Дене жана күнөө өл Машайак менен өл, бүттү. Машайак менен тирил. Бүттү. Ыйык Рух, кел. Ыйык Рух, кел, азат кыл аны. Машайак менен өл. Ыйык Рух, дагы. Ыйык Рухуң менен кел. Мени толтур. Жөн эле сөздөр чыгып баштады. Теңир рахмат! Мен эмне кылып жаттым? - Эмне? Мен эмне кылып жаттым? Эмне кылып жаттым? Сен тилдерде сыйынып жаттың. Ооруп жатабы? - Жок. Такыр ооруган жокпу? - Жок. Ыйсанын ысымынан, Сага рахмат. Оомийн. Бүттү! Аллелуя! ..бир айдан ашык азыр ал шок болуп жатат. Бул Ыйса. Мен мындай нерселерди телевизордон көрчүмүн бирок кээде ишенчү эмесмин, бирок бүгүн мен ишенем анткени бул мени менен болду. Оору, азыр кет. Сен эми мындай кыла аласың. Өйдө бол. Айыкты, туурабы? - Ооба. Рахмат Ата. Оомийн Эми сезип көр. Айырмасын сезип жатасыңбы? Чын эле, азыр оорубай калды. Уау! Кудай айыктырганыңа рахмат, оору азыр жок болот. Эми башыңды сезип көр. Жок! Эч бир оору сезилген жок, байке. Азыр оору жок, Ооба, азыр оору жок. Биз бүгүн жыйын жаңы реформациянын алдында турабыз. Бул реформация аркылуу, биз Элчилер Иштери китебинен эмне окусак ошого кайтып келебиз. Бүгүнкү жыйынды карасак, Элчилер иштери китебиндеги жыйындан таптакыр башкача Анткени биздин тарыхыбыз 2000 жыл, ошол убакытта жыйын кайра кайра өзгөрүүгө дуушар болду. Биз Элчилердин Иштери китебиндеги жыйындын тирүү дене болгонун көрөбүз. Ал Ыйык Рух аркылуу жетектелген ишенүүчүлөрдүн денеси болгон. Жыйын бул кыймыл болгон, шакирттердин кыймылы болгон. Машайакчылык Грецияга келип философияга айланды. Ал Италияга келип уюмга айланды Ал Европага келип маданиятка айланды. Ал Америкага келди жана бизнеске айланды. Эгерде сен денени алып жана аны менен бизнес жасап баштасаң ал сойкулук деп аталабы? Бүгүн жыйын менен дагы биз ушундай кылдык. Биз Машайактын жыйынын, Машайактын денесин сойкуга айланттык. Ошондуктан бизде реформация болуусу керек, жана биз тереңдөөбүз керек. Мурда доктрина жөнүндө сүйлөсөк эми, Рух жөнүндө сүйлөшөбүз, мурда жалпы система жөнүндө сүйлөшсөк эми жыйын системасы жөнүндө сүйлөшөбүз. Эмне үчүн биз жыйынды азыркыдай өткөрүп жатабыз? Биз Элчилер Иштери китебинен эмне окусак ошого кайтып келе турган убакыт келди Кудай азыр бизди башталышка кайтарып жатат. Биз кандай гана Кудуреттүү Кудайга кызмат кылабыз. Биз кандай гана Кудуреттүү Кудайга кызмат кылабыз. Периштелер баш ийишет. Асман жана жер Аны сүйүшөт. Биз кандай гана Кудуреттүү Кудайга кызмат кылабыз. Биз кандай гана Кудуреттүү Кудайга кызмат кылабыз. Периштелер баш ийишет. Асман менен жер Аны сүйүшөт. Элчилердин Иштери китеби эмнеси менен Ыйык Китептеги башка китептерден өзгөчөлөнөт? Ал китеп, кантип баруу керектигин жана кантип шакирт даярдоо керектигин бизге көрсөткөн Ыйык Китептеги жалгыз китеп. Жакшы Кабарларды окусаң алар бизди Элчилердин Иштери китебине багыттайт баарынан кызыктуусу, төрт Жакшы Кабар айкаш жыгачтан кийин болжолу менен отуз жылдан кийин жазылган болсо да алар айкаш жыгачка чейинки гана окуяны жана убакытты камтыйт. Биз ал жерден Машайакчынын жашоосун толук көрө албайбыз себеби Машайак өлө элек, Ал көмүлө элек жана жана тирилип Өз Рухун жөнөтө элек. Ошондуктан ал жерден алар кандайча барганын жана шакирттерди