:09:48,000 1980: 230 00:09:48,000 --> 00:09:50,000 Америка тарыхындагы эң чоң убакытка созулган сот 231 00:09:50,000 --> 00:09:53,000 Сиу улуту менен Америка Кошмо Штаттарынын ортосундагы мамилени 232 00:09:53,000 --> 00:09:56,000 териштирип Американын Жогорку Соту тарабынан каралган. 233 00:09:57,000 --> 00:10:00,000 Соттун чечими боюнча, Сиу элин резервация жерлерине көчүрүү 234 00:10:00,000 --> 00:10:03,000 жана алардын жети миллион акр чакырымдагы жерлери 235 00:10:03,000 --> 00:10:06,000 жер изилдөөчүлөр жана отурукташа турган көчмөндөр үчүн берилгени 236 00:10:06,000 --> 00:10:08,000 Форд Ларами экинчи келишиминин шарттарынын одоно 237 00:10:08,000 --> 00:10:10,000 бузулгандыгы тууралуу тыянак чыгарган. 238 00:10:10,000 --> 00:10:12,000 Сотко ылайык 239 00:10:12,000 --> 00:10:14,000 Блэк Хилз жерлери мыйзамсыз түрдө тартылып алынган 240 00:10:14,000 --> 00:10:16,000 жана ал жерлердин алгачкы баасына пайыз кошулуп 241 00:10:16,000 --> 00:10:18,000 Сиу улутуна толук бойдон төлөнүшү керек деген тыянак чыгарылат. 242 00:10:18,000 --> 00:10:20,000 Блэк Хилз үчүн төлөнө турган акы катары 243 00:10:20,000 --> 00:10:23,000 Сот 106 миллион гана долларды 244 00:10:23,000 --> 00:10:25,000 Сиу улутуна берилсин деп чечим чыгарат. 245 00:10:25,000 --> 00:10:28,000 Сиу эли ал акчадан баш тартат жана 246 00:10:28,000 --> 00:10:31,000 "Блэк Хилз жерлери сатылбайт" деген ураан менен кала берет. 247 00:10:31,000 --> 00:10:33,000 2010: 248 00:10:33,000 --> 00:10:36,000 Бүгүнкү күндөгү Түпкүлүктүү калктын статистикасы, 249 00:10:36,000 --> 00:10:39,000 Вундид Нии коогалаңынан бир кылым убакыттан кийин, 250 00:10:39,000 --> 00:10:41,000 колониялык мурастын ачыка чыгышы, 251 00:10:41,000 --> 00:10:43,000 зомбулуктап элди көчүрүү 252 00:10:43,000 --> 00:10:45,000 жана келишимдердин одоно бузулган окуяларга бай болду. 253 00:10:45,000 --> 00:10:48,000 Пайн Ридж Түпкүлүктүү калктын резервациясындагы жумушсуздук 254 00:10:48,000 --> 00:10:51,000 85 жана 90 пайыз ортосунда белгиленет. 255 00:10:51,000 --> 00:10:54,000 Америкадагы үй-жай менен камсыз кылуу кызматы жаңы үйлөрдү сала албайт, 256 00:10:54,000 --> 00:10:56,000 ал эми азыркы турган турак жайлар акырындан кыйрап жатышат. 257 00:10:56,000 --> 00:10:58,000 Көпчүлүк эл үй-жайсыз, 258 00:10:58,000 --> 00:11:00,000 ал эми үйлөрү барлар чирип бара жаткан имараттарда 259 00:11:00,000 --> 00:11:02,000 беш үй-бүлөөгө чейин жашашат. 260 00:11:02,000 --> 00:11:04,000 Пайн Ридждеги 39 пайыз үйлөрүндө 261 00:11:04,000 --> 00:11:06,000 свет жок. 262 00:11:06,000 --> 00:11:09,000 Резервациядагы дээрлик 60 пайыз үйлөр 263 00:11:09,000 --> 00:11:11,000 көк дат менен капталган. 264 00:11:11,000 --> 00:11:13,000 Калктын 90 пайыздан көбү 265 00:11:13,000 --> 00:11:16,000 федералдык дэңгээлдеги жакырчылыктан төмөн жашашат. 266 00:11:16,000 --> 00:11:19,000 Пайн Ридждеги туберкулез оорусунун дэңгээли 267 00:11:19,000 --> 00:11:22,000 болжол менен алганда Америкадагы орточу эсептен сегиз эсе көп. 268 00:11:22,000 --> 00:11:24,000 Жаш балдардын өлүм дэңгээли 269 00:11:24,000 --> 00:11:26,000 дүйнө жүзү боюнча эң жогору 270 00:11:26,000 --> 00:11:29,000 жана Америкадагы орто эсептен үч эсе жогору турат. 