даярдаганын көрө албайбыз. Себеби Ыйык Рух бериле элек болчу жана барып, бул иштерди ийгиликтүү аткаруу үчүн биз күчкө ээ боло элек болчубуз. Мен ойлойм, Ыйык Рухту тааныбагандарга ушул нерсе көп коркунуч туудурат. Себеби Ыйса баргыла жана күткүлө деген Ал айткан, "Менин Рухум келгенде күч аласыңар ошондо менин күбөлөрүм болосуңар". Бул чындык! Бул чын эле чындык! Омийн, Бул чындык! Алеллуя. - Ал жаңы эле айыкты. Кереметтүү Ыйса. - Рахмат Ыйса. Карачы, ал басып жатат. Мен билем, көптөгөн жыйындардын дубалдарында "Ыйса кечээ, бүгүн жана түбөлүкө ошол эле" деген белги жазылып турат. Биз ишенүүчүлөр катары буга ишенебиз. Ыйса кечээ, бүгүн жана түбөлүкө ошол эле. Эгерде Ал ошол эле болсо, анда Ыйык Рух дагы ошол эле Ыйык Рух. Эгерде Ыйык Рух дагы ошол эле Ыйык Рух болсо, анда Элчилер Иштериндеги биз окуган нерселер да ошол эле бойдон. Ыйса Машайактын күчү аркылуу ал азыр айыгат. Бул адам жаңы эле бул айымды айыктырды. Ал өзү таң калып жатат. Аткарылды. - Аткарылды. Бүттү. Анын ыйы менен бүттү. Мен минтип басчумун себеби мындан тез баса алчу эмесмин. Азыр эмне кыла аласың? Тууган, мындай кылыңызчы. Мен мындай кыла алчу эмесмин. Мындай кыла алчу эмесмин Муну да кыла албайт элем Мындай кылганда оорудан кыйкыраар элем. Бардык даңк Анын ысымына. Элчилер Иштери китебинен биз биринчи машайакчыларды көрөбүз Машайакчы эң алгачкы шакирттери. Алар ушундай кылышкан, шакирт даярдап жашашкан. Алар адамдарды Ыйсага алардын үйлөрүнөн жана көчөдөн, кайда болсо ошол жерден алып келишкен жана Жакшы Кабар бүт дүйнөгө тарап, аны каптап жатты. Миңдеген, миңдеген жана миңдеген адамдар Ыйса Машайака ишенип калышты чөмүлүштү жана Ыйык Рухту кабыл алышты. Бирок тарыхты карасак, бир убакыт келгенде Машайакчылык уюмга айланып, көп өтпөй мамлекеттик динге айланды. Иерархия жана уюмга айланган жыйын реформацияга муктаж эле ошондо, Лютер, Кальвин жана Цвингли келди. Алар бизди чыныгы Жакшы Кабарга, Элчилердин Иштери китебине кайтарууга аракет кылышты. Бирок ишке ашкан жок Бизде дагы эле имараттар бар Бизде дагы эле ыйык кызматчы бар. Адамдар дагы эле белгилүү күндөрдө, атайы имараттарда чогулуп жатышат, иерархия жана адамдар жыйынга курмандык алып келүү менен Кудайга жагынууну каалашат. Лютер жыйынды Элчилер Иштери китебинде эмне жазылса ошого кайтара алган жок. Ыйык Китеп өмүр китеби. Аны изилдегенде эле ал өмүр китеби болуп калбайт. Аны жашаганда гана ал өмүр китеби болуп берет. Мунун колундагы оору кет деп буюрам Ыйсанын ысымынан. Эми кайра аракет кылып көр. Кетти. Бул эмне? Ыйсанын ысымынан, азыр. Оомийн. Текшер. Кетти. Оомийн. Ыйсанын ысымынан азыр кет. Эми текшер. Сөөктөр, Ыйсанын ысымынан оңол мен буйрук берем. Текшер. Бул Рэйкиге окшошпу? - Жок, бул Ыйса. Ыйса, Рэйки эмес. - Жок, жок. Энергия эмеспи? Кудай. Бул энергия эмес. Рахмат, Ыйса. Азыр болгон нерсе жөнүндө оюң кандай? Сонун. - Абдан сонун Биз жерге бир максат менен келгенбиз жана төрөлгөнбүз. Ал максат Кудайды издөө жана табуу. Биз Аны издебейбиз биздин көйгөй ушул. Аны издебегендиктен, Аны таба албайбыз. Ыйса жөнүндө уктуң беле? Биз Ыйса Машайактан 2015 жылдан кийин жашап жатабыз. Кудай чындык жана бизди Өзүнүн шакирти болууга чакырды. Ыйсанын шакирттери дүйнөгө Анын чындык экенин көрсөтөт. Мен 1995 жылы Апрельдин 5 де тобо кылдым. Мен күнөө кылганымды түшүнүп жашоомду Ыйсага бердим ошондо денеме жарык келди, мен полго жыгылдым жана Кудай менен жолуктум. Качан сен жогорудан төрөлгөн машайакчы болгондо Кудайдын Руху келип ичиңде жашайт ошондо Ыйса кылган нерселерди кыла аласың. Ыйык Китеп бизге сөздү жөн гана угуучулар эмес бирок аткаруучулар болгула деген. Эгерде биз сөздү угуучулар гана болуп аны аткарбасак, биз өзүбүздү алдап жатабыз. Анда биз күзгүдөн өзүн-өзү карап ошол замат көргөнүн унутуп калган адамга окшош болуп калабыз. Ар бир жекшембиде миллиондогон машайакчылар жыйын чогулуштарына келишет жана Кудайдын Сөзүн угушат. Бирок ал жактан чыгаары менен алар эмне уккандарын унутуп калышат. Пастор катары акыркы эки жыл Менде руханий ачкачылык болду. Мен Элчилер Иштери китебин толук окудум Элчилер Иштери китебиндеги нерселер менин жыйынымда, менин жашоомдо же жетекчилерде, деги эле жыйын структурасында таптакыр экендигин көрүп абдан ачууландым. Биз адамдарды айыктырган жокпуз. Биз адамдарга кол коюп үйүңөргө баргыла дедик алар мүмкүн айыгат, мүмкүн айыкпайт дедик. Бирок Элчилер Иштери китебинен шакирттер бул нерселерди күн сайын кылышканын көрдүм. Мен да ушундай кылуу керектигин сездим Эки жылдай ушул нерсени абдан самадым, мен да ушул нерсеге чакырылганымды сездим, бирок бул нерселерди кыла албадым. Жыйындагы система өзгөрүүсү керек. Биз имаратка байланган, жекшембиде гана жыйынга келген уюмду токтотушубуз керек. Адамдар жыйындарда жылдап отурушат алар өзгөчө кызматчы келип алар үчүн сыйынып эми сенде майлоо бар деп айтуусун күтүп отурушат. Сен сыртка чыгып бул нерселерди Кудай үчүн кылсаң болот. Же болбосо адамдар кимдир бирөө келип алардын жөндөмдүүлүктөрүн көрөт деп күтүп отура беришет. Ыйык Китеп бизге күтүп отура бергиле деп айткан жок. Ыйса дагы бизге мындай кылгыла деп айткан жок. 1995 жылы наабайчы болуп иштечүмүн жана Кудай жөнүнүдө эч нерсе билчү эмесмин. Ыйык Китеп жөнүндө да эч нерсе билчү эмесмин. Мен Данияда жашаган, Лютеран жыйынында чөмүлгөн жаш жигит элем. Он төрт жашымда Лютеран жыйынына мүчө болдум. Бирок бул каада-салтка айланды. Бүгүн дагы көп адамдар үчүн салт. Бир жолу түндө асманды карап айттым "Кана Кудай, барсыңбы? Эгерде бар болсоң, кел мага. Мен Сени тааныгым келет." Көп өтпөй эле жакшы кабарды уктум анан 1995 жылы 5 - апрельде кечки саат 9:30 да мен тобо кылдым жана бардыгын Ыйсага бердим. Бирок мен жыйынга келе баштадым. Анан менен жыйындагы адамдарга окшошо баштадым. Мен машайакчылык бул Кудай менен таанышуу, анан жыйынга келип ар бир жекшембиде отуруу деп ойлодум. Бирок менин жүрөгүмдөн улам-улам тынчык кете баштады. Себеби ойлондум "Кантип эле жыйынга келип жекшембиде эки саат отуруп анан бирөөнүн сөзүн угуу менен эле бүтүп калсын, мындан да жогору бир нерсе болуу керек." Бир жолу мен Элчилер Иштери китебин баштадым, ал жерден алгачкы машайакчылар, алардын жашоосу жөнүндө окудум. Алар кылган иштер менин иштериме окшош эмес эле. Алар кайсыл жерге келишсе, ошол жерде адамдардын жашоолору өзгөрүп жатты. Аны көргөндө андан