271 00:11:29,000 --> 00:11:31,000 Жыныстык органдардын шишик оорулары 272 00:11:31,000 --> 00:11:33,000 Америкадагы орто эсептен беш эсе чоң. 273 00:11:33,000 --> 00:11:36,000 Мектептердеги окууларды таштоо дэңгээли 70 пайызга чейин көтөрүлдү. 274 00:11:36,000 --> 00:11:38,000 Мугалимдердин жумуштарынан кетиши дэңгээли 275 00:11:38,000 --> 00:11:41,000 Америкадагы орто эсептен сегиз эсе чоң. 276 00:11:41,000 --> 00:11:44,000 Көпчүлүк учурларда балдар чоң-ата жана чоң-энелердин колунда чоңоюшат 277 00:11:44,000 --> 00:11:47,000 анткени ата-энелер, аракчылыктын айынан, 278 00:11:47,000 --> 00:11:49,000 зордук зомбулук жана негизинен көңүлдөрү жоктугунан 279 00:11:49,000 --> 00:11:51,000 балдарына тарбия берип чоңойта алышпайт. 280 00:11:52,000 --> 00:11:55,000 40 жаштан жогору калктын 50 пайызы 281 00:11:55,000 --> 00:11:57,000 диабет оорусуна чалдыгышкан. 282 00:11:57,000 --> 00:11:59,000 Эркектердин жашоо узактыгы 283 00:11:59,000 --> 00:12:01,000 46 жаш менен 284 00:12:01,000 --> 00:12:04,000 48 жаштардын ортосу - 285 00:12:04,000 --> 00:12:06,000 жана бул көрсөткүч 286 00:12:06,000 --> 00:12:09,000 Афганистан жана Сомалия өлкөлөрүндөй. 287 00:12:10,000 --> 00:12:13,000 Тукум курут кылуудагы акыркы кадамдын бири 288 00:12:13,000 --> 00:12:15,000 баскын тарабынан 289 00:12:15,000 --> 00:12:18,000 мындайча сүрөттөлөт, 290 00:12:18,000 --> 00:12:21,000 "Жараткан, бул адамдар өзүлөрүнө эмне кылып жатышат? 291 00:12:21,000 --> 00:12:23,000 Алар бири бирин өлтүрүп жатышат. 292 00:12:23,000 --> 00:12:25,000 Алар өзүлөрүн өлтүрүп жатышат 293 00:12:25,000 --> 00:12:28,000 биз болсо ошонун баарын карап турабыз." 294 00:12:28,000 --> 00:12:31,000 Бул биздин Америка Кошмо Штаттарын кандайча ээлеп алганыбызды сүрөттөйт. 295 00:12:31,000 --> 00:12:33,000 Маңдайга жазылган 296 00:12:33,000 --> 00:12:35,000 тагдырдын түйшүгү. 297 00:12:35,000 --> 00:12:37,000 Абактагы адамдар дагы эле 298 00:12:37,000 --> 00:12:39,000 бул согуш абагында төрөлүшөт 299 00:12:39,000 --> 00:12:42,000 ал эми сакчылар болсо эчак кетишкен. 300 00:12:44,000 --> 00:12:46,000 Шилинген сөөктөрдүн калдыгы калган бул жерде 301 00:12:46,000 --> 00:12:49,000 жиликтин ырас жактары желгенден кийин. 302 00:12:51,000 --> 00:12:53,000 Көп замандар мурун, 303 00:12:53,000 --> 00:12:55,000 бир топ окуялардын себеби 304 00:12:55,000 --> 00:12:58,000 мага окшогон адамдардан, уасишу тарабынан келип чыккан, 305 00:12:58,000 --> 00:13:00,000 алардын кызыкканы жергиликтүү калктын жериндеги жер менен суу 306 00:13:00,000 --> 00:13:03,000 жана алтын болгон. 