бетер көңүл чөктү, себеби мен көп жылдан бери машайакчы элем. Ошондой болсо да мен эч качан оору айыктырып же жин кууп көргөн эмесмин. Мен эч качан бирөөнү Ыйсага алып келген эмесмин. Элчилер Иштери китебиндеги жыйын башынан өткөргөн өмүрдү эч качан башымдан өткөргөн эмесмин. Бир күнү көңүлүм чөгүп айттым, "Кудай мен Сага бардыгын берем. Мен ушул өмүрдү көргүм келет." Ошондо мен бул өмүрдү улам, улам көрө баштадым. Бирок башында бир көйгөй болду мени шакирт кылып даярдаган эч ким жок эле. Ыйса сыяктуу "Мени ээрчи, мен сени адам кармоочу кылам." Мени ээрчи мен сага ооруларды кантип айыктырууну, кантип жакшы кабар таратууну көрсөтөм, мен сага Кудай Падышалыгында кантип таасирдүү болууну үйрөтөм деген эч ким жок эле. Эч ким мындай кылган жок. Бирок азыр артыкчылык бар, биз азыр адамдарды үйрөтүп жатабыз. Эгер биз үйрөнгүбүздү кийинки муунга өткөрсөк жана алар муну кылууну улантышса, алар дагы муну кийинки муундун шакирттерине өткөрүп беришсе, кыска убакыттын ичинде Ыйса сыяктуу жер үстүндө Ыйса кылган иштерди кылган, Андан да улуу иштерди кылган көптөгөн шакирттер болот. Себеби Ыйса Атага кетти. Мен силер үчүн эң жакшысын даярдап койдум. Мен силер эс ала турган жай дайындадым. Мен силер үчүн эң жакшысын даярдадым. Мен силер эс ала турган жай дайын кылдым. Ал жайда, мен убада кылган жайда ашып ташыган өмүр бар. Азыр биз досубуз Симон Адалдын сөзүн угалы. Швед тилинде. Шведтер бали, бали! Ата биз Сен үчүн бүтүн Европаны, Данияны жана Норвегияны, деги эле бүткүл дүйнөнү багынталы! Мен он бир жыл мурда машайакчы болуп калдым. Мен Швед мамлекеттик жыйынына келдим. Мурда машайакчы эмес болчумун. Кийин мен жана менин аялым башка шаарга көчтүк. Ал жерден абдан чоң жыйынга келдик. Бизге жыйындагы жакшы кабар таратуу кызматына жетекчи болуу кызматын беришти. Биз элге мисал болушубуз керек эле бирок мен эч качан эч кимди Ыйсага алып келген эмесмин жана эч кимди өз алдымча чөмүлдүргөн эмесмин. Мен сыйынганда бирөө айыгып кеткенин көзүм менен өмүрүмдө көргөн эмесмин Бир жолу кечинде кафеге бардым анан жаныма бир киши келип айтты, "Мен сенин кылгандарыңды көрүп жатам, мен машайакчы болгум келет. Эмне кылышым керек?" Ошондо мен айттым, "Макул эртең сени алып кетем анан жыйынга барабыз." Эртеси мен аны жыйынга алып келдим аны пасторго алып келдим. Пастор аны куткарылууга жетектеди. Ошондо мен бир нерсе туура эмес экендигин түшүндүм. Себеби мен Ыйык Китепти көп окугам, эки жыл колледжи да окудум. Ыйык Китепте эмне жазылган билем, ошондуктан бул нерселерди мен кылышым керек болчу. Ооруларга мен кол коюп сыйынышым керек эле жана алар айыгышы керек эле. Элдерди мен чөмүлдүрүшүм керек эле, бирок мен аны кылган жокмун. Бул туура эмес болчу. Адамдар мага калп айтып жатышат деп алардын айткандары чындык эмес деп ойлоп баштадым Ошондо көчөгө чыга баштадым. Күнүгө эртең менен туруп Теңирге сыйынып баштадым. Аба-ырайы бузулуп кээде жамгыр кээде кар жаады Ошого карабай көчөгө чыктым, себеби Теңирге ыйлап жаттым. Мен Сени тааныгым келет. Мен чыныгы өмүрдү көргүм келет. Бир күнү жумушта элем жана машайакчылардын газетасын окуп жаткам. Ал жерде даниялык адам соода борборунда оорулуу