307 00:13:03,000 --> 00:13:05,000 Ошол окуялардын уландысы 308 00:13:05,000 --> 00:13:07,000 бүгүнкү күнгө чейин бүтө элек. 309 00:13:07,000 --> 00:13:11,000 Ал окуяларга тиешебиз жок болгонубуз менен азыркы басымдуулук кылып турган коомчулук катары 310 00:13:12,000 --> 00:13:15,000 1890 жылкы коогалаңы, 311 00:13:15,000 --> 00:13:18,000 же болбосо 150 жыл мурунку келишимдердин бир нече ирет бузулганы, 312 00:13:19,000 --> 00:13:21,000 сиздер үчүн төмөнкү суроолорду туудурбай койбойт, 313 00:13:21,000 --> 00:13:24,000 жогоруда айтылган статистикалар боюнча кандай оюңар бар? 314 00:13:25,000 --> 00:13:27,000 Бүгүнкү күндөрдү чагылдырган бул сүрөттөрдөгү 315 00:13:27,000 --> 00:13:29,000 элдин эзилгендиги менен 316 00:13:29,000 --> 00:13:31,000 азыркы айтылган тарыхтын кандай байланышы бар? 317 00:13:31,000 --> 00:13:33,000 Бул тарыхтын канчалык өлчөмүн 318 00:13:33,000 --> 00:13:35,000 бул биздин тарых деп моюнуңуздарга алаласыздар? 319 00:13:35,000 --> 00:13:38,000 Бул айтылган тарыхта сиздин канчалык жоопкерчилигиңиз бар? 320 00:13:39,000 --> 00:13:42,000 Бир нерсе кылса болот, абалды оңдосо болот деген ойлор мага бир нече жолу айтылган. 321 00:13:42,000 --> 00:13:45,000 Мен да ойлойм абалды оңдош заман келди деп. 322 00:13:45,000 --> 00:13:48,000 Анткени мен көп убакыт бою 323 00:13:48,000 --> 00:13:50,000 көргөнүмө күбө болуп эле, 324 00:13:50,000 --> 00:13:53,000 көргөнүмдү сүрөттөргө тартып эле жүрдүм. 325 00:13:53,000 --> 00:13:56,000 Анткени бир чечимге келүү өткөн заманда калып калгандай сезилет. 326 00:13:56,000 --> 00:13:58,000 Мага ал заманга барууга замандан заманга көчүп жүрүү 327 00:13:58,000 --> 00:14:00,000 машинасы эле керек болуп калды. 328 00:14:00,000 --> 00:14:02,000 Түпкүлүктүү калктын кыйналганын 329 00:14:02,000 --> 00:14:05,000 чечүү оңой иштерден эмес. 330 00:14:06,000 --> 00:14:08,000 Андай иш кадимки эле 331 00:14:08,000 --> 00:14:10,000 Хаити элине жардам берүү же, 332 00:14:10,000 --> 00:14:13,000 СПИД оорусунун бүтүшүнө, же ачкачылык менен күрөшүү сыяктуу гана эмес. 333 00:14:13,000 --> 00:14:15,000 Ал маселени чечүү, 334 00:14:15,000 --> 00:14:18,000 басымдуулук кылып турган коомчулук үчүн жөнөкөй эле 335 00:14:18,000 --> 00:14:20,000 50 доллардык чекти берип коюуу эмес 336 00:14:20,000 --> 00:14:22,000 же чиркөө жардамы аркылуу барып 337 00:14:22,000 --> 00:14:24,000 үйлөрдү графити краскасы менен боёп кетүү эмес, 338 00:14:24,000 --> 00:14:26,000 же кембагал үй-бүлөөдөн келип берилген 339 00:14:26,000 --> 00:14:29,000 андан ары кийилбей кала турган кийимдерди берип коюуу эмес. 340 00:14:29,000 --> 00:14:31,000 Биз эми кайсы жака бара жатабыз? 341 00:14:31,000 --> 00:14:34,000 Караңгыда айла таппай калгандай олтура береликби? 342 00:14:34,000 --> 00:14:36,000 Америка Кошмо Штаттары 343 00:14:36,000 --> 00:14:38,000 күн сайын 344 00:14:38,000 --> 00:14:40,000 одоно түрдө 345 00:14:40,000 --> 00:14:42,000 1851 жана 1868 жылдардагы 346 00:14:42,000 --> 00:14:45,000 Лакота менен болгон Форд Ларами келишимдерин бузуп келүүдө. 347 00:14:45,000 --> 00:14:47,000 Бүгүнкү чакырыгым - 348 00:14:47,000 --> 00:14:50,000 менин TED деги тилегим аркылуу айтылат: 349 00:14:51,000 --> 00:14:53,000 Келишимди сыйлагыла. 350 00:14:53,000 --> 00:14:55,000 Блэк Хилз жерлерин кайра кайтып бергиле. 351 00:14:55,000 --> 00:14:58,000 Ал жерлерди эмне кыла тургандыгы Түпкүлүктүү калктын өзүнүн иши. 352 00:15:00,000 --> 00:15:06,000 (Кол чабуулар)