адамдар үчүн сыйынганы жана алардын айыгып жаткандыгы тууралуу кичинекей макала көрүп калдым. "Бул эмне?" дедим. Мен бул макаланы мурда көргөм бирок бул менин жүрөгүмө тийди, бул Кудайдан экенин сездим. Мен ага телефон чалдым жана ал жооп берди. Ал мен сыяктуу эле жөнөкөй адам экен. Биз сүйлөштүк, башымдан өткөндөрдү ага айтып бердим Ал, бул керемет, биз жолугушубуз керек деп ойлоптур. Эки досумду алып, биз Данияга жөнөдүк. Ал сурады, "Эмнеге Данияга келдиңер?" "Айыгууларды көргүбүз келет" дедик. Ал айтты, "Макул, он беш мүнөттөн кийин биринчи адамдын айыкканын көрөсүңөр." Мен айттым, "ооба, ооба." Буга өзүм ишене албай турдум. Менин жашоомдо да ушундай болобу? Биз көчөгө чыктык жана топтошкон бандиттерге келдик алар 25, 30 жаштарда эле. Бир кыздын тизеси көп жылдан бери ооруйт экен. Ал мага кыздын тизесине колуңду кой жана ооруга кет деп буйрук бер деди. Менин көздөрүм караңгылашып кетти, абдан сүрдөдүм. Менде ишеним да жок эле деп ойлойм. Макул сыйынам дедим. Мен сыйынганда ал кыз секирип турду жана кыйкырды "Эмне?" Ал айыгып кетти. Элдин баары аң-таң болуп жатты. Бул менин жашоомду өзгөрттү. Мен түшүнүп, бул чындык, бул чындык деп жаттым. Мага бул жетиштүү болду. Мен бир адам үчүн сыйындым, анан өзүм улантып кеттим. Биз машайакчылар шакирт даярдоого чакырылганбыз. Биз "от алдыруу" деген сөздү колдонуп баштадык. Эгерде сен мотоциклды жүргүзүүнү кааласаң аны биринчи от алдыруу керек. Мотоцикл от алгандан кийин аны башка жерлерге айдасаң болот. Ошол сыяктуу эле биз, машайакчылар да Ыйса бизди чакырган иштерди кылуу үчүн биринчи от алышыбыз керек. Качан биз машайакчы ооруларды айыктыруусу үчүн аны от алдыраарда биз аны көчөгө алып чыгабыз анан "Бизди ээрчи." дейбиз. Анан биз кантип айыктыруу керектигин ага көрсөтөбүз. Алар бир жолу айыктыргандан кийин, өздөрү улантып кете алышат. Бүт денем, өзгөчө буттарым ооруп жатат деп айтып жатасың туурабы? Ооба. Азыр биз сыйынабыз; сен көрөсүң. Мен буйрук берем, оору азыр кет. Бүт дене азыр айык. Мен буйрук берем, денени таштап кет азыр. Бүт дене, азыр. Азыр айыгуу үчүн сыйынам, Ыйсанын ысымынан. Оомийн. Кыймылдат, кыймылдатып көр. Эми сезип көр. Ооруган жок. Ооруну сезип жатасыңбы? Жок. - Кеттиби? Ооба. Адамдар таңданып жатышат. Аркадагы оору азыр толук айык. Эңкейип көр, сезип көр. Кайра тур. Чын эле. - Кандайча? Чын эле. - Оюмдан чыгарган жокмун. Сезип жатам. Оору кетти. - Оо, Оо Кудай. Бул дүйнө жүзүнө тарап жатат. Өткөн жылы биз жүз миңдеген адамдардын айыкканына күбө болдук. Бул от алуудан өткөн жана көчөгө чыгып башкаларды айыктыра баштаган катардагы эле машайакчылар аркылуу болду. Алар азыр башкаларды Ыйсага алып келип жатышат. Өткөн жылы миңдеген адамдардын Машайака келгенин көрдүк. Бул керемет. Мен Стокгольмго келип бул бир тууган менен тааныштым ал көп адамдар менен жүргөн, аялы да жанында болчу. Анан биз чыктык. Ал бир жери ооруган адамды токтотту ал ага колун койду, ошондо ал адам айыкты. Мен таң калып, уау керемет дедим. Бул адам айыкты, эми бул жөн эле YouTube дагы видео эмес. Эми мен мунун өз көзүм менен көрүп жатам. Айыккан адамдын таң калуусун көрүп мен да аң-таң болдум. Анан бир аял келди, анын ашказаны ооруп жаткан экен. Бул адам мени от алдырып жаткан Ошондуктан ал айтты эми сенин кезегиң, колуңду кой анан ооруга кет деп буйрук бер. Мен колумду койдум мен сүрдөп турсам да колумду койдум анан буйрук бердим, "Ыйсанын ысымынан оору кет." Мен колумду алаарым менен, ал аялдын жүзүн көрсөңөр гана сени муну кантип кылдың деп сурады ал. Кантип? Тамаша кылып жатасыңбы? - Жок, биз тамаша кылган жокпуз Бул чындык, ошондуктан кылып жатабыз. Жок. Таң калычтуу. Ыйса сени айыктырды, мен эмес. Уау, мен мурда мындайды көргөн эмесмин. Менин кыялым орундалды. Бул менин жашоомдогу эң жакшы күн болду. Көптөн бери самап жүргөн нерсеге мен азыр катыша алам. Үйгө бара жатканымда кубанычка толуп бара жаттым. Үйгө автобус менен бара жаттым. Үйгө келгенде, үйгө тынч отура албай койдум. Шаарды айланып адамдар үчүн сыйынып жүрдүм ошол эле күнү кыздарга жолуктум, алар үчүн сыйындым алар дагы ошол замат айыгыгып кетти Мен абдан таң калдым. Бул Стокгольмдо болуп, ошол жерде эле калган нерсе эмес. Ал улантылып жатат. Ошол күндөн баштап мен күнүгө көчөгө чыгам. Күн сайын көчөгө чыгуу менен миңдеген адамдардын айыкканын көрдүм. Бул мени өзгөрттү. Толугу менен өзгөрттү. Бул таң калычтуу! Бутуэду кыймылдат. Мен эч нерсе сезген жокмун. Кеттиби? Оорубай калды. - Жок Оорубай калды Оорубай калды. Таң калычтуу бекен? - Ооба. Ыйса сени айыктырды. Эңкейип сезип көр. Айыкты, Денис. - байкап көр, байкап көр. Өзүңдү кандай сезип жатасың? - абдан сонун. Бардык оору кеттиби? - Бардык оору толук кетти. Кудай көрүп турат го. Рахмат Ыйса. Муну мен күткөн эмесмин. Анан айттым, ушундай болуш керек болчу. Мен мындайды видеолордон гана көргөм. Бирок эч качан өзүм кылган эмесмин. Кудай ушундай кылаарын толук күткөм. Кудай мени ушуга колдонот. Бул жерде менин максатым ушул. Бели ооруган бир кыз үчүн сыйындык. Ага кандайдыр бир операция жасалган. Оору азыр кет. Бел ордуна келсин азыр. Ыйсанын ысымынан. Сен бир нерсе сезип жатасыңбы билбейм. Ой кытырап жатат. - ураа, бир нерсе болду. Ал Ыйык Рухту кабыл алды анан Кудай ал менен өзгөчө жолукту. Ал ыйлап жатты. - Биздин көзүбүзчө жерге жыгылды. Толтур аны. Дагы, дагы. Ыйык Рух сени каптап жатат. Оозуңду ач. Ыйык Рух, дагы, дагы. Толтур аны. Сен жаңы эле Ыйык Рухка чөмүлдүң. Ал бул жерде, ал бул жерде. Бул сен үчүн жаңы жашоонун башталышы. Бул жаңы башталыш. Кудай азаттык үчүн ырахмат. Кудай жаңы башталыш үчүн рахмат. Анын жанында туугандары бар эле, алар жеңеси жана балдары болчу. Алар эч нерсе болбогондой турушту; көчөдөн өтүп бара жаткан адамдар, "Эмне болуп жатат?" деп сурап жатышты. Анан мен ойлоно баштадым, Бул кыз менен болгон нерсе абдан сонун. Бүгүн өзү менен эмне болоорун бул кыз билген жок. Ал ордунан турганда тапткыр башка адам болуп калды. Кудай аны ичинен өзгөрттү. Мен жакшы элемин, Лилия, мен жакшы эле. Жакшы. Жакшы эле эмес, сонун. Сонун. Кудай тирүү экенин билдиргиси келет. Ал Өзүнүн ким экендигин бизге көрсөткүсү келет. Көрдүңбү, бул Кудай. Ушул жерде. Имараттын ичинде эмес, Кудай ушул жерде жана Ал сенин жашооңо катышкысы келет. Ал сенин жашооңо катышууну каалай. Биз андан ары жөнөдүк. Анан биз Дени деген адам үчүн сыйындык.